Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Сыдыков: Ала-Букадагы окуя жүрөгүмдү тилип кетти


Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков
Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков

Пианист Азамат Сыдыков АКШда өткөн концертин диний араздашуудан улам сөөгү үч жолу жерге берилген алабукалык аялдын элесине арнады.

"Азаттык": Азамат, концертиңиз кандай өттү? Ал жактан бул концертти кимге арнап жатканыңызды түшүндүрдүңүзбү? Эл кандай кабыл алды?

Азамат Сыдыков: Концерт Түндүк Каролинада жыл сайын өтүүчү дүйнөгө белгилүү Клейтон фестивалынын алкагында өттү. Мен атайын чакыруу менен барып, эки концерт койдум. Кыргыздын залкар композиторлорунун чыгармалары бул штатта биринчи жолу жаңырды. Эл абдан жакшы кабыл алды. Ал эми Ала-Букадагы окуя тууралуу мен интернеттен окудум. Бул төбө чачты тик тургузган окуя кыргыздардын колунан келгенине ишенбей турам. Жарык дүйнө менен кош айтышкан апакебиздин сөөгүн эки жолу көрдөн казып алып, ары-бери сүйрөгөн акмакчылык да. Жүрөгүм ооруду, капа болдум.

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

​Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

76га чыгып көз жумган Каныгүл Сатыбалдиева эң алгач биздин апакебиз, кыргыздын кызы. Ал Исага, Буддага, Теңирге ишенсе да кыргыздын жараны. Мен концерттин уюштуруучуларына бул тууралуу айттым. Алар бул менин жеке концертим болгондуктан эч суроо жаралбасын билдиришти. Өзүңөр билгендей, АКШ канчалаган улуттардын, диний конфессиялардын мекени болуп эсептелет. Менин концертиме да ар кандай адамдар келишти: ак түстүүлөр, афро-америкалыктар, топу кийген мусулмандар отурушту. Албетте, мен сөз сүйлөп, концерт кимдин элесине арналганын айттым. Алар концерттин соңунда баары бирдей ордунан туруп кол чабышты.

Жылдыз Малдыбаеванын “Прелюдия” чыгармасын укканда көздөрүнө жаш алып, “сен айтып берген окуяны” эстедик деп мага келип айткандар көп болду. Аларга бул нерсе ушунчалык жат, ушунчалык жаман угулду. Ошондуктан биздин жарандын сөөгүн эки жолу казгандарга айтып коеюн: силерди дүйнө эли айыптап, шылдыңдап жатат. Мындай нерсе эч кандай динде, эч кандай элде болгон эмес. Бул нерсени кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

"Азаттык": 2010-жылкы июнь окуясынан кийин Ош, Жалал-Абадга чейин барып, ынтымак концертин койгон элеңиз. Өзүңүз айткандай, анда динине, этностук тегине карабастан көп сандаган гуманитардык жардам барганын, бирок запкы көргөн адамдар каапырлардын же кайырдиндердин бергени адал болбойт дебестен тең бөлүшүп алганын айтып келатасыз. Азыр анда эмне болуп кетти?

Азамат Сыдыков: 2010-жылы мен Москвада окуп жаткам. 7-апрелдеги кандуу окуялардан соң америкалык дирижер менен биргеликте Бишкекке келип ошол апрель шейиттеринин элесине арналган концерт коюп жатканбыз. Концерт 10-июнга белгиленген эле. Мен сахнага баратып көрүп калдым, филармониянын терезесинен эл кичи автобустарды кармап эле "Ошко кеттик!"- деп ызы-чуу болуп жатышкан экен. Концерт да тынч өткөн жок. Анан кандуу Ош окуялары болду. Бишкекте жүрүп, "Мамлекетиме кандай жардам көрсөтө алам, колумдан эмне келет" деп ойлоно баштадым.

Ош элинин рухун көтөрүп, эки улутту элдештирүүгө салым кошуу максатында түштүккө концерт коюп келүүнү демилгеледим. Бул сунушумду АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдоп, каражат жагынан жардам берди. Ошондо дирижер Рахат Осмоналиев баштаган Кыргыз мамлекеттик симфониялык оркестринин жүздөн ашуун музыканты менен эки учак толтура болуп бирге бардык. Албетте, бизди коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам барбай турууга чакырышты. Бирок биз эч нерсеге карабай барып концерт бергенбиз. Концертке эки улуттун өкүлдөрү чогулган, албетте, ал убакта бири-бирине болгон таарыныч, түшүнбөстүк курч болчу. Ошого карабай музыка эки элди бириктирди, маданият деген күчтүү нерсе. Маданият, илим-билим, адабият элибизге жетишпей жатат. Ар бир диндин тарыхында радикализм, фанатизм болгон. Бирок мындай көрүнүштөр орто кылымдарга таандык болчу. Бизде ушул күндөрү болуп жатканы абдан өкүнүчтүү.

Мен мисалы, Курандын орус тилиндеги котормосун окуп чыккам. Библия, буддизм философиясын окугам. Мунун баарында элди сабырдуулукка, толеранттуулукка үгүттөө бар. Ар бир жарандын Кудайга жетүүгө өз жолу бар. Ар ким өз динин тандайт.

"Азаттык": Балким, сиз айтып жаткан руханий боштук чоң болгон үчүн ушундай кырдаал түзүлгөн жокпу?

Азамат Сыдыков: Биздин билим берүү системасында башка диндер тууралуу сабактар өтүлбөйт. Мисалы, мен мурдагы жылы Америкадагы эң алдыңкы консерваториялардын бирин аяктадым. Бизде диндердин тарыхы тууралуу атайын сабак бар болчу. Анда иудаизм, православие, ислам, буддизм деген эмне экенин окуганбыз. Биздин элдерде бул диндер жөнүндө түшүнүк жок болуп атат. Мен мисалы, Курандын орус тилиндеги котормосун окуп чыккам. Библия, буддизм философиясын окугам. Мунун баарында элди сабырдуулукка, толеранттуулукка үгүттөө бар. Ар бир жарандын Кудайга жетүүгө өз жолу бар. Ар ким өз динин тандайт. Адамды жаныбардан айырмалап турган нерсе бул адамгерчилик эмеспи. Жерге жаткан адамды эмнеге козгойт? Биздин өлкөдө шайлоо алдында канча партиялар асмандагы айды алып беребиз деп убада берип келатышат. Бирок бир да партиянын программасында маданият, илим-билим тууралуу сөз жок болчу. Бул нерселерден баары башталат да.

"Азаттык": АКШ да бир кезде айрыкча расалар ортосунда ич ара араздашууларга кириптер болуп келген. Азыр дүйнөдөгү толеранттуу өлкө катары таанылган. Кыргызстан да ушундай абалга жетет деп ишенесизби?

Азамат Сыдыков: Кыргызстандын атуулу болгондон кийин, кыргыз болгондон кийин, албетте, өлкөнүн жаркын келечегине ишеним, үмүт бар. Америкада ар бир жарандын коопсуздугу тыкыр көзөмөлдөнөт. Менин үйүмдүн жанында мечит бар, жөөттөрдүн синагогасы жайгашкан. Баары ынтымакта, бири-бирин сыйлап эле жашап жатышат. Үлгү алчу нерселер көп, бирок Америка деле идеалдуу эмес да. Маселен, бул жакта деле башка улутту басмырлаган учурлар кездешет, өзгөчө кайсы бир теракттардан кийин мусулмандарга болгон башкача көз караш пайда болот. Бирок бул жакта мыйзам алдында баары бирдей. Ким болбосун жасаган кылмышы үчүн сотто жооп берет. Кыргызстанда мыйзам иштебейт. Конституция ар бир адамдын укугун, диний ишенимин коргошу керек. Буга чара колдонбосо кеч болуп кетет. Бүгүн баптистти жерден казып атышса, эртең либералдарды, башка улуттагыларды, бүрсүгүнү чачы сары, көзү жашылдарды каза башташат да. Биздин келечекти ойлогон мамлекеттик ишмерлер буга жол бербеши керек.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG