Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Сузакта уурулукка шектелген окуучу асынып алды


Жалал-Абаддын Сузак районунда уурулукка шектелген 9-класстын окуучусу асынып алды. №25 А.Тажибаев атындагы орто мектепте окуган Шерзад Алимбеков 23-октябрда жанын кыйган.

Атасы Талантбек Алимбеков билдиргендей, уулун бир жума мурда Октябрь аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кетишкен. Тартип сакчылары аны 10 миң сом уурдаган деп айыптап, мойнуна алдырышканы айтылууда. Андан соң жакындарын чакырып, акча жоготкон Кубаныч аттуу адамга төлөтүп беришкен.

Маркум жазып калтырган катта өзүнүн ак экенин, уурулук кылбаганын билдирген. Ошондой эле чет жакта иштеп жүргөн апасын сагынганын, бирок көрө албай калганын баяндаган.

Маркумдун атасы акча жоготкон тарап милиция келгенче эле баласын сабап, күнөөсүн мойнуна алдырганын билдирүүдө. Милиция азырынча комментарий бере элек. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG