Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

БУУнун укук комиссариаты Аскаровдун өкүмүнө тынчсызданууда


Зейд Раад Ал Хуссейн
Зейд Раад Ал Хуссейн

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариаты Аскаровдун сот өкүмүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргызстан сотунун саясий активист жана журналист Азимжан Аскаровду өмүрүнүн аягына чейин абакта калтыруу өкүмү терең тынчсыздануу жаратууда жана өлкөнүн сот системасында олуттуу кемчиликтер бар экенин айгинелейт" дейт Жогорку комиссар Зейд Раад Ал Хуссейн.

«Сот өкүмү БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Аскаров мыйзамсыз камакка алынганы, абакта ырайымсыз шартта кармалганы, кыйноолорго тушугуп, өзүн коргоого тиешелүү деңгээлде даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу чечимине карама-каршы келет" деп белгиледи ошондой эле Улуттар Уюмунун Жогорку комиссары.

БУУ өкүлү кайрадан Кыргызстанды Аскаровдун өкүмүн өзгөртүүгө чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG