Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Атамбаев өзбек вице-премьер-министрин кабыл алды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев.

18-январда Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды. Президенттик аппараттан маалымдашкандай, жолугушууда Атамбаевге Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча позицияларды тактоо жаатында биргелешкен иштер тууралуу маалымат берилди. Бул ишти ылдамдатуу боюнча макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген болучу.

Жолугушууда мындан тышкары кыргыз-өзбек кызматташтыгы да талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана жакшы коӊшулук мамилелерди бекемдөө чараларын ар тараптуу колдоо жанданганын канааттануу менен белгиледи.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков да катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG