Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Москва Дамаскиден бомбалоону токтото турууну өтүндү


Сирия, Дараа шаары.
Сирия, Дараа шаары.

Орусия Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөр аягына чыкканча, Асаддан абадан сокку урууну токтотуп туруусун өтүндү. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура билдирди. Анын айтуусунда, бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгары деле күмөн:

-Орусия Сирия өкмөтүнө сүйлөшүүлөр аягына чыкмайынча, өз асманында тынчтыкты сактап туруусун өтүнүп, расмий кайрылганын жарыялады,- деп айтты Мистура.

Женевадагы жолугушуу - бир жылдан берки алгачкы сүйлөшүү. Бул убакта геосаясий жана аскердик кырдаал бир топ өзгөрдү. Асаддын армиясы Орусиянын жардамы менен Алеппону кайтарып, согушкерлерге катуу сокку урду. Мистуранын сөзү боюнча, сүйлөшүүлөрдө саясий чечимге алып келүүчү жаңы кеңешмелерге жол ачылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG