Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

Өзбекстандын чек ара кызматы кыргыз жарандарын өз аймагына үч айда бир гана жолу өтүүгө укуктуу деп чектөө киргизгени жергиликтүү калкты бушайманга салды. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде андай чектөө жокко чыгарылып, маселе жөнгө салынганын билдиришүүдө.

Өзбекстан өзүнүн ички мыйзамдарына таянып, 7-февралдан тарта кыргыз жарандарын мурдагыдай өз аймагына өтүүсүнө тыйуу салып, мындан ары кыргызстандыктар үч айда бир гана жолу Өзбекстанда кирүүгө укуктуу деп билдиришкен. Коңшу өлкөнүн мындай чечими тууган-уругу Өзбекстанда жашагандар жана чек арадан өтүп соода сатык менен тиричилик кылган кыргыз жарандарын оор абалда калтырды.

Буга чейин да чек арадан азап менен өтчүбүз деп даттанган Ош шаарынын тургуну Бахрам Саидов, эми ал жактагы туугандары менен катташуу токтоп калабы деп чочулап турган кези:

- Бир жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси абдан татаалдашып кетти. Бул көрүнүштөн бизге окшогон карапайымдар абдан кыйналып бүттүк. Чек арадан өтүү үчүн кагаздарды толтуруп, бир канча аскер адамдары текшеришет. Сааттап күтөбүз, кээ күндөрү өтө албай кайра келебиз. Токсонго чыккан абышка-кемпирлер да күтүп отурганын көрөсүң. Абдан кыйын.

Бахрам сыяктуу ондогон тургундар, Өзбекстандын бир жылда төрт жолу гана өтө аласыңар деген чечимине нааразы болуп “Азаттыкка” арызданышты. Бирок эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын сүйлөшүүсүнүн негизинде ал чектөө жокко чыгарылды, дейт Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкарыева:
Кыргыз бийлиги билмексен, укмаксан болуп отура берсе бул маселе кийин курчуп кетиши мүмкүн.


- 13-февралда эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, анда өзбек чек арачылары үч айда бир жолу өтүү деген чектөө жойулганын билдиришти. Бул чектөөлөр Өзбекстандын “Дустлик” чек ара бекетинде болгон эле.

Абдыкарыева учурда кыргыз-өзбек чек ара бекеттери мурдагы калыпта иштеп баштаганын кошумчалады. Анткен менен аймактагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыргыз жарандары Өзбекстан аймагына өтүүдө дале болсо чоң түйшүккө кабылып келишерин айтышат. Чек арадан өтүү көйгөйүнө өзүм да күбө болуудамын дейт “Тартип жана мыйзамдуулук” укук коргоо уюмунун жетекчиси Изатулло Рахматуллаев:

- Мага атайын адамдар даттанышканынан “Достук” чек ара бекетине бардым. Кыргызстандын бекетинде баары жакшы, болгону Өзбекстандын чек арачылары “бизге ушундай буйрук келди, эми үч айда бир гана жолу өтөсүңөр” деп айтышты. Албетте бул чек ара бекети ушундай ыкмага өтсө, анда карапайым калк абдан кыйналат. Чек арадан мыйзамсыз өтүү, коррупция күчөйт, жанагындай ок атышуу да болуп кетиши мүмкүн.

Жергиликтүү адистердин чек ара чырлары бул жылы да көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуусуна негиз бар деп эсептейт Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов. Анын пикиринде соңку кезде Өзбекстандын Кыргызстанга кыр көрсөтүүсү күчөп, кыргыз бийлиги бул жагдайдан билмексен болуп кутулууда.
Токсонго чыккан абышка-кемпирлер да күтүп отурганын көрөсүң. Абдан кыйын.


- Кыргыз бийлиги билмексен, укмаксан болуп отура берсе бул маселе кийин курчуп кетиши мүмкүн. Өткөндө да чек арачыны атып, Өзбекстанга алып кирип кетишкен. Мына азыр да канчалаган проблемалар чыгып жатат. Өзбекстан тараптан Кыргызстанга агрессивдүү саясат болуп жатат.

Ниязов эки өлкө ортосунда уламдан-улам курчуп бараткан чек ара маселесин мамлекет башчылары ачык сүйлөшүү жолу аркылуу чеччү убак келгенин белгилейт.

2009-жылы бир канча ирет эки тараптуу сүйлөшүүлөр, келишимдер болгонуна карабай, 2010-жылдын башында эле кыргыз чек арачысына ок атмай, өтүүгө чектөө киргизмей сыяктуу кыргыз тарапты түйшөлткөн маселелер орун алды. Ал тургай чек ара бекетинде Өзбекстанга өтө албай алты саат кезек күткөн аял кан басымы жогорулап, каза тапкан окуя да жүз берген эле.

"Азаттыктын" архивинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен бир катар айылдарда жылма (сойломо) миграциясы жүрүп келет. Аймакта жылма миграциянын эсебинен бүтүндөй айылдар кошуна мамлекетке өтүп кеткен учурлар бар.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG