Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Премьер-министр нарындыктарга жеңилдиктерди убада кылды


Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Нарында, 2010-жылдын 29-марты.
Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Нарында, 2010-жылдын 29-марты.

29-мартта Нарын шаарында премьер-министр Д. Үсөнов эл менен жолугуп, бийик тоолуу аймакта жашаган калкка электр акысы үчүн 50 пайыз жеңилдик берилерин билдирди.

Чыгып сүйлөгөндөр Жетим кырка тоосундагы темир кенин чалгындоо, казуу иштерин токтотууну талап кылышты. Өкмөт башчысы өз кезегинде оппозициялык партиянын өкүлүн акимдик кызматка чакырды.

Жыйын өтчү борбордук аянтка эл саат ондордо эле топтоло баштады. Бир маалда айрым тургундар алардын колдорун толгоп күч колдонуу болгондугун маалымдашты.

- Мына ушул жерде турсак, эмне үчүн гезит берип жатасыңар, эмне үчүн гезит окуп жатасыңар деп күч колдонуп жатышат. Эмне үчүн бизге күч колдонушат бизге,- дейт Таалайкүл аттуу жаран.

Саат 11ге жакын жыйын башталып, губернатор Алмазбек Акматалиев Өкмөт башчысы менен бирге үч министр, беш министрдин орун басарлары, статс-катчы, бир нече агенттиктердин өкүлдөрү келгендигин билдирди.

Данияр Үсөнов өзүнүн сөзүндө электр тармагында 20 жылдан бери капиталдык оңдоолор болбогондугун билдирип, тармак оор акыбалга кептелгендигин, ички электр түйүндөрүн ишке киргизүү боюнча аракеттерди белгилеп, жыл сайын 5 миллиард сом электр тармагына берилип келгендигин маалымдады. Натыйжада тарифтерди көтөрүү зарылдыгы келип чыккан. Бирок кемчиликтер да кетирилгендигин моюндап, премьер-министр жаңы токтом даярдалып жаткандыгын билдирди.

- Өкмөттүн долбоору менин колумда. Жаңы токтом менен кандай жардам болот. Биринчиден, мурунку 50 пайыз ордуна келип, жалпы бийик тоолуу жерлерде жашаган элдин бүт баары 50 пайыз жеңилдик алат. Ошол жеңилдик жайкы 5 айга 100, калган 7 айга 220 киловаттан деп эсептеп жатабыз. Экинчиден, бул токтом күчүнө киргенден баштап, биз 1-январдан баштап эсептеп беребиз.

Өкмөт башчысы маалыматын бергенден кийин чогулган элдин арасынан чыгып сүйлөштү. Нарын районунан келген Төлөгөн Касымалиев: "Беш жыл бою бааны өкмөт чечип келсе, эми эл чечет",- деп билдирди.

Мындай талапка Өкмөт башчысы "бизге көчө демократиянын кереги жок" деп жооп берди:

- Чечилип жаткан маселени, элдин ою менен, элдин көйгөйү менен чечиш керек. Бирок маселелер мыйзамдын, Конституциянын негизинде чечилиши керек. Мына мындай көчө демократия бизге болбойт. Себеп биздин чечимдердин артында бала-чакабыздын келечеги турат.

«Ата Мекен» партиясынын облустагы координатору Адылбек Эсенбеков Жетим-Тоодон изилдөө иштери токтотулсун деп талап кылды:

- Эч качан Жетим-Тоону каздырбайбыз дагы, арендага да бербейбиз. Жетим-Тоодогу кылынып жаткан изилдөө иштери чыгып кетсин. Бул изилдөө иштери чыкпаса биз 7-апрелде митинге чыгабыз.

Мындай билдирүүдөн кийин премьер-министр Адылбек Эсенбековго кызмат сунуштады:

- Ушу «Ата Мекен» партиясынын программасы бар болсо, же болбосо Адыл иним жок дегенде бир айыл өкмөттү башкарып берем десе, давайте ушуну карайлы. Же бир районду берели, колуңдан эмне келет элдин турмушун кантип оңдоп берет,-деди Данияр Үсөнов.

Жумгал райондук кеңештин депутаты Барчынбек Орозобеков сөз ала албай жаткандыгын билдирди:

- Сөз бергиле десем сөз беришпейт. Сөз алайын деп үстүнө чыксам ал жерден сүйрөп түшүшүп, мына колдорумдун кебетесин көрүңүз,- деп канаган колун көрсөттү.

Нарын шаарынын тургуну Нарынбек Орунтаев Өкмөт башчысынын жоопторуна канааттанбагандыгын айтат:

- Бул кишинин жооптору бүт эле долбоор менен болуп жатат. Чечебиз деген маселелери көп. Элдин мүдөөлөрү кандай чечилери белгисиз болуп калды.

XS
SM
MD
LG