Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Баткенден чыккан газдын үзүрүн Өзбекстан көрүүдө


Баткен облустук бийлигинин өзбек тарапка кайрылууларынан эч кандай майнап чыккан жок. (Баткен облустук акимчилигинин имараты)
Баткен облустук бийлигинин өзбек тарапка кайрылууларынан эч кандай майнап чыккан жок. (Баткен облустук акимчилигинин имараты)

Баткендин аймагынан Өзбекстан бир канча жылдан бери мунай менен көгүлтүр отунду беп-бекер тартып алууда. А түгүл өзбек тарап пайдаланган жер үчүн да Кыргызстанга бир тыйын төлөбөйт.

Баткен облусунун мунай жана газ чыккан Бүргөндү өрөөнүндөгү бул жерди Өзбекстан бул эки өлкө тең Москвага баш ийип турган Союз учурунда иштетип баштаган. Бирок СССР ыдырап, өлкөлөр эгемендик алганы менен деле Өзбекстан Баткендин бул кендерин мурда кандай иштетсе ошондой эле иштетип келет. Бул жерди Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси бир канча жылдан бери эмнегедир чечилген жок. Бул кен чыккан жер кыргыз-өзбек чегинен 20 чакырымдай ичкериде, Кыргызстандын аймагында туруп, ал жерде эч кандай чек ара талашы жок.

Баткен облусу жаңыдан уюшулганда, 2000-жылдардын башында облустун биринчи губернатору Мамат Айбалаев бул маселени чечүү аракетин көрүп, а түгүл кыргыз жерин, кенин бекер пайдаланып келгени үчүн Өзбекстандын үстүнөн эл аралык экономикалык сотторго кайрылып, карыздарды өндүрүп алуу демилгесин да козгогон. Бирок байкоочулар мындай демилге ошол тушта расмий Бишкектен колдоо таппаганын айтып жүрүшөт.
Өзбекстан тартып алып жаткан газ менен мунайды эске албаганда да, кыргыз жерин иштеткени үчүн эле 500 миллион сомдой карыз.

Башкасын айтпаганда да быйылкы жыл башына карай өзбек тарап жер астынан тартып алып жаткан мунай менен газды эсепке албаганда да, жер салыгы үчүн эле карызы жарым миллиард сомго жетти. Бирок эч кандай келишим же макулдашуу, ижарага алуу сыяктуу расмий документтердин жоктугунан кошуналар иштетип жаткан жердин салыгы үчүн аталаган сумманы төлөө жөнүндө ойлонуп да коюшкан эмес.

Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бул карызды өндүрүү үчүн өзбек бийлигине, жерди иштетип жаткан “Фергананефть” акционердик коомуна облустук бийликтин бир канча ирет расмий кайрылууларына эч кандай жооп болбогонун айтат:

- Ал жерден Өзбекстанга күнүнө канча мунай, канча газ кетип жатат! Бул маселе боюнча көп эле жолу кайрылганбыз. Өзбекстан ал жерде биздин аймакка тиешелүү 1270 гектар аянтты пайдаланып жатат. Бул боюнча Кыргызстандын салык кызматы тарабынан жерлерге салык төлөө боюнча эсептер өзбек тарапка жөнөтүлүп турат. Мисалы, 2010-жылдын башталышына чейинки алардын бизге карызы 500 млн. сом болду. Бул каражат боюнча Өзбек өкмөтүнө, Фергана облусуна бир канча жолу каттар жөнөтүлдү, бирок биздин каттарыбызга жооп беришкен жок.

Жергиликтүү калк арасында эгемендик алгандан бери ушул маселени жөндөп чече албаган кыргыз бийликтерине нааразы болгондор, кошуна тараптан акча өндүрө албаса дагы жок дегенде Өзбекстандан алган газ үчүн болгон карызга кайчылаштырып жиберсе болмок дегендер да жок эмес.

Маселен, Баткен облустук ишкерлер кеңешинин төрагасы Авазбек Чотбаев өкмөт ушул акчаны Кыргызстандын Өзбекстанга газга болгон карызы менен жоюштуруп жиберүү маселесин козгоп, же ушуга байлап Кыргызстан алып жаткан газдын баасын төмөндөтсө болмок деп эсептейт.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан биздин аймакка 20-30 чакырым ичкериде, кыргыздын жериндеги газды бүгүнкү күндө Өзбекстан тартып алып, колдонуп жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстандан газ сатып алып жатат да. Ошону эми жаңы бийлик кайрадан карап, кошуналар менен бир келишимге келүү аркылуу газдын баасын төмөндөтүү керек, же болбосо эсептешүү керек.

Облустагы ишкерлер кеңешинин төрагасы ошондой эле Өзбекстан бир топ жылдан бери макулдашуусу жок эле пайдаланып жаткан аймакты Кыргызстанга өткөрүп алып, жергиликтүү ишкерлерге шарт түзсө, бүгүнкү күндө отун-суудан кыйналып жаткан Баткен үчүн кыйла эле жакшы болмоктугун да кошумчалайт:

- Баткен аймагында да ишкер жигиттер бар. Мыйзам чегинде эле мамлекеттик болсо да мекеме түзүп ошого өткөрүп берип, Баткендин аймагына көгүлтүр отунду тартып келиш керек. Газды өзүбүздүн элибизге жеткирип бериш керек. Бул маселени айтып жатканым, акыркы жылдарда элдин отунга болгон муктаждыгы күчөгөндүктөн айланадагы майда токойчолор, бак-дарактар кыйылып жок болуп кетүүдө. Бул экологиялык жактан да оор маселе болууда.

Ошентип Кыргызстандан чыккан газ менен мунайды Өзбекстан беп-бекер пайдаланып келүүдө. Ошол тегеректеги Өзбекстандын шаарлары, а түгүл айыл-кыштактарына чейин текши газдаштырылган. Газдын үстүндө турган кыргыз айылдарын газдаштыруу болсо ошол туштагы бийликтердин түшүнө да кирбесе керек. Азыр деле башкасын айтпайлы, ошол газ чыккан жерден 30 чакырымдай арыда турган облус борбору - Баткен шаарына да газ жете элек.

Бул арада, 18-майда Өзбекстан Кыргызстандын Ош шаарына газ берүүнү кайра чектеп, газ үчүн карыз тез арада төлөнбөсө көгүлтүр отунду берүү биротоло токтоорун эскертти.

XS
SM
MD
LG