Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Жеңиштин куну бааланбайт


Улуу Жеңиш күнүндөгү Оштогу салтанат.
Улуу Жеңиш күнүндөгү Оштогу салтанат.

Өлкөнүн түштүк баш калаасында Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган салтанатка он миңден ашуу киши катышты. Аларды Ош облусунун жана шаарынын жетекчилери куттуктап, согуш ардагерлери мындан ары өзгөчө камкордукка бөлөнөөрүн убада кылышты.

Ал эми Орусиянын түштүк жергесиндеги консулу кандуу салгылашуунун каармандарын тирүү легенда сыңары сыпаттап, бүгүнкүдөй мүшкүл түшүп турган чакта Орусия Федерациясы кыргыз эли менен бирге экендигин жар салды.

Оштогу майрамдык салтанатка он миңден ашуун киши чогулду. Алар адегенде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине жана түбөлүк өчпөс оттун айланасына гүлчамбар коюшту. Ага улай кан майдан каармандарынын урматына асманды ок атылды.

Оштуктарды Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен куттуктап жатып түштүк борборунун мэри Мелисбек Мырзакматов буларга токтолду:

- Улуу Ата Мекендик согуш масштабы, трагедиясы жана ырайымсыздыгы жагынан адамзат тарыхындагы бардык алааматтардан ашып түшкөн кыргын болгондугун эч ким тана албайт. Аталарыбыз ошол сыноодо чыныгы эр жүрөктүүлүктүн, баатырдыктын жана кажыбас-кайраттуулуктун, ал эми энелерибиз жана эжелерибиз ар-намыстуулуктун, эмгекчилдиктин үлгүсүн көрсөтүштү.

Мелисбек Мырзакматов өз сөзүндө мындан ары согуш жана оорук ардагерлери мамлекет тарабынан өзгөчө камкордукка бөлөнөөрүн убада кылды.

Ал эми Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөт кыргыз калкынын көп жылдар бою зарыга күткөн үмүтүн актай турган коом кураарына ишендирди:

- Ар бир кыргызстандык, жалпы эле өлкөбүздүн көп улуттуу калкы мындан ары жетиштүү турмушта жашай тургандыгына ынандыраар элем. Эми бийликтин бардык бутагы жалгыз кишинин колуна топтолбостон, тескерисинче, биринчи кезекте жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле элдин бакубат жашоосуна шарт жаратууга кызмат кылмакчы.

Сооронбай Жээнбеков кеп арасында убактылуу кыйынчылыктарга карабастан майрамдык маанай облустун бардык булуң-бурчунда өкүм сүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Салтанат убагында Орусиянын аймактагы консулу Мухамеджан Зиганшин 1941-1945-жылдардагы кандуу салгылашуунун каармандарынын эрдигин мындайча белгиледи:

- Оор мезгилде биздин күнкорсуздугубузду жана эркиндигибизди бекем коргоп калдыңыздар. Ооба, Советтер Союзунун фашисттик Германияны жеңип чыгышына Кыргызстан олуттуу салым кошту. Ошондуктан, Сиздер, согуштун катышуучулары, биз үчүн тирүү легендага айланып олтурасыздар. Ушул тапта Кыргызстан кыйын күндөрдү башынан кечирүүдө, бирок биз Россия Федерациясы ар дайым кыргыз эли менен биргебиз!

Согуш ардагери, көп жылдар бою советтик жана партиялык жетекчи кызматтарды аркалаган Мухтар Нургазиев элдин баарын жашытты:

- Адам каны кыяндай акканы көз алдымда кадимкидей тартылат. Өлүм алдында «Апа! Апа!» деп онтогон кырчындай жигиттердин үнү азыркыга чейин кулагымда утуру жаңырып турат. Ушундай апаат учурда элинин болочогу үчүн салгылашкан, а түгүл көпчүлүгү кырчылдашкан кармаш кезинде окко учуп, көмүлбөй калып кеткен мекендештеримди жүрөгүмдүн төрүндө такай сактап, алардын жаркын элесине дайыма таазим этем!

Алтымыш беш жыл мурунку Жеңиштин себептерин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, каракулжалык карыя Ибрагим Орозалиев төмөнкүчө чечмеледи:

- Чалгы менен чөптү кандай шылыса, биздин армияны Гитлер ошондой кырган. Ошого карабастан 1945-жылы 9-майда Советтер Союзунун көп улуттуу элинин ынтымакчылыгы немистерди биротоло жеңди. Экинчиси, биздин башыбызды бириктирип башкарган Иосиф Сталиндин аскер тактикасын эң мыкты өздөштүргөндүгү Улуу Жеңишке шарт жаратты. Үчүнчүсү, согуш кызыган чакта бизикилер Катюшаны ойлоп табышты. Ушул үчөөнө таянып СССР фашисттик Германияны чөгөлөттү жана толук талкалады.

Майрамдык салтанаттын айрым катышуучуларына микрофон сунганыбызда, согуш ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын суюлуп баратканына ичи ачышкандыгын, Кыргыз өкмөтү алардын ар бирине бекер үй жана автоунаа тартууласа соопко калмактыгын билдиришти.

Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарынан кан майданга 14 миң адам аттанып, алардын 3118и согушта курман болгон. Үйлөрүнө кайткандардын азыр 93ү гана арабызда. Ошондой эле Ош облусунан 85 миңдей киши Мекенин коргоого баш байлап, анын ичинен 25 миңи окко учкан. Акыркы эсептөөлөргө караганда, райондордо 397 согуш ардагери карылыктын доорун сүрүп жаткан чагы.

XS
SM
MD
LG