Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

28-декабрда Ташкенде Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы экономикалык карым-катыш өкмөттөр ортолук комиссиянын кезектеги отурумунда талкууланды. Расмий Ташкен ири ГЭС курулуштарын коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эсепке алуу менен эларалык эксперттердин бүтүмүнө таянып жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Узакка созулган эки өлкө ортосундагы газ сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы созулууда.

Газдын артына жашынган сыр

Чөлкөмдөгү ортолук суу-энергетикалык проблеманы расмий Ташкен кыйладан бери коюп келатат. Коңшулардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен ГЭС курулуштарын баштоосу, аларды эларалык экспертизадан өткөрүү зарылдыгы расмий жыйындарда такай айтылат. Алдагыдай өктөм талаптын артында Өзбекстандын өзгөчө жүйөөсү - табигый газ баасы турат. Кедей коңшу өлкөлөр ортосундагы экономикалык карым-катышка таасир көрсөтүүнүн айныксыз жүйөөсүнө айланган “көгүлтүр отун” проблемасын ошентип Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанга таасир көрсөтүүнүн аргументине айлантууда.

Жумшак жана илбериңки саясат

Кыргыз парламентиндеги коммунисттер фракциясынын өкүлү, депутат Николай Байло коңшу эки өлкө ортосундагы энергетикалык маселелердин антип оңунан чечилбей келатышын себебин саясий жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Маселе качан электр энергия, газ жана башкалардын баасына келгенде биртоп суроолор калкып чыгат. Менимче Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен өтөле жумшак, илбериңки саясат жүргүзүп келатат. Бирок андай мамилени азырынча коңшулардан көрө албай жатабыз.

Анын үстүнө Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр ортолук комиссиянын иши төрт жылдан бери токтолуп, соода-экономикалык алака-катыштын көлөмү өтөле төмөн бойдон калып келаткан. Анын бир себеби суу-энергетикалык проблемаларга, экинчи жагы жылдан-жылга көкөлөп бараткан газ баасына байланыштуу экени эч кимге жаңылык деле эмес.

Өткөн жылы Өзбекстан “көгүлтүр отундун” баасы кескин көтөрүп, анын 1000 кубометрин 240 долларга баалаган. Натыйжасы кымбатбаа газ акысынан качып, Кыргызстан менен Тажикстандагы ири ишканалардын көбү аны алуудан баш тартышты. Ошон үчүн Өзбекстандан 400 миллион кубометр газ алууга макулдашкан Тажикстан анын теңине жетпеген өлчөмүн, 650 миллион кубометрге келишкен Кыргызстан быйыл 230 миллион кубометр газ сатып алды.

Мурда газ жаккан ири ишканалардын көбү айла жок, отундун башка түрүнө өтүшүүдө. Буга кошумча, Кыргызстандын газ чарбасында техникалык жоготуулар, газ уурдоочулук, отун акынын убагында төлөнбөшү, жабдуулардын эскириши ансыз да кымбатка туруп жатканын проблеманы дагы татаалдаштырууда.

Айланайын, акча кана?

Быйылкы “Кыргызгаздын” Өзбекстан алдындагы карызын өкмөт бюджеттик каражаттардын эсебинен жапты. Ансыз Өзбекстан эмдиги жылга сатылып алынчу газ маселесин талкуулабай турганын күзүндө эле эскерткен.

Кыргыз парламентинин экономика тармактарынын өнүгүшү комитетинин төрага орунбасары Юрий Данилов экономикалык жагдайга карап эмдиги жылга Өзбекстандын газ баасы арзандашы керек, деген пикирде.

- Мен болжолдобой эле так айта алам. Биздикилер бааны арзандатыш үчүн кетишти. Муну мен так айта алам. Ошондой өбөлгөлөр болгон. Азыр ага комментарий берүү ишке терс салакасын тийгизиши мүмкүн.


Өзбекстандын “Узнефтегаз” холдингинин пресс-катчысы Елена Ким газ маселеси боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканын, анын качан бүтөрүн азырынча так айта албастыгын билдирүү менен чектелди. Ушул эле маалыматты Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен да ырасташты.

Айрым кабарларга караганда, эки өлкө ортосундагы өкмөттөр ортолук комиссия иши жыйынтыкталган соң Кыргызстандын өкмөт башчысын Өзбекстан президенти кабыл алып, андан соң Өзбекстан өкмөт башчысынын Кыргызстан делегациясынын урматына сый тамагы берилмек. Кыргыз өкмөтүнүн башчысынын Өзбекстанга иш сапарына чейин эле энергетика министри менен “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Тараптар газ баасы боюнча макулдашууга жетишкени, кандай мунасага келишкени азырынча белгисиз. Айтса Ташкендеги сүйлөшүүлөрдүн алдында Тажикстан менен Өзбекстан газ баасы боюнча мунасага келише албады. Алардын жолоюн жолдоп кыргыз өкмөттүк делегациясы да Ташкенден куру кол келеби – бул да өзүнчө суроо. Кайсы бир маалымдоо каражаты жазгандай, ушу тапта жалпы Кыргызстан Өзбекстан газын канчага сатат суроосун алдыга коюп, жабыла кулак түрүп турган кези. Д.Үсөновдун бул ирет өкмөт башчы катары биринчи Ташкен сапары кандай жыйынтыктарга алып келери ошондон бүдөмүк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG