Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Мунун себептерин билүү үчүн “Кыргызгаз” ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Кубан Мырзакановду “Азаттыктын” түшкү түз обосунда кепке тарттык.


- Ушул тапта Өзбекстан Кыргызстанга канча өлчөмдө газ берип жатат жана кыргыз тарап карыздын канчасын жапты?


- Бүгүнкү күндө түштүк тарапка Өзбекстан тарабынан газ чектелди. Бирок Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларына жана газ пайдалануучулурга газ жетип атат. Биз күнүгө газ коюп бере турган мекеме менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп атабыз. Ошонун натыйжасында бүгүн эртең газдын Ошко берилиши көбөйүшүн күтүп атабыз. Бүгүнкү күндө биздин Өзбекстан тарапка 1 миллион 300 миң доллар карызыбыз бар бирок бул күнүмдүк пайдаланып аткан карыздар. Биз азыр акча которуп жаап атабыз. Бүгүнкү күндө 300 миң доллар, кече 300 миң, мурдагы күнү 400 миң доллар котордук. Ошентип күнүгө которулуп атат.

- Азыр ушул күнгө карата карыздын канчасы калды?

- 1 миллион 300 миң доллар карызыбыз бар. Бул апрелдин ичинде пайдаланган газ үчүн карыз.

- “Кыргызгаз” ишканасы Өзбекстан газ берүүнү азайтканча эмне үчүн карызды төлөбөй келди, башкы себеби эмне болду?

- Азыр жеке газ пайдалануучулар акчаларын жакшы төлөбөй жатышат. Эсептердин баары элге жеткирилип берилген, бирок төлөмдөр аябай аз болуп атат. Ошондуктан Өзбекстан тараптан мындай эскертүү болбош үчүн эл акчаны убагында төлөп турушу керек.

- Кардарлар ошол жаккан газдары үчүн акысын өз убагында төлөй албай турган болсо абалдан кантип чыкканы жатасыздар, абалды калыбына келтириш үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

- Акыркы күндөрдө катуу иштерди жүргүзүп атабыз, өнөр жай тармактарында иштеп аткан мекемелердин карыздарын бүт алып бүттүк, бүгүнкү күндө карыз жок. Жалаң эле жеке пайдалангандардын карыздары бар. Ошолорго кечээтен баштап теле көрсөтүүлөрдөн роликтер кетип атат. Текшерүүчүлөр менен дагы сүйлөшүп чыгарып атабыз, барып түшүндүргүлө деп. Муну төлөшүбүз керек антпесе өчүрүп коюшу мүмкүн. Карызы көптөрдүн газын кесип бул, жагынан көп эле чараларды көрүп атабыз. Көп эл ойлоп атат, электр жарыгы менен жылуулукка акы төмөндөсө газга дагы төмөндөйт болуш керек деп. Бирок азырынча андай маалымат жок, мурдагыдай эле тариф менен элге сатылып атат.

- Ушундай кыйын кырдаалда Өзбекстан менен абалды жөнгө салуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөр болобу?

- Менде болгон маалыматка караганда, убактылуу өкмөттүн төрайымы бул боюнча Өзбекстандын президентине кайрылуу катын жазган. Бирок Өзбекстан тараптан жооп ала элекпиз.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG