Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Ташкендин каршылыгы - Москванын баш оорусубу?


Чолпон-Атадагы жолугушууда Каримов өзүнүн каршы пикирин Бакиевге айтты болду бекен?

Чолпон-Атадагы жолугушууда Каримов өзүнүн каршы пикирин Бакиевге айтты болду бекен?

Кыргызстан түштүгүнө орус аскерлерин киргизүү жөнүндө чечимге Ташкендин каршылыгы, серепчилер баамында, Бишкек эмес Кремл баш оорута турган маселе.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн интернет сайты аркылуу 3-августта тараткан билдирүүдө Кыргызстандын түштүгүндө орусиялык аскер күчтөрүнүн кошумча бөлүктөрүн жайгаштыруунун зарылчылыгын өзбек тарап көрбөй турат деп айтылган. Мунун түшүндүрмө жүйөөсү катары үч өлкөнүн-Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын чек аралары кесилишкен татаал аймакта мындай аракеттер ар кандай улуттук каршылыктардын жана куралдануулардын күчөп чыгышына, радикалдуу экстремисттик топтордун баш көтөрүшүнө, натыйжада жалпы бул аймакта кырдаалдын колдон чыгышына алып барат деп эскерткен.

Өзбекстандын мындай билдирүүсүнө Кыргызстан тарап расмий жооп кайтара элек. Бирок жергиликтүү аналитиктердын пикиринде расмий Бишкектин Ташкенттин позициясына кое турган аргументтери көп эле. Саясий эксперт Нурзак Асанбековдун айтымында, Кыргызстанга кошумча орус аскер бөлүктөрүн киргизүү Бишкек менен Москванын ортосунда чечилген маселе. Экинчи жагынан бул чечим жалпы эле Борбордук Азияда коопсуздукту чыңдоо боюнча Жамааттык коопсуздук келишиминин саясатына каршы келбейт.

Нурзак Асанбеков бир эле учурда Өзбекстанды да түшүнсө болот деп эсептейт. Анткени Өзбекстан Борбордук Азия аймагында өзүн лидер эсептеген мамлекет болгондуктан, Кыргызстандын түштүгүндө өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын колдон чыгарып жиберүүнү каалабайт.

Кыргызстанга кошумча орус аскер бөлүгүнүн жайгаштыруу жөнүндө 1-августта Чолпон-Атада орус президенти Д. Медведев менен кыргыз президенти К. Бакиев меморандумга кол коюшкан. Меморандумдун шарттары боюнча Кыргызстанга саны боюнча бир баталонго эсептелген аскер күчтөрүн жайгаштыруу каралууда.

Бир эле учурда бул аскер бөлүгү эки өлкө үчүн аскердик машыгуу борбору катары дагы кызмат кылмакчы. Меморандумда кошумча орус аскер бөлүктөрү Кыргызстандын түштүгүндө жайгашат деп түздөн-түз көрсөтүлгөн эмес. Бирок кыргыз президентинин администрациясынан орус аскерлери Баткен облусунан орун алыш мүмкүндүгү каралып жатканын айтышууда. Экинчиден, орус аскер бөлүгүн жайгаштыруунун шарттары ноябрь айында чейин өзүнчө келишимде каралып чечилүүгө тийиш.

Байкоочулардын баамында Кыргызстанга кошумча орус аскерин киргизүү жөнүндө маселедеги каршылыктар акыры келип Бишкек менен Ташкенттин эмес, Ташкент менен Москванын ортосунда чечиле турган маселе. Анткени Кремлдин кожоюндары үчүн Кыргызстанга кошумча аскер киргизүү эле эмес, Ташкентти дагы таарынтып албай, анын кызыкчылыгын жалпы саясатта кошо ала жүрүү да маанилүү. Ошондуктан азыркы учурда Москва, Ташкент жана Бишкек ортосунда аскердик-дипломатиялык сүйлөшүүлөр ар кандай формада жүрүп жатат деп эсептесе болот, жана Өзбекстанды эпке келтирүү ноябрга чейин эле чечилиши керек.

- Коопсуздук күчтөрүн уюштуруп кайсыл бир өлкөгө киргизгенде, анын укуктук статусу, ЖККУге кирген мамлекеттердин ичинде ар кандай жаңжалдарга кийлигишүү укугу тууралуу эч бир келишимде сөз болгон эмес. Ошону тактап туруп анан макул боло тургандай келишим түзүш керек. Бул маселе эртедир-кечтир чечилет, бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай маселелерди күчкө салып же жарга такоо жолу менен чечүү ийгилик алып келбейт,-дейт саясат иликтөөчү Кубан Абдымен.

Айрым бир булактар тараткан маалыматтар боюнча орус аскердик базасы жөнүндө маселенин президент К. Бакиев үчүн да чечиле элек жагы бар бар, бул биринчи иретте базаны каржылоо шарттары болушу мүмкүн. Экинчи жагынан, орусиялык эксперттердин баамында, Кремль ГЭС куруу үчүн берип жаткан эки миллиард доллар үчүн кыргыз жетекчилигин каалагандай шартка көндүрө алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG