Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

"Балаң Акаевдин адвокаты экен дешип, үй бербей келишти"


Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 86 жаштагы Усубалы Токталиев Жеңиштин 65 жылдыгы белгиленер алдында бир бөлмөлүү батир алуу укугуна ээ болду. Ардагер “Азаттыкка” берген интервьюсунда анын уулу Акин Токталиев мурдагы президент Аскар Акаевдин адвокаты болгону батир алууга тоскоолдук кылганына да токтолду.

-Усубалы ата, азыр канчадасыз?

- Быйыл 86га чыктым.

- Согушка барганда жашыңыз канчада эле?

- Он жетиге чыга элек кезим болчу, комсомолго өткөрүп 1923-жылкы болуп алып, ошол жерден бизди айдаган. Немистен башкалары көргөндө бизди шылдың кылып күлчү, силер кантип ок атасыңар деп.

- Согушта канча жыл болдуңуз?

- Мени 1943-жылы апрелдин 14үндө армияга алып кетти. Ошол кезде Бишкекте заводдо иштечүмүн, бирок эмне чыгарганыбызды билчү эмеспиз. Ошол жерден алып кетип Украинада болдум, андан кийин Берлинге жакындаганда согуш аяктап. кийин Ыраакы Чыгышка алып кетти, ошол жерден кайра 1950-жылы майда бизди кетирди.

- Согуштун бүткөнүнө мына быйыл 65 жыл болду, азыр согушту кандай элестетесиз?

- Эми согушту балдар көрбөй эле койсун. Баягы аскерден сурап, башыңа эмне жазданып атасың десе "шинел" дейт, астыңа эмне салып атасың десе "шинел" дейт, эмне жамынып жатасың десе дагы "шинел" дейт. "Ай мага да бирөөнү берчи?" - деп сураса "жалгыз эле шинелим бар" дейт эмеспи. Эми согушту көргүлүк кылбасын...

- Ошол согушту тарых кандай таразалап, баалап атат азыр?


- Сталинди эле жамандашат. Биз "Мекен үчүн, Сталин үчүн" деп астын көздөй эле чуркаганды билчүбүз. Эгерде Сталин болбосо ким билет кандай болмокпуз? Сталинден дүнүйө жүзү коркчу.

- Ошол эле мезгилде Салин адамдарды көп кыргынга учуратып койду деген да пикирлер айтылып жүрбөйбү?

- Аны Хрушев айткан. Ал кезде Сталин айткан: "өлүм болмойунча согуш болбойт, биз буга туруштук бере албайбыз, совет эли үчүн жашоо, же өлүм", - деп немистерге бир килограмм буудай калтырбагыла, бир килограмм көмүр калтырбай завод-фабриканы талкалап чыккыла деген буйрук берген.

- Сиз согуштан 50-жылы кайтып келдим деп атасыз, азыр жашоо-тиричилигиңиз кандай болуп атат?

- Согуштан келгенден кийин дыйкан, тракторрист, комбайнчы болдум. Андан кийин окуп, инженер, бухгалтер болдум. Азыр балдардын ыракатында отурам.

- Мамлекет тарабынан кандай камкордуктар көрүлүп атат?

- Там сурадым эле, "балаң Акаевдин адвокаты экен" деп чийип коюшту. Анан Москвага -Путин, Медведевге жазсам кечээ квартира беришти.

- Мурдагы бийликтин учурунда чийиштиби ошентип?

- Беш алты-жыл болду. Ошондон бери чуркап жүрүп кечээ документин алдым. Балам бир бөлмөлүүгө батпайм го, эки-үч бөлмө болбойбу десем, чоңдор "эми беш жылдан кийин үч-төрт бөлмөлүүсүн беребиз" дешти. Андан көрө топурак буюрсун силерден дедим.

- Үйдү кайсы райондон алдыңыз?

- Бишкектин Биринчи май районунан алдым.

- Бүгүнкү күндө Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктагыларга, деги эле согушка тиешеси барларга бийликтин мамилеси сизди канааттандырып атабы?

- Кече курсагыбызды тойгозду, канааттандырганы ошо го... Болгонун берип атышат, эмне берип атканын унутуп дагы калып атпаймынбы...

- Жүз граммдан да берди да?

- (Күлүп) Ботко берди эле ошону алып жегенге алыбыз жетпей калыптыр. Жөлөп-таяп алып барды, жөлөп-таяп кайра үйгө алып келди. Тыңы эле мен экенмин, өзүмдүн астымдагыны жеп аттым. Күптү боломбу деп корктум эле андай болгон жокмун. Согущ убагында перловкадан башка эч нерсе көргөн жокпуз, ал эми азыр жакшы... курсак тоюп атат.

- Бул жерде өзүңүз менен тен чамалаш, согуш учурунда таанышкан санаалаштарыңыз барбы?

- Мен өзүм Чым-Коргондонмун, ал жактан 350 киши болчубуз. Азыр экөөбүз эле калдык.

- Ата, саламатта болуңуз, аманчылыгыңызды тилейбиз.

- Рахмат кызым, мени таап сүйлөшкөнүңө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG