Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Атамбаев: үчүнчү революцияга жол берилбейт


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 2005-жылдын март ыңкылабынын урматына курулган гүлбакка барып, жашылдандыруу иштери менен таанышкан учурда билдирди.

- Владимир Путин менен болгон маалымат жыйында мен бир аз орунсуз тамашалап койдум окшойт, бирок Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт. Мага ишенип койгула. Таптакыр башка өлкө. Буга негиз жок. Козутууга жол берилбейт. Козуткусу келгендердин баары мыйзам алдында жооп беришет. Түз айтайын, оюндардын убактысы бүттү.

28-февралда Атамбаев Бишкекте орус президенти Владимир Путиндин сапарындагы биргелешкен маалымат жыйында революцияларга чекит коюлганын, өзү мурдагы эки ыңкылапта тең лидер болгонун билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG