Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыргызстандын 11 жараны мекенине келе албай жатат


10 күндөн бери Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында Тажикстандын химиялык заводунан Жалал-Абад облусуна келе жаткан 43 тонна тоо жардыргыч зат жүктөгөн унаалар кошуна өлкө тарабынан кармалып турган болчу.

Өзбек тарап жүктү алгач кармаган учурда тийиштүү кагаздарды текшерүүдөн өткөрүп анан бошото турганын айткан. Кийин жардыргыч зат жүктөлгөн унааларды коштоп жүргөн Ички иштер министрлигинин коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине башка өлкө аймагында куралчан жүрүүгө мүмкүн эмес деген айып коюлду.

23-июлда Тажикстандын химиялык заводунан Кыргызстанга багыт алган 40 тонна тоо жардыргыч, же болбосо аммонит тартып бараткан унаалар Өзбекстандын Жапагы чек ара бекетинде карамалып, жүк жол жээгинде 10 күнгө жакын кармалып, тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өзбек кызматтары Ташкенге алып кетишкен.

Бирок бир топ күн өтсө да документтер тиешелүү текшерүүдөн өтүп бүтпөй, жүктү тартып бараткан айдоочулар, жүктүн ээси болгон “Кыргызгеолотехкомплект” ишканасынын кызматкерлери, Кыргызстандын Ички иштери министрлигинин коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери болуп жалпысынан 11 киши жол жээгинде турушкан.

Баткен-Ош жолунда айдоочулук кылган Мурат Исаков минтип башка өлкө аймагында жол жээгинде калган мекендештерине ары бери өткөн айдоочулар тамак-аштан кайрылышып турганын айтат:

- Көк-Талаадан келген экен. Көк-Талаа кыргыз чек ара бекетинен өтүп, 3 аскердин көзөмөлүндө экен, дайыма айдоочулар көлөкөдө жатканын көрүп, аларга кайрымдуулук кылып, суусундук, дарбыз, нан таштап кыргыздар өтүп турду. Көлөкөлөп асфалтта жаткан бечара кыргыз айдоочулар бүгүн көрүнбөй калды.

Бул окуя боюнча “Кыргызгеолотехкомплект” ишканасынын кызматкери Таалай Жунушев бир топ күндөн бери транзиттик жол менен өтүп баратып Өзбекстан аймагында кармалып калган себебин билбегенин, анткени мурдатан эле ушул жол менен, ушундай эле ыкмада өтүп жүргөнүн, кошуналардын чек арачылары азыр гана мындай жүктүн өтүүсүн 10 күн мурда кабарлашы керектигин айтып, доомат артып жатканын, бул боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтары ортосунда келишим түзүлгөнүн “Азаттыкка” айтты.

- Жакында биздин чек ара кызматы бизге маалымдап, же эскертип койгон эмес, 10 күн болсо да эч кандай жылыш болбой жатат, улам-улам эле текшерүүнү күчөтүп, биздин атайын кызматтын куралдарын, ачкыч документтерин баарын алып коюшкан. Башта чек арада кармап турушту, эми ичкериге алып кирип кетишти, көзөмөл өтө катуу болуп атат. Мекеме тарабынан да, мамлекеттик деңгээлде да аракеттер көрүлүп каттар жөнөтүлдү, бирок жыйынтык жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков да министрлик аркылуу Өзбекстанга кат жолдонгонун маалымдады:

- Өзбекстандын чек ара бекетинде токтотулушкан да, бүгүнкү күнгө чейин текшерүү жумуштарын Өзбекстан тарабы жүргүзүп атат. Биздин тараптан атайын кат жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлиги тарабынан да атайын иштер өткөрүлүп атат. Бул чечиле турган эле маселе, бирок эмне үчүн ушунча күн Өзбекстан тарап кармап атканы бизге да белгисиз.

Ал эми бул окуя боюнча облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев жардыргыч заттардын кармалуусу тууралуу маалымат түшкөнүн, бардык документтери жайында эле Тажикстандан келгенин, облустук деңгээлде да аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирип, жакынкы күндөрү маселе чечиле турганын кошумчалады:

- Тиешелүү документтерин карабастан, “жардыргыч заттар экен” деген шылтоо менен 1-2 күн кармап турушту. Иликтөө иштери аяктаган мезгилде кандайдыр бир шылтоолор менен бүгүнкү күндө Фергана районунун Маскелл деген айылына алып барып койгон. Сүйлөшүүлөр азыр облустук деңгээлде жүрүп атат, жакын арада чечилет деген үмүтүбүз бар. Өзбекстан тараптан да ошол документтерди Согду облусунун Исфара шаарына чейин келип иликтеп кетишти. Жакында бул маселе чечилет.
XS
SM
MD
LG