Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Борбор Азия: Абактардагы исламчылардын коркунучу


Тажикстан. Дүйшөмбүдөгү борбордук мечиттин алдындагы диний адабияттардын базары.
Тажикстан. Дүйшөмбүдөгү борбордук мечиттин алдындагы диний адабияттардын базары.

Эларалык кризистик топ Борбор Азия өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө отурган исламчылар болочокто региондогу коопсуздукка коркунуч келтирет деп эскертти.

“Хиб-ут Тахрир” сыяктуу саясый кыймалдарды кысмакка алуу куралга таянып өз максатына жетүүнү көздөгөн топтордун күчтөнүшүнө жолтоо боло албайт, деп жазат эларалык уюмдун Борбор Азия долбоорунун башчысы Пол-Квин Жаж билдирүүгө берген түшүндүрмөдө.

Өзбекстандын түрмөлөрүндө исламчы деген айып менен 5 миңдей жаран отурат.



Эларалык кризистик топтун(International Crisis Group-IСС) 15-декабрда Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Борбор Азия бийликтеринин саясый исламга жасаган катаал мамилеси алардын согушчул канатын күчкө таянып каршылык көрсөтүүгө түртүшү ыктымал деген кооптонуу айтылат.

Билдирүүдө, айрыкча, улуттук өкмөттөрдүн
"Хиз ут-Тахрирдин" Интернеттеги ырасмий сайты.
исламчыларды улам көп абакка отургузуу, такыба диниятчыларга куралдуу исламчыл топтордой караганы бийлик менен мусулман жамааты ортосундагы ажырымды курчутарына да көңүл бурулат.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан уюм баамдагандай эле, өтүп бараткан жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда жарандарды ислам дининин саясый агымдарына тиешеси бар деп соттор кезме-кез болууда.

Май айында Кыргызстандын 30 чакты тургуну былтыр Ноокатта орозо айт учурунда болгон тополоңго катышы бар деп 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын көпчүлүгүнө “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрү деген да айып тагылды.

Ушул күндөрү Тажикстандын Курган-Төбө шаарында “Жамоти Таблиг” диний уюмунун 36 мүчөсү соттолууда. Аларга конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырды деген күнөө тагылууда. Апрелде болсо Дүйшөмбүдөгү мечиттердин биринде 100дөн ашуун динзар “Жамоати Таблигдин” тарапкери деп кармалган.

Жакында эле Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда Мехринисо Хамдамова башындагы 30дан ашуун аял мечитте экстремисттик
Өзбекстан. "Конституция-эркиндиктин символу" деген плакат. Навои шаары.
идеяларды жайылтты деп соттолду. Алардын адилетсиз соттолгонуна дүйнө өлкөлөрүнүн көңүлүн буруу үчүн 16-декабрда Швециянын байтакты Стокольмдун борбордук аянтында пикет өттү. Жыйынды уюштуруучулардын бири Азиз Манонов бул акциянын максаты жөнүндө “Азаттыктын” кыргыз бөлүмүнө телефон аркылуу берген маегинде мындай деди:

-Биздин негизги максатыбыз - бул пикет аркылуу Швеция өкмөтүнүн жана эларалык коомчулукту Өзбекстандын түрмөлөрүндөгү мусулмандарга, өзгөчө аялдарга жасалган катаал мамилеге көңүл кош болбоого чакыруу. Жалпыга маалым, жакында эле Кашка-Дарыя дубанында 30дан ашуун аял диний экстремизмге үндөдү деген жалган жалаа менен абакка салынды. Бул окуя бизди кыжаалатка салды жана бүгүн ошол окуяга карата өз тынчсыздануубузду билдирейли дедик.

Азиз Маноновдун сөзүнчө, болжолдуу эсептөөлөр боюнча, азыр Өзбекстандын түрмөлөрүндө исламчы деген айып менен 5 миңдей жаран отурат.

Эл аралык кризистик топтун регион боюнча директору Пол-Квин Жаж “Хизб ут-Тахрир” сыяктуу Борбор Азиядаислам халифатын түзүүгө бел байлаган кыймылдардын мүчөлөрүн абакка салуу опурталдуу деп эсептейт. Анткени, исламчылар жемсөөлүк кеңири жайылган абак жайларда өз идеяларын жайылтып, бийликке нааразы адамдар менен өз катарын толуктайт. Анын алдын алуу үчүн, Пол-Квин Жаждын ишениминде, улуттук өкмөттөр зобун-зордукту каалабаган мусулман уюмдары менен диалогго барып, корррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG