Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Өзбекстан Баткендин ичиндеги Сох анклавына кошумча аскерлерди, десанттык бөлүгүн жана милиция күчтөрүн киргизгени кабарланууда. Бул арада кыргыз тараптан чогулган тургундар Сохту Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду тосуп чыгышты. Кыргызстандын чек ара саясаты боюнча саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Өзбекстан Баткендин ичиндеги Сох анклавына кошумча аскерлерди, десанттык бөлүгүн жана милиция күчтөрүн киргизгени кабарланууда. Ушул арада Кыргызстан тараптан чогулган тургундар Сохту Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду тосуп чыгышты деген маалымат да чыкты. Бул акыбалды сиз кандай баалап атасыз?

Орозбек Молдалиев: Чек арадагы маселелер чечилмейинче ушундай көйгөйлөр боло берет. 2000-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо, андан кийин демаркациялоого өтөбүз деген сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Он жылдын жүзү болуп калды, талаш жок жерлер аныкталганы менен маанилүү жерлердин маселелери чечилбей келип жатат.

Бул жерде бир тараптан эле жалаң эле Кыргызстан, же Өзбекстан күнөөлүү деп айткандан алысмын. Бирок биздин кошуналар бул маселеге бир аз тоготпогондук менен мамиле кылып жаткан фактылары көп эле болуп атат. Бизге тиешелүү, бизге өтө турган жерлердин кен байлыктарын пайдаланганын улантышып, бирок эч нерсе төлөбөгөн фактылары деле бар.

Кошуналар тарабынан Союздун убагынан берки келишимдердин бир тараптуу аткарбай койгон фактылары көп. Мисалы, Кемпир-Абад суу сактагычын биздин айдоо жерлер суунун алдында калып калганынын орду үчүн канал куруп берип, ошол канал жүрүп отуруп Баткенге чейинки Бүргөндү аймагындагы бир топ жерлерди сугарганга канал куруп бермек, аны деле аткарган жок. Бул эки кошунанын ортосунда мамиле эл аралык укуктун негизинде болуш керек. Ага кошуналар келбей атышат.

- Маселени ушул абалга жеткирбей чечсе болот беле?

Орозбек Молдалиев: Болор иштер болду, өткөн иштер өттү. Эми жаңы өкмөт рефрендум өткөрүп, анан өкмөт шайлангандан кийин жакын аранын ичинде кошуналар менен мамилелерди жакшыртуу боюнча өзүнчө концепцияларды иштеп чыгып, жасаш керек. Чек арабыз Кытай, Казакстан менен гана такталды. Такталганда да бир топ элдин нааразычылыгын жаратып чечилди. Эми Тажикстан, Өзбекстан маселелери калды. Экөө тең абдан курч маселелер. Бирок курч болгонуна карабай бул маселени чечишибиз керек. Болбосо ушундай акыбалдар күчөп отурса эки мамлекеттин ортосунда жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн.

Кыргызстандагы окуялар бизди кооптондуруп атат деген шылтоо менен аскерий күчтөрүн жакындатып келишип, Кемпир-Абаддын жанында десанттык күчтөрү эчактан бери эле турат. Чек аранын жанына күчтөрдү топтоп койгондун өзү эки мамлекеттин ортосунда ишенимдин жок экендигинин белгиси,.

- Бул маселени чечүүдө жогору деңгээлде сүйлөшүүлөр керек деп жатасыз. Сүйлөшүүгө Өзбекстан президенти Ислам Каримов келет деп ойлойсузбу?

Орозбек Молдалиев: Сиз туура айтып атасыз, демократия жок авторитардык мамлекеттердин татаалдыгы ошол болот, бир адам чечим кабыл алып, башка адамдардын пикири ойго алынбай калат. Ошон үчүн биздин парламенттик системага өтөбүз деп атканыбыздын негизи ошол болуп атпайбы, эл менен акылдашып, эл чече тургандай кылсак. Кудай ошондой авторитардык кошуна берип койгондон кийин ошого жараша иш жасашыбыз керек. Бул биздин кошуна эл, биз менен бир тууган эл. Булар менен чатакташпашыбыз керек, бирок өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды алдырбай маселени чечишибиз керек.

- Деги эле Кыргызстандын чек ара саясатын, ушул багытта жүргүзгөн иш-аракеттерин кандай баалайсыз?

Орозбек Молдалиев: Чек ара маселебиз боюнча чынын айтканда ич жылытарлык саясат болбой жатат. Чек араны кайтарууда деле, аныктоодо деле көп жетишпеген нерселер бар. Эми бул биздин чек арачылардын күнөөсү эмес, биздин мамлекетибиздин коопсуздук тармагындагы алгылыктуу жакшы иштеринин жүргүзүлбөгөнүнүн кесепетинен болуп атат. Бийлик өзүнө жаккан, өзүнүн ар кандай ишин чечип бере турган адамдарды гана аскердик бийликтерге алып келип атып профессоналдардын бары кетип калды.
XS
SM
MD
LG