Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүндө Өзбекстан “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушун эларалык экспертизадан өткөрүүгө Бишкектин макулдугун алууга жетишти. Жаратылыш газынын баасы боюнча Ташкен Бишкекке бир жаңсыл жооп айтпай, аны европалык баа менен сата турганын гана билдирип, эмдиги жылды күтө турууну сунуштады.

Алыскы туугандан жакынкы кошуна

Өзбекстан «Камбар-Ата –1» ГЭСин эларалык экспертизадан өткөрүү, Көл кылаасындагы пансионаттардын башын ачып алуу талабын коюп, бирок да кыргыз тарапты кызыктырган газ баасын Жаңы жылдан кийин макулдаша тургандыгын ырастап берди. Беш жылдан кийин ишке киришкен эки өлкөнүн ортолук өкмөттүк комиссиясынын ишинин жыйынтыгы кандай чыкты?

Өзбекстандын суу башындагы коңшулары менен проблемасы ГЭС курулушуна барып такалат. Сугат суунун кадырын жакшы билген өлкө эртеңки күнү экономикалык кысымга кабылып калыш коркунучунан чочулайт.

Азырынча Өзбекстандын газы Тажикстан менен Кыргызстанга таасир көрсөтүүнүн ыктуу куралы катары ийгиликтүү кызмат кылууда. Беш жылдан бери бары-жогу билинбеген кыргыз-өзбек өкмөттөр ортолук комиссиянын жыйынында деле мына ушул маселе жайында арбын кеп болгонун Ташкенден алынган үзүл-кесил кабарлардан улам боолголосо болот.

Ташкенде талкуланган маселе

Ташкендеги чоң жыйында талкуулаган энергетикалык маселелердин баары газ баасына такалып жаткан. Курула элек ГЭСтин убайымына баткан расмий Ташкен газ баасына келгенде аны европалык баа менен сата турганын айтып, эмдиги жылды күтө турууну табыштоо менен чектелди. “Кыргызгаз” акционердик коомунун пресс-катчысы Айзада Тойгонбаеванын айтуусунда, мындан ары газ боюнча жаңы баа саясаты жүргүзүлмөкчү.

- Анткени деген дүйнөлүк, европалык мунай-газ биржасында ошол баа болот экен. Өзбекстан ошол баа менен быйыл сатканга киришиптир. Анан ошол европалык биржа баа январдын башында аныкталат.

Кыргыз тарапты жубантканы эмдиги жылкы баа быйылкы 240 доллардан көп болбош ыктымалдыгы болууда. “Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев быйыл Түркмөнстан Орусияга европалык баа менен газын сатууга келишим түзгөнүн мисалга тартты.

- Ушул Түркмөнстандан европалык баа менен алабыз деп келишимге кол коюшту. Бул ошол Түркмөнстандын чек арасынан 175 доллардан алабыз деген баа болду. Орточо ушундай баага биз ориентир кылсак болот.

Газ баасы боюнча жуп Жаңы жылга чукул башталчу сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдов катышкан. Анын ырасташынча, газ баасы чечилбей калды деп айтыш туура эмес.

- Биртоп проблемалар болду. Мен ал жакка жума күнү баргам. Бул маселелерди жогорку деңгээлде, ошондой эле катардагы жетекчилер менен чогуу талкууладык. Айрым өзгөрүүлөр бар. Өткөн жылга караганда жакшы чечилет, деген үмүтүбүз бар.

И.Давыдов Өзбекстандан алынчу газ көлөмү аныкталып, баа саясаты такталганын кошумчалады.

Газ баасы

Айрым маалымдоо каражаттарында эмдиги жылга газ баасы 220 доллардан турушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Былтыры деле жыл жыйынтыкталарга чукул Өзбекстан газын дүйнөлүк баада сатары байма-бай белгиленип, кыргыз өкмөтү 1000 кубометрин 240 доллардан 650 миллион кубометр газ сатып алууга келишим түзүп кайткан. Бирок да оголе кымбатбаа газды колдонууга көпчүлүк ишканалар даабай, мына жыл аягына чейин макулдашылган көлөмдүн жарымына жетпеген “көгүлтүр отун” сатылып алынды.

Парламенттин мурдагы депутаты Анаш Сейитказиев эки өлкө ортосунда теңата экономикалык мамиле-катыш орнотула электигин белгилеп, коңшу Өзбекстан көпчүлүк учурда өктөмдүгүн көрсөтүп келатканына токтолду.

- Өзүбүздүн энергетикалык коопсуздугубузду сактай албайбыз. Мына бүгүнкү күндө чыгып жаткан бирдиктүү энергетикалык системадан алар чыгып кетсе эртең транзитке төлөгүлө дейт.

Бул ирет Өзбекстан газ баасына кошуп кыйладан бери коюп келаткан биртоп экономикалык-саясий маселелеринин башын ачып алууга жетишти. Аларга “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушун Дүйнөлүк банктын аты менен эларалык экспертизадан өткөрүү зарылдыгы, Көл кылаасындагы пансионаттардын башын ачып алуу, ортолук чек араны аныктоо, тактоо жумуштарын илгерилетүү, Кыргызстан аркылуу күргүштөп кирип жаткан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирбеген өлкөнүн товарларын ташып өтүүнү ыраатка салуу кирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG