Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Өзбекстандын белгилүү “Божалар” тобу Бишкекке келди


Өзбекстанда атагы таш жарган “Божалар” ("Бажалар") эстрадалык тобу 28-мартта Бишкек шаарында күйөрмандары үчүн концерт тартуулады. Концерттин уюштуруучулары бул топ ырчылыктан сырткары актерлук өнөрү менен да Кыргызстанга кеңири таанылган үчүн Бишкекке чакырылганын белгилешти.

“Божалар”тобу өткөн жылы Тажикстандагы гастролдон кайтып келатканда жол кырсыгына учурап, андан топтун ырчысы Мумин Орипов каза болгон. Бирок каргашалуу окуядан соң бул топ өз мекенинде популярдуулугун жоготкон жок.

Топтун ырчылары Жахонгир Позилжонов жана Мумин Орипов ырчылыктан сырткары режиссер, актерлук өнөрлөрү менен элге таанылган. Алар рол жараткан «Бойвачча» жана “Нортой” тасмалары Орто Азия чөлкөмүнө кенири жайылган.

Эл арасында “Божалар” тобуна өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова колдоо көрсөтөөрү айтылат. Ал тургай бул топ президенттин кызы менен дует ырдоого да жетишкен.

Өзбекстандык "Божалар" тобу Бишкекте
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG