Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Өзбекстандык белгилүү кинорежиссер Мелис Абзалов дүйнөдөн кайтты


Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти, кинорежиссер Мелис Абзалов бүгүн, 25-октябрда Швециянын башкалаасы Стокгольм шаарында жүрөгү кармап көз жумду. Абзалов өмүрүнүн акыркы жылдары бул шаарда кызы Назира менен чогуу жашап жаткан. Жакындарынын "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришинче, маркум 26-октябрда Стокгольмдогу мусулмандар көрүстөнүндө жерге берилет.

Мелис Абзалов 78 жашта болчу. Эмгек жолунда Өзбекстанда жана КМШда кеңири таанымал "Келиндер козголоңу", "Сүйүнчү", "Чынар алдындагы дуэль", "Арман", "Өткөн күндөр" жана башка комедиялык тасмаларды тарткан. Ал Өзбекстандагы кино өндүрүштүн негиздөөчүлөрүнүн бири жана көрүнүктүү өкүлү эле. (NT)

XS
SM
MD
LG