Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр уланууда


Стеффан де Мистура
Стеффан де Мистура

Анда БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура тынчтык сүйлөшүүсүнүн катышуучулары — Дамаскинин өкүлү Башар аль-Жафари жана Сирия оппозициясынын өкүлү Наср аль-Харири менен жеке жолугушууларды өткөрүүдө.

Сүйлөшүүлөрдө Сириянын болочок өкмөтүнүн форматы, жаңы Конституциясынын долбоору талкууланууда. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин резолюциясында аныкталгандай БУУнун көзөмөлү алдында шайлоо өткөрүү мөөнөтү жөнүндө да сөз болуп жатат.

Де Мистура Башар Асад режиминин өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн сириялык оппозиция өкүлдөрүн бир топко бириктирүү аракетин көрөр-көрбөсү тууралуу берилген суроого жооп берген жок.

Сирия боюнча БУУнун көзөмөлү алдындагы тынчтык сүйлөшүүлөр өткөн жылы апрелде өткөн.

Эми алардын күн тартибинде абалды саясий жактан жөнгө салуу маселелери гана калды. Анткени жаңжалдын бардык согуштук өңүттөрү Орусия, Түркия жана Ирандын демилгеси менен Астанада өткөрүлүп жаткан жолугушууда талкууланууда.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартынан бери уланууда. БУУнун маалыматы боюнча, анда жалпысынан 300 миңден ашык киши курман болду.

XS
SM
MD
LG