Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Т. Сариев: Жараат алгандарга жардамды тездетебиз


Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев бүгүн улуттук госпиталга барып, апрель ыңкылабында жарадар болгондордун ал-акыбалын сурады, акчалай жардам көрсөттү.

- Темир мырза, 7-апрелдеги октон жараат алгандардан кабар алып, ооруканаларды кыдырып жүрүпсүз. Жалпы абал тууралуу айтып берсеңиз.

-Азыр мен республикалык госпиталда жүрөм. Бул жерде оор жараат алгандар бар экен. Реанимацияда өтө оор абалда эки адам жатат. Аларды көрүп, ал-абалын сурап, жагдайга ылайык каражат жагынан жардам бердик. Анан кийин, палаталарда жаткан жараат алгандардын баары жаш балдар экен. Алар менен сүйлөшүп, берген суроолоруна жооп берип, аларга акчалай жардамдан кол кабыш кылдык. Анткени көптөрү жардамга муктаж экен. Бул маселени өкмөтко коемун дагы, жакын аранын ичинде жардамга деген акчаны бердирүүнү тездетебиз. Себеби жабыр тарткандар ошону талап кылып жатышат. Мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген акчаны тез аранын ичинде бизге жеткизип берсеңер дешти.

-Темир мырза! Октон жарат алган атуулдарга жардам кандай тартипте берилет? Канча өлчөмдө берилери тууралуу дагы айта кетсеңиз?

-Өлчөмдөрү мындай. Оор жараат алгандарга жүз миң сомдон. Ал эми жеңил жарат алгандарга элүү миң сомдон берилет дегенбиз. Ал эми берүү тартиби болсо мындай. Ар бир жараат алгандардын ооруканага түшкөндүгү боюнча медициналык картасы ачылган. Ал картада ар бир жарандын ооругандыгы, ок жегендеги жарааты тууралуу тарыхы жазылат эмеспи. Ошонун негизинде тергөөчүлөр иштеп жатат. Анткени, жарат алгандар көргөзмө берет кайсыл жерде кандай шартта жарат алгандыгы боюнча. Мындан башка судмедэксперттер келип оорунун жыйынтыгын чыгарып берет. Ошонун негизинде бизде атайын мамлекеттик агенттик бар, камсыздоо боюнча, ошолор аркылуу берилет. 7-апрелдеги окуядан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чегерилген жардам каражатты берип, бүтөйүн деп калдык.

-Темир мырза! Жараат алгандарга качандан баштап бере баштайсыздар?

-Келе турган дүйшөмбүдөн баштап, жардамга муктаж адамдардын суроо-талаптарын өкмөттө карап, жардам акчаны берүүнүн шарттарын түзүп, тездетүүгө талапты коемун.

-Темир мырза! Жараат алып жабыркап жаткандар жалпысынан өлкөдө болуп жаткан кырдаал боюнча эмне дешти?

-Мына азыр эле палатадан чыктым. Алар айтып жатат: “ушул Бакиевди кармап, жазалоо жагын элге берсеңер” деп. Албетте, булардын ичинде ызалангандык бар. Кандары абдан кайнап турушат. Бирок мен айттым. Баарын мыйзам ченеминде иш жасайбыз деп.

-Ок тийгенден алган жараттын кесепети өтө татаал, айыгып кетүүсү да кыйын экендигин айтып жатышат адистер. Анткени сөөккө тийген октон алган жаратты сакайтыш үчүн кымбат баалуу медикаменттер керек экен. Аны сатып алуу кымбат дешет. Ушул маселени уктуңузбу?

-Уктум. Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө институтуна барганда оор жараат алгандарга протез салыш керек экендиги айтылды. Бул боюнча эл аралык уюмдар да эске алып, биз менен пикирлешип, чечкени жатабыз. Албетте, ар бир жараат алган атуулдун жанынан тыйын кетпейт. Жардам беребиз.


XS
SM
MD
LG