Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

24-мартта Март ыңкылабына беш жыл болду. Бул күнгө байланыштуу ыңкылаптын ана башында тургандардын бири, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Үсөн Сыдыковго "Азаттык" бир катар суроолор менен кайрылды.

-Үcөн мырза, сиз президенттик администрация башчысы болуп турган кездеги 24-мартты майрам күн деп таануу демилгеси кезинде парламенттин катуу каршылыгына кабылды эле. Беш жылдан кийин ыңкылап тууралуу эмне айта аласыз?

- Биринчиден, революция 1995-жылдан башталган. Маркум Апсамат Масалиев тирүү мезгилинде, 1995-жылкы шайлоодо жеңген жыйынтыгын Аскар Акаев бурмалап, өзүнүн пайызын көбөйтүп, формалдуу президент болгон күндөн баштап күрөш башталган. Мына ошол күрөш 2000-жылы, андан кийин 2002-жылы ырбап, өзүңөр билесиңер, мен камалып чыккам. Акаев режимине каршы күрөшкөн Бекназаров жана башкалар да отуруп чыгышкан.


Революция жөн эле болбойт, асфальтта жүргөн 3 миң, 5 миң киши менен революция жасаш кыйын. Досбол Нур уулу экөөбүз 2004-жылы бүткүл Кыргызстандын региондорунда болгонбуз, эл менен жолукканбыз, кээ бир жерлерде 3 миңдеген кишилер чогулган. Мына Дастан Сарыгуловду “сиз дагы президенттин жакын кишиси элеңиз, эми азыр таарынып калдыныз, биз менен жүрүңүз” деп чогуу жүргөн күндөр болгон. “Эмне үчүн сиз Сыдыков менен Нур уулу Досболго кошулуп калдыңыз” деген суроолор болгон Дастанга. Ошондо Дастан айткан, бийликтин бүгүнкү ишине мен дагы ынанбастан, ушул кишилер менен бирге жүрөм деп. Мына ушундай аракеттердин жыйынтыгы 2005-жылы бүткүл элдик революцияга чейин өсүп жеткен.

- Сизди ыңкылаптын атасы деп айтып жүрүшөт. Мындай сөз кайдан чыкты?

Мен эч качан ыңкылаптын атасымын деп өзүмдү көтөрбөйм. Революцияны эл жасады. Жанагыдай сөздөр ушундан болсо керек: ыңкылап боюнча көбүрөөк эл ичинде сөз кылган мен болчумун, Нур уулу Досбол ошонун ичинде. Элдин арасында жүрүп элди ынандырганга жасаган анча-мынча мээнетибиз, эмгегибиз болушу мүмкүн.

Бизге 2004-жылдан, 2005-жылдан баштап Курманбек Бакиев кошулду, анан бир кишинин тегерегинде бололу деген саясатты жүргүздүк. Ошондо Курманбек Салиевичтин тегерегине баарын чогулттук. Элге рахмат. Жалпы Кыргызстандын эли мурунку бийликтин жүргүзгөн ишине канаттанбай, бүгүнкү бийликти алып келүүгө салым кошкон элге ийилип таазим кылам. Рахмат ушул элге. Эл - калыс, эл - тараза. Ошон үчүн элден чыкпаш керек.

- Курманбек Бакиев жөнүндө айттыңыз, лидер кылып алганбыз деп. Ага кандай негиздер түрткү болду?

- Ошол мезгилде мыкты кадрлардан 20дай кишини караганбыз. Ошолордун ичинде эң салмактуусу, эки жолу өкмөттү башкарып, эки облусту башкарып, ошол мезгилде бышкан, жетилген кадрлардын бири Бакиев болчу. Атамбаевди, Текебаевди да караганбыз, баары болгон тизмебизде. Акырында келип ушул кишиге токтоп, жетекчи кылдык, ушул киши комитетти (Кыргызстан Элдик кыймылын) башкарып, революцияны акырына чыгарды.

- Эми ыңкылап өзүнүн максатына жетип атабы? Мына беш жыл болду.

- Эми ар кандай сөз бар, максатына жетпеди деген. Биринчи жеткени ушул, элдик революция жеңишке ээ болду. Андан кийинкиси ким кызматта болот, ким кызматта болбойт, ал маселе экинчи. Кечээ өзүнүн докладында айтпадыбы президент, элдик революциянын жыйынтыгы менен ушунчалык бийлик алмашып, демократиялык багытка түштүк деп. Бул туура. Кептин баары ошондо. Демократиялык багытка түшүп, эл ачык чыгып, өзүнүн оюн айткандын өзү бул - жеңиш. Ал эми кээ бир кызматка жетпей калгандар, же көңүл бурулбай калгандар анча-мынча нааразылык айтышы мүмкүн. Элде болот андай нерсе, баарына тегиз болуш кыйын.

- Үсөн мырза, март ыңкылабынын келип чыгышынын негизги себептеринин бири – үй-бүлөлүк башкаруунун өтө өрчүп кеткендиги деп айтып жүрөбүз. Бүгүнкү күнү да оппозиция үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кетти деп айтып атат. Сиз кандай ойдосуз?

- Мен аны президенттин өзүнө дагы айтып жүрөм бетине, жолукканда, бирге иштеп жүргөндө да айтчумун, биздин биринчи

максатыбыз - үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгонубуз деп. Мен ойлойм биздин президентибиз андайга барбайт. Бүгүнкү президенттин тегерегинде деле кишилер бар да, ошол эле Акаевге кызмат кылган кишилер, Акаевди күүлөгөндөр, сизден жакшы эч ким жок деп, бүгүн Бакиевди дагы күүлөп жүрүшөт. Сизден мыкты жок, сиздин тегерегиңизде ушундай болуш керек деп кеңеш бергендер көп. Бирок мен ойлойм прездент ага барбайт. Барганга Кыргызстандын эли да макул болбойт. Ошон үчүн элдеги ар кандай сөздөргө, прессада жазып атышат, анын баарына ишене бериш кыйын, анын (президент Бакиевдин) өзүнүн багыты бар, ал киши абдан сабырдуулук менен көп маселени чечет. Мен ишенем.

- Дагы бир маселе ушул ыңкылапты алып чыккан саясатчылар, дөө-шаалар деп коелу, ошол кездеги оппозициянын лидерлери бүгүнкү күндө беш жылдан кийин эки жээкке кетишти. Мисалы ошол эле Бекназаров бир жакта,, сиз бир жакта, Исаков бир жакта, Бакиев бир жакта дегендей?

Орустарда “революцию делает народ” деген сөз бар. Анын ары жагын айтпай эле коеюн. Турмушта жаңылыштыкты ар ким кетирет. Азимбек Бекназаров боюнча көп эле аракет жасап, түрмөдөн чыгардык, биз менен болду, Баш прокурор болду, иштеди. Бүгүн дагы андан эч кимибиз кайрылып кеткен жерибиз жок, кызматы гана жок, саламыбыз тегиз. Исмаил Исаков боюнча. Бир топ маселелерди ал кишиге мезгилинде айттык. Баардыгын эле бир кишиге жаба бергенде болбойт. Эгер революциянын анча-мынча маселелеринде кемчилик кетирген болсок Бакиев менен кошо биз дагы жооп беришибиз керек, анткени биз да жанында болгонбуз, ошол нерсени биз да айтып оңдошубуз керек. Эл бүгүн ошол дооматты бизге деле коюп атат. Баарына биз макул болушубуз керек. Мен тазамын деп чыгып кеткен болбойт.

- Ынтымак курултайында бир топ сүйлөгөндөр Исмаил Исаков күнөөсүз камалды, бошотулсун деп президенттен талап кылып атышат. Сиздин оюунуз кандай? Сиз бул боюнча президент менен жолугушуп сүйлөшүп көрдүңүзбү?

- Президент менен кезиккенбиз, президенттин ою дагы куду ушундай эле. Сот процессине президент аралашканга мүмкүнчүлүгү жок өзүңөр билесиңер. Ал эми сот процессине чейин президент бир-эки жолу жолугушалы деп кайрылды. Тиги киши макул болгон жок. Эми бул жагы президенттин өзүнүн Конституциялык укугу, мунапыс береби, башка береби... Менин оюмча президент аны ойлонуп өзү чечет го.

- Бүгүнкү күндө ошол эле ыңкылапта сиз менен жанаша жүргөн Роза Отунбаева, өзүңүз айттыңыз Атамбаев, Текебаевдер азыр элдешкис оппозицияда. Булар бийликке катуу талап коюп атышат. Бийлик менен оппозициянын кырды-бычак мамилесин чечиш үчүн эмне керек?

Мисалы Атамбаевдин оппозиция болгонуна мен түк макул эмесмин. Мамлекеттин экинчи кишиси болду, өкмөт башына келди. Эгерде макул болбосо эмнеге келет? Анан өкмөттөн бошогондон кийин барып кайра оппозиция болгону туура эмес. Розага да жакшы эле көңүл бурулду, биринчи күнү министр кылдык. 24-мартта, жеңишке жеткен күнү биринчи министрлер Исаков менен Отунбаева болушкан. Калганыбыз кийин кызмат алдык. Өзүнүн туура эмес сөзү, парламент таркаш керек, бул парламент жарабайт дегени үчүн парламент өткөрбөй койду. Ал мезгилде парламенттин күчү бар болчу. Кийин парламент башка формага өткөндө Отунбаева биздин катарда болбой калды.


- Оппозиция лидерлери бийлик керек болгон үчүн эле күрөшүп атышат деп ойлойсузбу?

- Күрөштүн бир нече түрү бар. Кээ бири бийлик үчүн, кээ бири элдин келечеги үчүн. Бийлик үчүн күрөшкөнү көбүрөөк.

- Кадр маселеси. Сиз администрация башчысы болуп турган кезде дагы бир топ сын көз менен караган тарап Сыдыков кадр саясатын туура эмес жүргүзүп атат деп бир топ сындар айтылган, өзүңүз билесиз. Сиз жетектеп турган кез менен бүгүнкү кадр саясатын салыштыра аласызбы?

- Мен айттым го идеалдуу эч нерсе жок, адамда кемчилик болот. Көпчүлүк мезгилде кадрды бир эле администрация башчысы чечпейт, президент бар, кадр деле коллегиалдуу чечилет, бирөө бирөөгө жагат, бирөө бирөөгө жакпайт. Ортодо сыйрылып түшүп калган болсо, күмөн саноо боло берет. Кадр маселеси кырдаалга жараша чечилчү нерсе. Феликс Куловдун түрмөдөн чыгып премьер болуп келиши дагы кырдаалга байланыштуу болгон. Же туура эмеспи? Болбосо премьер революцияда башынан аягына башын сайып жүргөн киши болсо болот беле? Биз баарына макул болуп Куловго жол бошотуп бердик. Мен, мисалы, премьерликти талашканым жок, башкасын талашканым жок. Чынын айтканда революциянын биринчи 95-жылдан баштап 2005-жылга чейин башында башты сайып жүрдүк. Уттурган болсок бүгүн биз кайда болот элек?


- Ынтымак курултайында “Ар намыс” партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова айтып атат президентке, сиздин катарыңыздагы ыңкылапчылар суюлуп кетти, аз калды деп. Элдешкис оппозиция андан да катуу кетип, ыңкылапта чогуу жүргөндөрдүн бардыгын президент өзү жеп бүттү деп атат...


- Революция кылгандын баары эле анын жыргалычылыгын көрүш керек дегенден алысмын. Революцияны бирөө жасайт, пайдасын башкалар көрөт... Доомат кылбаш керек. Элге кызмат кылдым деп милдет кылган киши революционер эмес.

-Бүгүнкү күндө Конституциялык реформа жүрүп жатат. Ал жерде негизги эле талаштуу нерсе, президент иш аткарганга жараксыз болуп калган шартта, анын милдетин ким, кантип аткарат деген маселе болуп атат. Жаңы долбоор боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Президент андай шартка келгенде, менин оюмча, өзүнүн тегерегиндеги кадрлар менен отуруп кеңешет. Президент каталык кетирип, өзү кеңешкен кишилердин оюндагыдай болбой турган болсо, эл деген тараза, баары бир шайлоого барат, ал жагын өзү да ойлонот.

- Рахмат сизге.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG