Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Ооруктагылардын мээнети кандай бааланууда?


Валерия Дементьева, оорук ардагери, Ысык-Көл облусу.
Валерия Дементьева, оорук ардагери, Ысык-Көл облусу.

Валерия Дементьева - кыргыз жергесинен Улуу Ата Мекендик согушка аттанган миңдеген кырчындай жигиттердин биринин жубайы. Согуштун түйшүгүн кошо тартышкан мындай аялдар оорукта ал кезде ар бир үйдө бар болчу. Алар ушу бүгүн да согуш менен тынчтыктын азабы менен жыргадын салыштырып бүтпөй келатышат.

9-май Улуу Жеңиш майрамынын 65жылдыгы Ысык-Көл облусунда да белгиленди. 132 согуштун майыбы 199катышуучусу жашап атат. Жалпы 1440 ардагердин 1034ү тылда иштегендер. Алардын бири - Чолпон-Ата шаарынын тургуну Валерия Деменьтева согуш катышуучусунун да жесири.

75 жаштагы Валерия Деменьтева 9-май - Жеңиш күнүн 16 жылдан бери жолдошу Александр Деменьтевсиз тосуп атканына кейип турду. Волгограддагы согушка катышкан баатыр Александр Чолпон-Ата шаарындагы ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп турганда өлтүрүлгөн экен.

- Абдан жакшы киши эле. Жолдошумду 1994-жылы ээнбаш бирөөлөр жолдон өлтүрүп кеткен. Согушка катышып кан кечип келип, тирүү келген болчу. Анан эле майрамга карата Бишкек шаарына кызына баратканда жок жерден эле өзүн өлтүрүп туруп, автоунаасын тартып алып атпайбы.

Согуш башталганда Валерия Деменьтева 15 жашта болуп,ата-энеси менен тылда кызылча өстүрүп эмгектенген. Андан кийин ал өмүр бою мугалим болуп иштеген. 2840сом пенсия алат. Ал акыркы 10 жылда тылда эмгектенгендерге көңүл бөлүнбөй калганына нааразы:

-Бир аз акча бөлгөн жардамга деп , бирок көмүр, отун дегендерди берген эмес. Элдин алып атканын көрүп чоңдорго кызымды жибергем, жооп жок, өзүмдүн бутум ооруйт, жакшы баса албайм.

Оорукта эмгектенген, жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жубайынын бул көйгөйүн Ысык-Көл райондук социалдык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Клара Кайдыева чечип берүүнү убада кылып, тылдагыларга берилген каражат азыраак болуп атканын мойнуна алды:

- Согуштун катышуучулары быйылтан баштап жардам катары 7миң сом алып аткандан кийин тылдагылардыкын деле жок дегенде 5 миңге чектесе болмок. Тылдагылар майыптыгына жараша 1-2 миң сом эле алышат.

Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы «Назик» өкмөттүк эмес уюмунун өкүлү Неля Бараканова ардагерлерге атайын көңүл бөлүү жокко эссе деп эсептейт:

- Эгерде ушул маараке болбогондо, ким билет ушунча көңүл бөлүнөт беле. Ардагерлер албай калган ар кандай жардамдары үчүн атайын бөлүмдөргө барганда өздөрү тактай турган кагаздарды кайра ардагерлерге түртө салып, «убагында эмне документ толтурган жоксуңар» деп шылтоологондор канча.

Ысык-Көлдөгү ардагерлердин жаш курагы учурда 84-90 жашты камтыйт. Облус губернаторунун жардамчысы Талант Курманбек уулунун айтуусунда (акчалай жардамдарды кошпогондо) Жеңиш майрамынын 65 жылдык мааракесине жалпысынан 225 миң сомдой каражат сарпталды.

XS
SM
MD
LG