Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Борбор Азия көңүл чордонунда


Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына, орусиялык маалымат каражаттарынын расмий Бишкекке карата чабуулуна жана өзбек-тажик мамилелерине көңүл бурду.

“Журналисттерди коргоо” комитетинин баракчасында Кыргызстанда акыркы күндөрдүн ичинде бир катар гезиттердин жабылганы тууралуу макала жарыяланды. Макалада комитеттин Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн координатору Нина Огнианованын “кыргыз бийлигинин жарандардын көз карандысыз жана оппозициялык кабар булактарынан маалымат алуу укуктарын такай бузуп жатышы бизди терең тынчсыздандырат” деп айткан сөздөрүнө орун берилген.

Макалада 31-мартта оппозициячыл маанайдагы “Форум” гезити Конституциялык режимди күч менен кулатуу тууралуу чакырыктар жарыялады деген айып менен жабылганы билдирилет.

Мындан сырткары 18-мартта “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттери да “президент Курманбек Бакиевди коррупция жана өлкөдө курчуп бараткан социалдык-экономикалык проблемаларга көңүл бурбайт” деп айыптаган оппозициялык саясатчынын макаласын жарыялаганы үчүн жабылганы, 1-апрелде каржы полициясы көз карандысыз “Стан ТВ” компаниясынын Бишкектеги кеңсесинде компьютерлерди камакка алганы макалада белгиленет.

“Орусиянын басма сөз каражаттары Бакиевге маалыматтык чабуул жасап жатат” деп айтылат Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада. “Орус маалымат каражаттарынын чабуулу Бакиевге карата расмий Москванын чыдамы түгөнүп баратканынан кабар берет” деп айтылат макалада.

Ошондой эле бул макалада Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү Орусиянын маалымат каражаттары аркылуу кабар алгандыктан орус серепчилердин сынчыл маанайда “чабуулу” кыргыз өкмөтүн ыңгайсыз абалга кептегени бышыкталат. “Орус медиасынын чабуулу Бакиевдин колдоосу менен өткөн Ынтымак курултайынын алдында эле башталды. 24-март күнү “Время Новостей” Курманбек Бакиевди Чыңгыз Ханга салыштырса, ошол эле күнү Газета.ру аны “Кыргызбашы” деп атады. 25-мартта “Известия” менен “Коммерсант” гезиттери “Бакиев уулу Максимди өзүнө мураскор дайындап жатат” деп жазып чыгышты. “Известия” Ынтымак курултайын “операция мураскор” деп сүрөттөгөнү айтылат Eurasia View интернет баракчасында.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан The Jamestown Foundation аталган кордун баракчасында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 25-мартта “Оперативдүү тергөө иш-чаралары жана электрондук почта байланыштары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенине сереп салынган. Макалада “күч органдары саясий себептер менен жарандардын телефондорун алда канча жеңил тыңшай алаары жана бул болсо кишинин жеке турмушунун купуялуулук принцибинин бузулушуна алып барары” айтылат.

Eurasia View аттуу интернет баракчада 2-апрелде жарыялаган макала Рогун ГЕСинен улам Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы тирешке арналган. “Тажик-Өзбек чатагы ансыз деле кыйын мезгилди баштан өткөрүп жаткан Тажик экономикасына оор зыян тийгизип, ошол эле учурда Ооганстандагы АКШ жана НАТО уюму пайдаланып жаткан маанилүү тейленүү жолунда үзгүлтүккө себеп болушу ыктымал” деп айтылат макалада.

Мындан сырткары макалада акыркы эки айдын ичинде өзбек бийлиги Тажикстанга экономикалык блокада жарыялап, курулуш материалдары жана башка товарлар жүктөлгөн 1000 чактуу темир жол вагонун өткөрбөй кармап турганы белгиленет. “Ташкент бийлиги бул кечигүүнү техникалык себептерге байланыштырып жатат. 150 вагон Тажикстандын чек арасын өткөнү маалымдалганына карабастан, тажик жана өзбек аткаминерлердин ортосундагы мамиле чыңалууда” деп айтылат макалада.
XS
SM
MD
LG