Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

"Эл үнү": Талаштан тактык жаралат


Элдик курултай. Бишкек 17-март, 2010-жыл.
Элдик курултай. Бишкек 17-март, 2010-жыл.

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору коомчулукта талкууланып жатканына пикирлерин билдиришип, үн кошууда. Ошону менен катар айрым угармандарыбыз кыргызстандыктарды бөлүнүп-жарылууга жол бербей, ынтымактуу болууга, сабырдуулукка үндөдү.

Учурда коомчулукта Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору кызуу талкууга алынып, ар кандай пикирлер, кайчы ойлор айтылып, бир нече саясий топ өздөрүнүн Баш мыйзамын да сунуштап жаткан мезгил. Мындай саясий өнөктүктөн кыргыздын өнөрпоздору да четте калышкан жок.

Калк арасына аттын кашкасындай таанымал обончу, комузчу жана аткаруучу Нурак Абдырахманов Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна сунушун жаңы чыгарган “Курултайга чакырык” деген ыры аркылуу жолдоду.

- Тур улуу журт бейгам карап жатпагын,
Турмушуңдун жойгун кара тактарын.
Тууган жерди душман ээлеп калбасын,
Туш тарапка тентип кетип жаштарың.
Ойгон кыргыз бирдик туусун кармагын,
Ойлонбосоң арбый берет арманың.
Кары тарых миң кайталап көрсөттү.
Бирикпес эл тепсендиде калганын.


Кел замандаш акыйкат жол баштайлы.
Кайдыгерлик адаттарды таштайлы.
Кайра-кайра туурай берип батышты,
Курган бийлик кулап түшүп жатпайбы.

Канча жылдар карайладың какшадың,
Акыйкаттын туура жолун таппадың.
Акырында моюнга алдык туура жол,
Ата жолу курултайда жатканын.
Тарыхтагы Атила хан, Чыңгызкан,
Курултайдын чечимдерин аткарган.
Ошол үчүн эл-журт колдоп аларды,
Ийгилиги бүт-дүйнөдө даңкталган.

Тур калайык туура жолдон тайбагын,
Көкөлөткүн Курултайдын байрагын.
Ар жыл сайын көсөмдөрүң чогулуп,
Алга бурсун куттуу кыргыз аймагын.

Калыстарың, көзөмөлчүң жай карап,
Башчылардан отчет алсын майдалап.
Курултайың жылда тескеп турбаса
Бардык бийлик азезилге айланат.
Мына ошондо жанбагарлар жоюлат,
Башчылыкка эл багарлар коюлат.
Келечекке айкын жолдор ачылат,
Эл тентибей ач курсактар тоюнат.

Айкөл элим айкын жолдон кайтпагын,
Дүйнө элине үлгү жолду баштагын.
Эл тагдырын бийлик эмес эл чечсин,
Баш мыйзамга Курултай деп каттагын.


Ысык-Аталык, 75 жаштагы Исаков Эсеналы:

-7-апрелдеги окуяны угуп-көрүп турган, сезими бар адам үйүндө тынч жатып албашы керек. 85 баланын өмүрү эмне үчүн кыйылды? Бакиевдин бийлиги туура эмес иш жүргүзгөнүнөн улам, эл кыйналып кеткенинен улам бийликке каршы өз пикирин билдирип чыгышпадыбы? Элден бийлик кумары бийик болуп, бөөдө жаш жигиттерди аттырып салбадыбы.

Эл арасында айтылып жүрбөдүбү, "мурдагы президент Акаевдин үй-бүлөсү башкарып калды" деди эле, кийин бул Курманбек Бакиев андан ашып түшүп, баласы Максим, Марат, бир тууган инилери кыргызды тим эле камырдай жуурубадыбы. Чынында “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү кийем” дебедиби.

Өткөндө мурдагы төрага Адахан Мадумаров азыркы Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан парламенттик башкарууга караманча каршымын дейт. Адахан, сен Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңешти башкарып турбадың беле. Ошондо Бакиевге “мыйзамды бузуп жатасың, бир туугандарың бийликке аралашып кетти. Токтот”деп айттың беле? Жок, айткан жоксуң. Эми мына парламенттик башкарууга каршымын дейсиз.

Элге айтаар элем, азыркы Убактылуу бийликти колдош керек. Парламенттик-президенттик башкаруу дейби, аны колдойлу. 120 депутат болот дейт. Анысын шайлап берели. Талаштан тактык жаралат. Жогорку Кеңеште талашып тартышса иш оңолот. Ушуну колдош керек.

Конституция элдин кызыкчылыгын көздөш керек

Баш мыйзмдын жаңы редакциясынын долбооруна Караколдон, Ош, Нарын, Таластан, Жалал-Абад, Баткенден да телефон аркылуу пикирин айтышып, Конституция бийликке эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштелип чыгышын жана анын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүү сунушун айтышты. Жаңы Конституцияга Элдик курултайды киргизүү демилгесин көтөргөндөр да болду.

Токтогул районунун тургуну Казыбек Арзыкулов “Азаттыктын” берүүлөрүнө карата сын-пикир айтты.

- Учурда Кыргызстанда ыңкылаптык кырдаал түзүлүп турганда, “колтугуна котур ташын катып, мылтыгын түтөтүп жүргөн "бакиевчилерди" “Азаттыкка” көп чыгарып жатасыңар. Мисалга айтсам, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Субаналиев, Үсөн Сыдыков, Ниязов дегендер бардыгы эле тетири сүйлөп жатышпайбы. Ошолорду эмнеге обого чыгарып жатасыңар?

Мен Адахан Мадумаровго айтат элем. Бул демократ эле, бюрократ болуп калды. Ал “Ак жолдун” жолун чаап, Ак үйдү оңдотом деп, президенттин инагурациясын өткөрөм деп 3 миллион сомду жок кылып, кымбат баалуу иномаркаларды алдыртпадыбы. Өткөндө телевизордон айтып жатат, "парламенттик башкарууга каршымын" деп. Ал эми эми Үсөн Сыдыков болсо ажылдаган аялдардан бригада түзүп, элдин ынтымагына доо кетирбеди беле. Ошолорду эмнеге чыгарасыңар?

Урматтуу Казыбек мырза, “Азаттык” үналгысы мурунку бийликтин, азыркы бийликтин өкүлдөрү деп бөлбөйт жана үналгыбызга кайрылган угармандарыбызды улутуна, динине, саясий көз карашына карабай, алар үчүн биздин микрофон дайыма ачык.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG