Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Бирикен Улуттар уюмунда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын түштүк аймагында болгон кандуу калабаны токтоосуз эл аралык иликтөөгө алууну талап кылышын Кыргызстандын коомчулук өкүлдөрү коңшу мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары айыптап чыгышты.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Бириккен Улуттар уюмунун самиттинде июндагы Ош менен Жалал-Абаддагы этностор аралык кагылышууну кылдат эл аралык иликтөөгө алууга чакырды.

И. Каримов күнөөкөрлөрдү жазалоону талап кылат

Өзбек журт башчысы кандуу калабанын чыныгы уюштуруучулары жана аткаруучулары аныкталып, алар токтоосуз жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Ислам Каримовдун айтымында, эл аралык коомчулук тарабынан кандуу окуяга көп тараптуу, калыс жана акыйкат баа берилиши керек:

- Мындай турумдан чегинүү кагылышуулардын кайрадан кайталанышына жана Кыргызстандын түштүгүндө өтө коркунучтуу чыр-чатак очогунун пайда болушуна алып келет. Мына ошого байланыштуу биз Бириккен Улуттар уюмунан көз каранды эмес, эл аралык иликтөөгө көмөктөшүүсүн талап кылууга акыбыз бар.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун мындай билдирүүсү Кыргызстандын коомчулук өкүлдөрү тарабынан сынга кабылды. Кыргызстандын акыйткачысы Турсунбек Акун муну көз каранды эмес мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалады.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун п
резидент Каримов 2005-жылдагы Анжиян окуясы боюнча эл аралык иликтөөдөн баш тарткандыгын эске салып, анын эл аралык коомчулуктан акыйкаттыкты талап кылууга акысы жок экендигине токтолду:

- И. Каримов айтканга чейин эле мындагы коомчулук жана бийлик өкүлдөрү окуяны эл аралык иликтөөгө алуу сунушун айтып чыгышкан. Ал эмес Скандинавия өлкөлөрүнүн демилгеси менен эл аралык иликтөө комиссиясы түзүлүп жатат. Эгерде И. Каримов ушундай эле талап кылгысы келсе анда Ош окуясы менен биргеликте эле Анжиян окуялары боюнча иликтөөгө кайрадан уруксат берсин. Албетте ага анын эрки жетпейт. Ошондуктан президент И. Каримов эл аралык коомчулуктан эл аралык көз каранды эмес иликтөөнү талап кылууга моралдык акысы жок.

Мындан сырткары бир катар коомчулук өкүлдөрү 1989-жылы Ферганада түрк-месхетиндерди кыргынга учуратуу жана аларды массалык түрдө көчүп кетүүгө мажбурлоо окуясына эл аралык коомчулук тарабынан баа берилбегендигин эске салышты.

Академик Бектемир Мурзубраимовдун айтымында, президент Ислам Каримов июндагы этникалык кагылышуудан кийинки бейтарап позициясынан кайтпашы керек:

- Ферганадагы түрк-месхетиндер менен болгон окуяны баарыбыз билебиз. Андай эле акыйкаттыкты талап кылгысы келсе, эмнеге Өзбекстандын өзүндөгү улуттук азчылыктын абалына көңүл буруп, ошол маселени азыр көтөрбөйт? Анан бир жактуу эле Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө боло берет деп ойлойт окшойт. Бирок акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, июндагы этникалык кагылышта И. Каримовдун бул сырткы күчтөрдүн жасаганы иши болду деп айтып чыгып, жарандарын токтотуп калгандыгы жалпы кырдаалды кармап калууга чоң өбөлгө болду. Эми ал киши мына ошол позициясында эле турса жакшы болмок.

Талкаланган Ошту калыбына келтирүүгө сөз жетиштүү эмес.
Өзбек лидери эмнени көздөдү?

Айрым талдоочулардын айтымында, кийинки учурда Өзбекстанда президент Каримовдун саясий бедели кескин төмөндөп кеткен. Оштук укук коргоочу Изаттулла Рахматтуллаев президент Каримов эл аралык трибунаны пайдалануу менен өзүн өзбектердин коргоочусу катары көргөзгүсү келди деп эсептейт:

- Бул И. Каримовдун өзүн көргөзгүсү келген популисттик иш-аракети. Ал өзбектерге жакшы көрүнгүсү келип, керек болсо эл аралык деңгээлде коргоого саясий эрки жетээрин айткысы келди окшойт. Эгерде Кыргызстандын бийлиги эл аралык иликтөөдөн баш тартса ал бул тууралуу айтып чыкса да жарашмак. Бирок эч нерседен эч нерсе жок эле анын бул айткандары өзүнүн ким экендигин билгизип койгусу келгени катары эле бааласа болот.

Бышкан ишке бычмачы көп

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева мындан мурун эле июнь окуяларын эл аралык иликтөө боюнча чакырык менен чыккан. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын саясий жетекчилиги эл аралык иликтөөнү жүргүзүүгө өзү кызыкдар экендигин белгиледи:

- Эл аралык иликтөө комиссиясынын курамы аныкталып жаткан. Бирок алардын расмий түрдө качан келери белгисиз. Биз өзүбүз эл аралык комиссияны чакырып, иликтөө жүргүзүү керек экендигин бир канча жолу айтып келгенбиз. Бизде да ошол эл аралык комиссия келип, иликтеп, окуянын чыныгы себептери эмнеден улам чыккандыгына акыйкат баа берсе экен ойдобуз.

Бир катар талдоочулар эл аралык иликтөөгө Кыргызстандын бийлиги макул болуп жаткандыгына карабастан коңшу өлкөнүн башчысынын аны БУУнун трибунасынан талап кылышы негизсиз экендигин белгилешти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG