Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Кыргызстандын чек ара коопсуздугу тууралуу белгилүү талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” маек курду.

- Марттан бери эле кыргыз-өзбек чек арасында эки окуя болуп кетти. Алардын бири Кара-Суу чек ара бекетинин жабылышы болду. Чек арачылар муну эки тараптуу макулдашууга байлап жатышат. Ал эми жергиликтүү тургундар соода сатык жүрбөй калды деп тынчсызданышууда. Бул чек ара саясатында калпыстыкпы, же коопсуздукка байланышкан аргасыздыкпы?

Орозбек Молдалиев: Чек ара маселеси мамлекеттердин мамилелерин чагылдырып турат. Мына, Европаны алсак - чек аларын ачып койгон. Мурунку союздук мамлекеттерде союз тарагандан кийин чек ара чатактары көбүрөөк. Бирок Борбордук Азияда өтө эле көп болуп атат. Ошонун ичинде Өзбекстан менен чектеш мамлекеттерде ушул маселелер жакшы чечилбей жатат. Бул - Кара-Суудагы көрүнүш. Ал жакта чек ара бир ачылат, бир жабылат, көпүрөсү бир бузулат, бир оңдолот. Мунун соода сатыкка байланыштуу жагы да бар.

Бирок негизинен бул маселе чечилбей жаткандыгына байланыштуу болуп атат. 2010-жылдан бери чек ара жөнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп атат, бирок анын жыйынтыгы чыкпай жатат. Бул эмнеден кабар берет? Бул мамлекеттер эл аралык укуктун негизинде эмес, өлкө башкаруучуларынын саясий эркине жараша маселе чечилгенине байланыштуу болуп атат.

- Кечээ жакында Айырбас чек ара бекетинде өзбекстандык бир атуул өлүмгө кабылды. Кыргызстандыктар да ушундай жагдайларга кириптер болуп жатышат. Эми чек ара делимитация маселеси жакында чечилери да көрүнбөй атат. Ушундай жагдайда майда чыр чатактарды болтурбоонун башкача бир механизмин убактылуу пайдаланууга болобу?

Орозбек Молдалиев: Мүмкүнчүлүк бар. 2000-жылдардан бери чек аралар бөлүнүп, визалык режим киргенден бери эл чынын айтканда тартипке келип эле калды. Бирок чынын айтканда провокациялар болуп кетип аткан жерлери да жок эмес. Чек арачылар, бажычылар менен байланышып алган топтор бар, булар чек араны мыйзамсыз пайдаланганга аракет кылгандыгы деле жашыруун эмес.

Аткезчилик биз тараптан ал жакка көп ташылып жатканын өзбек тарап белгилеп атат. Бул маселе кээ бир себептер менен жакшы чагылдырылбаганынан ар кандай божомолдор болуп атат. Өзбекстан атуулдарын тартипсиз деп эч ким айта албайт. Бирок биздин жайыттарга провокациялык түрдө өтүп кетип атабы, же кокусунан өтүп кетип атабы деген да маселелер болууда.

- Ушул жерде биздин бийликти катуу сынга алгандар да бар. Мисалы, алсыздык кылып жатат деген. Себеби ошол эле чек арасы чечиле элек кошуна мамлекеттер, мисалы Өзбекстан, Тажикстан деп коелу. Ушул тараптан Кыргызстандын ичин көздөй жылма кирүүлөр абдан көп болуп атат деген дооматтар көп айтылып жатат. Бул жерде чын эле бийликтин алсыздыгы барбы?

Орозбек Молдалиев: Бул бийликтин алсыздыгы деле эмес, бул - бийликтин сатылып кеткенинен болуп атат деп ачык эле айтыш керек. Бийлик кандай учурда алсыз болот? “Мен алым жетпей атат” деп коет, бийликтин колунда мыйзам бар да. Мисалы, Баткен жактагы чек араларды алып карасаңыз, ошол жердеги үйлөр акырындык менен сатылып атканына жергиликтүү бийликтин тоскоол болууга толук акысы бар. Чет өлкөлүк жарандарга биздин үйлөр сатылбайт деген мыйзам турат, аны ким көзөмөлгө алыш керек? Бул жерде жөн эле бир коррупцияланган аткаминерлердин жасаган аракеттери болуп атат, паспорттор да сатылып кетип атпайбы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG