Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Апта окуясы: Ханабад жаңырыгы


Өткөн аптада Кыргызстандын коомчулугунун назарын бурган башкы окуя Өзбекстандын Ханабад шаарындагы күч бийлигине кол салуу болду. Террордук чабуул деп саналган бул окуя эки өлкө ортосундагы мамилеге жана аймактагы коопсуздукка байланышкан эки маселени күн тартибине чыгарды.

Өзбекстан бийлиги 26-майдын түнүндө Ханабад шаардык ички иштер жана коопсуздук кызматтарына кол салган адамдар Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлдөрү деп болжоду. Террорчул уюмдардын катарындагы бул кыймылды Өзбекстан бийлиги 2000-жылдардан бери карай Ташкенде, Бухарада болгон жардыруулар, Анжияндагы нааразылык акциялары үчүн айыптап келатат.

Жардыруу менен коштолгон акыркы Ханабад окуясында бир милиция кызматкери мерт болгондугу кабарланды. Буга байланыштуу чек аралар бекитилип, кошуналардын каттамдары катуу көзөмөлгө алынды. Ага аралаш Өзбекстандын башкы прокуратурасына шилтеме берип, бул өлкөнүн маалымат каражаттары исламчыл топ чек арадан Кыргызстан аркылуу өтүп келгендигин жазып чыгышты. Кыргызстандын тиешелүү кызматтары расмий билдирүү албагандыгын айтышып, дооматты четке кагышты.

- Өзбекстандын чек ара кызматынан Кыргызстандын чек ара кызматына момундай адамдар өттү деген расмий маалымат келген жок. Бул интернет-сайтка чыккан эле маалымат. Эгер андай маалымат келсе биз ага жооп беребиз. Мен азыр жооп берип атам: Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын аймагына айтылып кеткендей согушчан топтор өткөн эмес, - деди атайын уюштурулган маалымат жыйынында Чек ара кызмат башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков.

Адистер дагы кошунанын дооматын алабармандык дешип, Ханабаддагы окуянын төркүнүн Ооганстан, Пакистан тараптан издөө зарыл деген көз караштарын айтып чыгышты. Мындай пикирин “Азаттык” менен дин таануучу Кадыр Маликов бөлүштү:

- Азыр Өзбекстанга кол салгандарды ислам жихаддары деп атышат, бирок булар Түркестан ислам кыймылына көбүрөөк жакын. Мындай кыймылдар эбак жоюлуп кеткен күндө деле, андагы адамдар, анын мүчөлөрү эч кайда кетпейт да, алар башка стадияга өтүп кетишет. Ошондуктан акыркы беш-алты жылда аталган кыймыл Аль-Каида жетекчилик кылган жихадчылар структурасын түзүп калды. Алар Ооаганстан менен Пакистандагы аскердик бейстабилдүүлүктөн улам Ирактан кийин экинчи фронтту Борбор Азия өлкөлөрүндө ачкылары келип жатат.

Бул топтордун негизги максаты – кырдаалды бейстабилдештирүү. Ошондуктан алар чакан топторун жөнөтүп жатышат. Мындай беш-алты адамдан турган топторго кээде бүтүндөй армиянын да алы жетпей калат. Алар идеологиялык соккуларды жасап жатат. Максаты биринчи кезекте элге коопсуздук жок экенин, эч ким коопсуздукту сактай албасын көрсөтүүдө турат.

Борбор Азияда кырдаал курчуп тургандыгына терең ишенген адистер азыр өз ара каршылашуунун ордуна ар бир мамлекет өз коопсуздугун дагы, жалпы аймактын коопсуздугун дагы чыңдоого шашылышы зарыл дешүүдө. Ар кандай террорчул аракеттерге каршы туруунун башаты чогуу аракеттенүүдө экендигин Түркиянын президенти Абдулла Гүл да Кыргызстанга расмий сапарынын учурунда:

- Кыргызстан жайгашкан аймак глобалдык күчтөр менен жайылуу коркунучун туудурган пикир келишпестиктерге толуп турат. Өзгөчө Ооганстандагы кооптуу абал коңшу мамлекеттерге террорду жана уюушлган кылмышкердикти алып келбеш үчүн аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү абзел, - деп билдирди.

Кыргызстандын саясий чөйрөсү болсо ЖККУ аймактык коопсуздук маселесин Ханабад окуясынын алкагында чукул карашы керек деп турат. Мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева Ханабад окуясы териштирүүгө муктаж деди. Саясатчынын айтымында Шериктештер аймагында НАТОго тете уюмга айлангысы келген ЖККУ өзүнө мүчө мамлекеттердин бири экинчисин айыптап турганда бул маселеге кайдигер карабашы керек.

Бирок Кыргызстан мындай демилге көтөрүүдөн арсарсып турат, Өзбекстан бул маселени күн тартибине коер-койбосу да белгисиз. Бейшемби күнү парламентте Коргоо министри Бакыт Калыевдин айтканына караганда, 3-июнга белгиленген коргоо министрлеринин кеңешинде Ханабад маселеси каралбайт. Өзбекстан бул маселени жабык карап, чечүүгө далалаттанууда. Ошондуктан бул маселе боюнча маалымат гана берилет. Ошентип ЖККУнун Ханабад окуясына маани берер-бербеси эми Коргоо министрлер кеңешинин жыйынынан кийин ачыкталчудай.

Бирок аптанын акыркы күнү ЖККУ ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдү түзүү аракеттери соңуна чыгып калгандыгы маалымдалды. ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжанын “Коммерсантъ” гезитине берген интервьюсуна караганда бул уюм тигил же бул мамлекетке чек ара жаңжалдарын, террордук чабуулдарды, баңги соодасына каршы күрөштү басуу үчүн пайдаланылат жана ал тигил же бул мамлекетке кыйынчылык болгондо анын макулдугу менен ишке ашат.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун айтымында аймактын коопсуздугу үчүн жапа тырмак күрөшүү үчүн биринчи кезекте тигил же бул мамлекет өзүнүн ички-тышкы коопсуздугу чың экендигине терең ишениши керек. Бул жагынан Кыргызстанда коопсуздук маселеси борпоң абалында турат:

- Бийликке ишеним болбосо, Хизб-ут тахрирге, Акрамияга Өзбекстандын ислам кыймылына окшогон күчтөр пайда боло берет. Муну туура баалашыбыз керек. Халифат орнотот элек, мамлекеттерди жоет элек деген күчтөр чыгып атат. Бүгүн бийликке ишеним жок болгон себеп менен момундай радикалдуу кара күчтөр чыгып атат, аларды эл колдоп кетип атат. Бул Кыргызстан үчүн коркунучтуу. Ошон үчүн биз өтө ички коопсуздугубузга кылдаттык менен мамиле жасап, тышкы кара күчтөргө каршы туруктуу системаны түзүшүбүз керек.

Ниязов Кыргызстандагы бийликтин алсыздыгынан коопсуздуктун жарытылуу системасы куралбай, кошуна мамлекеттердин, анын ичинде Өзбекстандын кыр көрсөтүүсү күчөп атат дейт.

Өзбекстан менен Кыргызстан мамилесиндеги чыңалган маанай жеке эле Ханабад окуясына байланыштуу эмес. Буга чейин эки өлкө ортосундагы мамиледе сугат сууга, газга, чек арага миналарды жайгаштырууга байланыштуу татаалдашкан жагдайлар арбын болгондугу айтылып келатат. Айрыкча чек ара маселеси эки өлкөнүн мамилесиндеги негизги баш оору.

Акыркы жолу өзбекстандык күч бийлигинин Чек айылындагы кыргызстандык жарандардын үйлөрүн тинтүүгө алып, айылдын ортосуна чек ара тосмосун орнотуп коюушу эки өлкө ортосундагы тымызын тирешти күчөткөндөй болду. Тараптар бири-бирине күнөө оодарышты.

Кыргызстан тарап кошунасын чек араны тактоо боюнча комиссия ишин жыйынтыктап, делимитациялоо, демаркациялоо боюнча келишим түзүлө электе болжолдуу макулдашууларды күч менен ишке ашырып жатат деп күнөөлөөдө. Бейрасмий булактарда чек ара боюнча биргелешкен комиссия өтө талаштуу аймактар боюнча бир пикирге келе албай, жолугушуулар убактылуу токтоп калгандыгы айтылууда.

Ханабад окуясына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча адиси Саламат Аламанов буларды белгиледи:

- Бул маселе боюнча озбекстан менен биз 2000-жылдан бери иштеп келатабыз. Бул маселелер тараптардын чечүүгө аракет кылбаганынан эмес, маселенин өтө татаалдыгына байланыштуу болуп атат.

Анткен менен байкоочулар эки өлкө ортосундагы тирешүүлөр бара-бара жаңжалдарга чейин өсүп жетилеби деп чочулашууда.

- Бу кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелер курчуп баратат. Бул жаман көрүнүш. Өзгөчө чек арага жакын жерлеги кыргыз айылдарына Өзбекстандын укук коргоо кызматкерлери тинтүү жасап, курал-жарагы менен келип коркутуп-үркүткөнү мамлекеттик саясатка туура келбейт, - деди мурдагы бийлик учурунда Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган саясатчы Болот Жанузаков.

Ал эми “Ак жол” партиясынан парламент депутаты, Ош облусунун мурдагы губернатору Кубанычбек Жолдошев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өөдө-ылдый мамилелерди дипломатиялык жолдор аркылуу гана чечүү керек дейт.

26-майдагы Ханабад окуясынан кийин чегараны бир жактуу жаап салган Өзбекстан аны кайра ачуу камын көрө элек. Өз ара эки тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу да маалыматтар таратылган жери жок. Айрым маалымат булактарында Ханабад окуясы Өзбекстандын ички проблемаларынын туундусу катары бааланып, аны бир жаңсыл чечкенге чейин бул өлкө эл аралык же кошуналык алакаларга байланышкан кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө барышы күмөн деген пикирлер айтылууда.

Бул аралыкта чек аранын бир жактуу жабылышы кошуналык алакаларга олуттуу таасир тийгизип жатканын жергиликтүү бийлик баса белгилеп жатат. Жалал-Абад облус губернаторунун маалымат катчысы Орозали Карасартов буларды айтты:

- Негизги соода тармагы Ханабад аркылуу өтүп турат. Чек ара бекеттин жабылышы жергиликтүү калктын экономикалык, социалдык карым-катышына терс таасир тийгизет.

Аптанын акыркы күнү Кыргыз парламенти чек ара боюнча келишим түзүлгөнгө чейин Чек айылындагыдай аракеттерге барбоого чакырган кайрылууну Өзбекстан межилисине жиберди. 2000-жылдан бери уланып келаткан чек ара боюнча сүйлөшүүлөр качан соңуна чыгарын азыр бир дагы расмий өкүл айта албайт. Жергиликтүү байкоочулар болсо чек ара такталмайынча эки өлкө ортосундагы ыйкы- тыйкы токтобой тургандыгын айтышууда. Саламат Аламановдун билдиргенине караганда учурда эки өлкө ортосунда териштирүүнү талап кылган 50дөн ашык аймак бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG