Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Ошто жашынып отурган кесиптештен кабар алдык


Ошто ушу тапта ар кайсы жерде жашырынган өзбек коомчулугунун өкүлдөрү дале көчөгө чыга албай коркуп отурганын айтышат. Алардын бири, кесиптеш Шухрат менен бүгүн телефондон байланышып, ал-акыбалын сурадык.

Биз азыр Оштогу бир тынчыраак өзбек маалада бекинип отурабыз. Шаарга чыккандан коркобуз. Жанараак эки жигитти шаарга жиберсек, оорукананын жанында атышуу болуп атат деп кайра келишти. Аларды жиберээрин жиберип алып, улам-улам чалып, амансыңарбы деп сурап аттык. Карындашымдын жумушундагы жетекчиси кыргыз аял, ал бизге тамак-аш берип ийиптир, ыраазы болдук. Болбосо тамак-аш тартыш, эт жок, бүгүн жумуртка таап келишти. Кечээ-бүгүн ок атышуулар угулбай калды. Түндө биринчи жолу көзүм илинип уктаптырмын. Ага чейин 4 күн бою коркконубуздан тамак ичпей, уктабай да калганбыз.

- Журналисттер өз ара ынтымагыңар кандай болуп атат? Чогуу иштеген кыргыз журналисттер менен байланыш барбы?

- Бул жактагы кыргыз журналисттер менен байланышып турабыз. Ортодо кан төгүлүп, чыңалууну сезип турсак да, бири-бирибизди моралдык жактан колдогонго аракет кылып жатабыз. Маалымат алмашып турабыз. Бир кыргыз журналист коопсуздук кызматтарындагы тааныштарынын жардамы менен оштук уйгур журналистти үй-бүлөсү менен аман-эсен башка жакка алып кетүүгө жардам берди. Ал уйгур болгону менен, көчөгө чыкса өзбек деп ойлошмок. Ошол эле кыргыз кесиптешибиз менин от күйгөн жерде калган тууганыма жардам берейин деп аракет кылды, колунан келбей калды.

- Бийлик өкүлдөрү кан төгүүнү карапайым эл эмес, бузукучул күчтөр уюштурду деп жатышат. Сиздердин оюңар кандай болуп атат?

- 2-3 күн мурдараак түн ортосунда бирөөлөр бизге телефон чалып, кыргыздар келатат, бир сааттан кийин чабуул башталат деп ызы-чуу салышты. Кыргыз тааныштарга телефон чалып ушул чынбы десек, бизге да бирөөлөр телефон чалып өзбектер келатат деген деп айтышты. 20 мүнөт ичинде шаардын баары түнкү уйкусу бузулуп, коркуп отуруп калдык. Кыргыз журналист милиция, коопсуздук кызматындагы тааныштарына чалып, ал жалган маалымат экенин тактап бергенден кийин кайра тааныш өзбектерге чалып, туура эмес экен, тынчыгыла деп жаттык. Бизде, өзбектерде күч органдарында андай тууган-тааныш жок. Соңку жылдары күч органдарында, милицияда өзбек, же башка улуттук азчылыктын өкүлдөрү калбаганы – азыркы окуялардын келип чыгышынын бир себеби болду. Мындан ары ушул маселени көңүлгө алыш керек.

- Башында Алишер Сабиров Ошто кызматка дайындалып иштей баштаганы бир аз демди көтөрдү деп айттың эле.


- Эми демди көтөрбөсө да, күч органдарынын атайын рейддерине Алишер Сабиров да катышып жатканы бир аз болсо да ишеничти пайда кылды. Баарынан башкысы, соңку күндөрү өзбектер арасында кол салуу, атышууларды жергиликтүү кыргыздар эмес, башка бир үчүнчү тараптар уюштурган, ошолор баштаган деген пикир тарай баштады. Ошентсе да, ортодо бузулган ынтымакты кайра калыбына келтирүү оңой болбойт. Далай айлар эмес, жылдар кетиши мүмкүн. Карапайым өзбектер орус аскерлерине гана ишенебиз, ошолор келип бейпилдик миссиясын аркалап, арачылык кылса гана, турмуш акырындап калыбына келиши мүмкүн деп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG