Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

“Өтүгү жокко өзү келчү” кыш бийик тоолуу Нарында өз өкүмүн жүргүзүүдө. Жаздан бери кагылыш-сүрүлүштөн башы чыкпаган Кыргызстанда кыш камылгасы кандай? Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн отун-суу жетиштүүбү? “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу мына ушул суроолордун тегерегинде болду.

Талкууга катышкандар:

“Кыргызкөмүр” ишканасынын каржы директору Насыр Алиев

Башкы адис Замир Куттубаев

Энергетика министрлигинин отун-энергетика департаментинин жетектөөчү адиси Мирбек Маматов

“Азаттык”: Кыргызстанда тарифтердин опсуз көтөрүлүшү быйыл апрелде бийликтин алмашуусуна алып келди. Жаңы өкмөт келгенден бери тарифтер эч кандай көтөрүлбөйт, мурдагы калыбында калат деп атат. Бирок ошентсе да кийинки кездери 1 киловатт саат электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 42 тыйын экендиги айтылып атат. Атап айтканда, энергетика министри Осмонбек мырза ушундай пикирин айтты. Мына ушул 1 сом 42 тыйынга Бишкек жылуулук борборунун ТЭЦинин иштеп чыгарган жылуулугу да кошулгандан кийин 1 сом 42 тыйынбы, же болбосо Кыргызстандын өзүндө Токтогул ГЭСинде, Токтогул катарындагы ГЭСтерден өндүрүүчү, ташып жеткирүүчү, бөлүштүрүүчү компаниялардын кеткен чыгымдары 1 сом 42 тыйын болуп атабы?

Мирбек Маматов: Тарифке өздүк баасы, министрибиз айтып кеткен баага Бишкек жылуулук электр борборундагы электр жарыгын иштеп чыгарган баа да кирет. Ал жакта көмүр менен иштеген үчүн, ал көмүрдүн бардыгын сырттан алып келген үчүн өздүк наркы ТЭЦте өтө кымбат 2 сомдон артык баа болот.

ГЭСтердеги баа сөзсүз түрдө аз. Бирок бизде генерация электр энергияны өндүрүү жагында бир компания бар, ал чоң монополист - “Электрстанция” деген. Ошол компанияга ТЭЦ да, ГЭС да караган үчүн орточо баасы генерациянын 53,6 тыйын болуп атат. Андан тышкары өндүргөн электр энергияны алып берүү, ректор аркылуу пайдалануучуларга жеткирип берүү менен 1 сом 40 тыйын келип чыгып атат.

“Азаттык”:
Замирбек мырза, айталы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп чыгарылган электр энергиясынын бир киловаттынын өздүк наркы 8 тыйын дейт, ар кыл айтып келатат 4-5 тыйын болуп турган кези да болгон. Анын ташып келиши 15 тыйын менен 20 тыйындын тегерегинде, бөлүштүрүүлөргө келгенде дагы кошулганда баш-аягы биригип 50 тыйынга жетип-жетпеген болуп атат. Мындан дагы бир суроо чыгат. Кыргызстандын энергетикасын жалпы эл пайдалангандан кийин Бишкек шаарынын жылуулугу үчүн эмне үчүн бүт кыргызстандыктар кымбат баа төлөшү керек?

Замир Куттубаев: Сиз берген суроо бул адаттагы суроо. Сөзсүз түрдө азыр сиз айтып кеткен маселе көп элдин катмарына опурталдуу көрүнөт, эмне үчүн региондогулар Бишкектин пайдалануучуларын субсидия кылышы керек. Бирок чындыгын алып караганда андай эмес. Биз түшүнүшүбүз керек, Бишкек жылуулук борбору бүт Кыргызстан үчүн, бүтүн энергосистема үчүн керек. Эки жыл мурун ГЭСтерде суу аз болуп, электр энергияны толук жеткирип бералбай отурганда, бул Кыргызстанды, көбүнчөсүн алганда түндүк бөлүгүндө 75 пайыз электр энергияны пайдаланат. Ошол куткарып калган нерсе да болот. Бишкектеги жылуулук борборду көбүрөк жүктөп, көбүрөк электр энергия өндүрүп, бүткүл энерго системага керек. Бул бир гана Бишкек үчүн керек эмес.
Баткенде “Кызыл-Кыя” АОсунда эл жага турган көмүрдүн баасы 2 миң сомго барабар. Анын жол киресин ар ким өзү деле эсептеп отурса керек.


Ошол эле убакта электр энергияны чындап экономикалык жактан эсептеп көрсөк мындай болуп калат: электр энергиянын көбү Жалал-Абад облусунда өндүрүлгөн болсо, Жалал-Абаддагы пайдалануучулар 50 тыйындан да аз алышы керек болуп калат. Бул өзү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы келет.

Ошол эле убакта Бишкек өзү шаар катары кыргыз мамлекетинин бюджетинин 40 пайызын берет. Ошону алып караганда көп дотациялуу Нарын, Баткенге окшогон региондор республикалык бюджет аркылуу Бишкектен субсидия алат. Кыргызстан алакандай болгондон кийин бардыгына бирдей мамиле кылыш керек. Азыркы айтып кеткен Бишкекте бир гана жылуулук пайдаланыш үчүн ТЭЦ иштебейт, ал жакта бир миллиарддан ашык электр энергия өндүрүлөт.

Акча каралды, бирок акча жок

“Азаттык”: Замир мырза, Кыргызстандын жылдык керектөөсү көмүрдүн 2 млн. тоннанын тегерегинде экен. Анын 600 миңдей Казакстандан сатылып алынат. Ал эми калганы бир жарым миллионго жакын тонна көмүр Кыргызстандын өзүндө өндүрүлөт. Ал эми биздин расмий маалыматтар боюнча өндүрүлгөн көмүрдүн өлчөмү 600 миңдин гана тегерегинде. Демек өтө эле көп көмүр көмүскө экономикада калып жаткан жери жокпу?

Замир Куттубаев: Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы №88 токтому 2010-жылы кышкы, күзгү мезгилге даярдык боюнча токтомунун негизинде Кыргызстан калкынын көмүргө болгон муктаждыгы жалпысынан 918 миң 900 тоннаны түзөт. Анын ичинде Ош облусу боюнча 127 миң 800 тонна. Ош шаары боюнча 16 миң 500 тонна, Баткен облусу боюнча 116 миң тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 116 миң тонна, Чүй облусу боюнча 333 миң тонна, Талас облусу боюнча 41 миң, Бишкек шаары боюнча 128 миң, Нарын облусу боюнча 122 миң тоннаны түзөт. Бардыгы болуп көмүргө болгон элдин муктаждыгы 918 миң 900 тоннаны түзөт.

Андан тышкары бюджет мекемелерин, Бишкек ТЭЦин кошкондо 1 млн. 993 миң 400 тоннаны түзөт. Бүгүнкү күндө 2010-жылдын 1-августуна карата Кыргызстан калкын жана бюджет мекемелерин көмүр менен камсыз кылуу боюнча, калк 219 миң 300 тонна көмүр менен камсыз болду. Андан тышкары бюджеттик мекемелер 106 миң 100 тонна көмүр менен камсыз болду. Жалпысы болуп бүгүнкү күндө 325 миң 500 тонна көмүр менен камсыз болду. Андан тышкары 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча көмүр ишканалары республика боюнча 604 миң 900 тонна көмүр өндүрүшкөн. Быйылкы жылга 605 миң 800 тонна көмүр казып алууну пландап жатабыз.

“Азаттык”: Насыр мырза, Кара-Кечедеги мурдагы “Беш-Сары” компаниясынын ордуна “Кара-Кече көмүр” деген жаңы мамлекеттик ишкана түзүлдү. Түзүлгөнү менен каражаттын жоктугунан ал ишкана иштебей турат. Мына ушул ишканага каражат быйылкы жылы бөлүнүп калышы мүмкүнбү, же болбосо быйылкы жылы каражаты жок дагы эле токтоп калышы мүмкүнбү?

Насыр Алиев: Быйылкы жылы каражат 650 млн. сом. Ушул жылдын, Замир мырза айтып кеткен, 88-токтому менен болсо, 89-токтому менен 2010-жылдын 16-июнунда Кара-Кече мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Жакында 29-июнда 137-токтом менен Уставы бекитилди, 9-сентябрда 2010-жылы лицензия алды пайдаланууга жана көмүр казып алууга. Бул жерден 650 млн. сом каралган болчу. Анын быйылча 50 миллионун чечип берсе да жаман эмес, калганы 600 млн. сом каражат 2011-12-жылдары берилүүгө каралууда болуп калат.

“Азаттык”: Ага чейин эл башка компаниялардын көмүрүн сатып алууга мажбурбу?

Насыр Алиев: Ошондой болуп калат. Ага чейин башкалардын көмүрүн сатып алат, же болбосо сырттан инвесторлорду издөөгө туура келет.

Чөнтөк терең, кызыккандар көп

“Азаттык”: Мирбек мырза, Кыргызстандагы энергетикалык жоготуулар, билесиз жаңы түшүнүк бар коммерциялык жоготуу, кыргызча айтканда уурдоолор, мына ушул коммерциялык жоготуулар быйыл жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 26 пайызга жакынын түздү. Өндүрүлгөн электр энергиясынын өлчөмү 7 млрд. киловатт саатка жакын, ал эми жоготулганы 1 жарым миллиардга жакын. Мурдагы бийликтин тушунда биз муну коррупциялык схема, энергобарандордун чөнтөгүнө кетчү акча дечүбүз. Азыр ушул жоготуулардан түшкөн акча, башкача айтканда уурдалган акчалар кайда кетип атат?
Кыргызстан Орто Азиядагы көмүрдүн очогу болуп келген. 80-жылдары Кыргызстан боюнча 4 миллионго жакын көмүр өндүрө алышкан.


Мирбек Маматов: Энергетикада жоготуулар болот, жоготуулар болуш керек, бир гана техникалык жоготуулар, ал эми коммерциялык жоготуулар болбош керек, аны азайтыш керек. Бирок ошол эле учурда 1 млрд. жарымы бул техникалык жоготуу, ал трансформатордун иштешине, электр линияларын өткөрүп берүүдө электр энергиянын бир бөлүгү линияны жылытканга кетип жоголот. Ошону менен техникалык жоготуулар 10-12 пайыз болот. Андан башкасы коммерциялык жоготуулар. Коммерциялык жоготуулар да бизде өтө жогору. Анын үлүшү 1-2 пайыз болуш керек. Бул электр энергиянын эсептегичтердин анча-мынча ката кеткендери, ошого байланыштуу майда-чүйдө техникалык каражаттардын туура эмес иштегенине байланыштуу, ал 1-2 пайыз.

Андан башка жоготуулар булар абоненттер, пайдаланучулар, сиз менен биз, электр энергиянын бир бөлүгүн уурдаганы үчүн, калган бөлүгү ар кандай схемалар аркылуу кеткен. Жоготуулар 3-4 жыл мурун 3-4 пайызга жетчү, бул өндүрүлгөн электр энергиянын жарымы эле жок болчу. Азыр эми Энергетика министрлигинин жоготууларды азайтуунун артынан, сиз айтып келген, 26 пайызга келип жатабыз. Бул кийинки жылы дагы азая турган көрсөткүч. Муну биз популисттик кылып бир жылда эле жокко чыгарабыз деп коюшубуз мүмкүн, кагаз түрүндө жазып, жоготуу жок деп. Бирок тарифти калыптаганда жоготуу жок болсо, демек ал электр энергиядан киреше түшүш керек. Ал кирешени биз ремонтко, же башка нерсеге жумшашыбыз керек. Эгер биз бул жактан сүрөт тарта турган болсок, кийин ремонт жасадык деп сүрөт тартып, бул жерде схема болот. Ошон үчүн фактка реалдуу карап, бул электр энергиянын жоготууларын пландуу түрдө азайтыш керек. Бул жерде энергобарон деген терминди кезеги менен жок кылыш керек.

“Азаттык”: Себеби жаңы бийлик келердин астында энергетикадагы коррупцияны жок кылуу, энергетика тармагындагы уурдоолорду кан буугандай токтотобуз деген убада менен келишти эле. Эми бийликке келгенден кийин башкача сөз айтылып атат. Муну мыйзам ченемдүү, шашпай жасайбыз деп, эми шашпаганда, мурдагы коррупциялык система жок болсо, кайсы бир чөнтөккө дагы эле кетип атат да.

Мирбек Маматов:
Бийликке келгенде жоготобуз дегенди алар өзүнүн деңгээлинде жасап атышат. Жоготууларга мурда көп адамдар байланышкан үчүн электр энергиянын жоготууларын азайтуу мүмкүн эмес болуп жүргөн. Азыр жогорудан чоң мүмкүнчүлүк болуп тургандан кийин кааласа-каалабаса да схемаларды табыш керек. Котроллердон баштап алардан чоңдорго чейин иштеп, этап менен жок кылбаса, биз заматта жок кылыш мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Замир мырза, Кыргызстандагы көмүр кен компаниялары мамлекеттен эч кандай колдоосуз эле, сиз айтып аткан, 600 миңден ашык тонна көмүрдү казып алып атышат. Мамлекет алар үчүн бир тыйын бөлгөн жери жок. “Кыргызстан – Орто Азиянын отунчусу” деген атка ээ болгон. Азыркы мурда иштетилген көмүр кендеринин акыбалы кандай? Алардын ишин азыркы талапка ылайык келтирүү үчүн иштер жасалып жатабы?

Замир Куттубаев: Чынында эле Кыргызстан Орто Азиядагы көмүрдүн очогу болуп келген. 80-жылдары Кыргызстан боюнча 4 миллионго жакын көмүр өндүрө алышкан. Кийинчерек энергетика системасына өткөндөн кийин көмүр тармагына анчалык көңүл бурулбай калган. Акыркы жылдары электр энергиянын тартышыгынын негизинде кайра көмүр өнөр жайына көңүл бурула башталды.

Бүгүнкү күндө көмүр өнөр жайынын абалы мурунку жылдарга салыштырмалуу бир аз жакшырды десек болот. Айтсак, мурдагы жылдары 2005-жылы 300-400 миң тонна көмүр казылып келсе, бүгүнкү күндө 605 миң көмүр казылууда. Жакынкы 2010-13-жылга чейин бир миллиондон ашык көмүр өндүрүп алууга көмүр ишканалары пландаштырылып жатат. Ал үчүн мамлекеттин колдоосу менен жаңы “Кара-Кече” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Кудай буйруп акча маселеси чечилип калса, бул ишканада жылына 250-300 миң тонна көмүр өндүрүп алууга болот. Ошондой эле Түштүк регионунда Өзгөн бассейнинде 200 миллионго жакын көмүрдүн запасы каралган. Аны иштетүү үчүн дагы тыштан инвесторлорду тартуу маселелери каралып жатат.

Үмүт Камбар-Ата ГЭСинде

“Азаттык”: Насыр мырза, биздеги аябай көп акча Казакстандан көмүр сатып алууга кетет. Анын канчалык өлчөмдө экенин билесиз. Эгерде ошончолук акчаны Кыргызстандын өзүнүн көмүр кендерине инвестиция катары жумшаса, бир, же жарым жылдын ичиндеби азыркы тармак Кыргызстандын өзүнүнө жетерлик көмүрдү казып алууга жетише алат беле?
Кыргызстандын жылдык керектөөсү көмүрдүн 2 млн. тоннанын тегерегинде экен. Анын 600 миңдей Казакстандан сатылып алынат.


Насыр Алиев: Жетише алат го деп ойлойм. Анткени ТЭЦ жылуулук борбору бир жылда миң тонна көмүр жагат экен. Ошонун 150 миң тоннасы эле өзүбүздүн көмүр, калганы казактардыкы болуп атат. Элестетиңиз, 6-8 эсе болуп атат айырмасы. Ошонун жарымы эле боло турган болсо өзүбүздүн көмүр менен камсыздаганга толук шарт түзүлүп калат эле. Бир канча жумуш орду пайда болот эле, жакшы болот эле андай болсо.

“Азаттык”: Кыргызстандын энергетикасынын эң аялуу жери, бул суунун запасынын көптүгүнө, же аздыгына байланыштуу экен. Муну жалгыз эле биз эмес, Тажикстан да өзүнүн башынан кечирди. Мирбек мырза, быйыл шүгүрчүлүк, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 жарым млрд. куб. метр болуп турат. Бул жылда болбойт. Бул жагдайдан чыгыш үчүн Кыргызстанда эң негизги маселе, бул Камбар-Ата -1 ГЭСин, ага улай эле Камбар-Ата-2нин 2-3-агрегаттарын ишке киргизүү маселеси коюлуп атат. Азыр бюджет таңкыстыгы кезинде кайсы бир иштер жасалып жатабы?

Мирбек Маматов: Биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн кыргыз мамлекети өзү бир бөлүгүн мамлекеттик бюджеттен, бир бөлүгүн энерго компаниялар, энерго станциялар өзүлөрү каржылаган.

“Азаттык”: 9 млрд. сом кеттиби?

Мирбек Маматов: Бюджеттин, энерго компаниялардын мүмкүнчүлүгү, энерго компаниялар мурдагы тарифти көтөргөндө бир максаты катары Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-3-агрегатын каржылоо максаты да болчу мунун бир бөлүгү. Азыркы бир гана мамлекетте эмес, энерго компанияларда да чоң таңкыстытар, быйыл пландуу таңкыстык бир жарым миллиарддан ашык. Жарымын экспорттоо каражат менен жабылып, кийинки биздин энергетиктердин максаты катары өзүбүздүн ички резервдер болуп экспорт болуп эсепетелет. Жоготууларды азайтуу, андан тышкары биздин кредиттик каражаттар насыя алуу. Булар менен эптеп курушубуз керек. Аны менен параллелдүү бул орусиялык, башка чет өлкөлөрдүн чоң-чоң компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзүбүздүн мамлекеттин мүмкүнчүлүгү аз. Ошонун ичинде энерго компаниялардын да мүмкүнчүлүгү аз.

“Азаттык”: Замир мырза, Өзгөндөгү туюк бассейн жөнүндө айттыңыз, бул 200 млн. тонналык эң ири көмүр кен, болгондо да жарым кокс туюк кенине кызыккандар, туюк кенин ишетүүгө демилге көтөргөн инвесторлор пайда болуп атабы?

Замир Куттубаев: Сырттан инвесторлор каралып атат. Бирок бүгүнкү күндө жетишерлик деңгээлде иштетем деген инвестор жок болуп атат. Мунун эң негизги себеби Өзгөн бассейнин алыс жайгашышы, көмүр кенинин касып алуу системасы кыйынырак. Ошонун негизинде көп каражат жумшаш керек. Ал үчүн күчтүү бай инвестор тапканга азырынча мүмкүнчүлүк болбой атат. Бирок майда инвесторлор келип атат. Ошонун ичинен деле бүгүнкү күндө көмүр өнөр жайын өнүктүрүү боюнча жакшы иштеген он ишкананын бизнес пландарын түзүштү 23 млн. 200 миң долларга. Бүгүнкү күндө ошол ишканаларга да сырттан инвесторлорду тартуу иштери жүрүп жатат.

Көмүр болот, бирок арзан эмес

“Азаттык”: Замирбек мырза, энергетиктердин кышка даярдыгы кандай, жылдагыдай элеби, жылдагыдан мыктыбы, же кичине начарбы?

Замир Куттубаев: Энергосистеманын жылдагыдан күчтүрөк даяр десек болот кышкы сезонго. Себеби суу көйгөйү жок, ГЭСтерибиз толгон. Ошол эле убакта биринчи кварталда тарифтин жогорулугунан көп акча бөлүнүп, ремонттоо иштери да жетишерлик деңгээлде салыштырмалуу көбүрөк жүргүзүлгөн. Өкмөттүн, министрдин көзөмөлү астында көйгөйлүү Бишкек жылуулук борборунда ремонт иштери дайыма көзөмөлдө болуп турат. Ага да акча бөлүнүүсү эки эсе көбөйгөн, ремонт иштери да жүрүп атат.

“Азаттык”: Замир мырза, биздин улутташтарыбыз суук түшкөндөн кийин көмүрдү эстейт, отун алууну ойлоно баштайт. Мына бийик тоолуу Нарын жергесине кыш келди. Элдин көмүр менен камыз болушу быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кандай? Көмүр сатып алам деген элге азыр жетиштүү көмүр барбы?

Замир Куттубаев: Бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү суроолордун бири бул чын эле кыргыз эли кышка көмүр менен камсыз боло алабы деген суроо көп келет. Бүгүнкү күндө былтыркы жылга салыштырмалуу январь, август айларында 2009-жылы 190 миң 537 миң 900 тонна көмүр казылынып алынса, быйылкы жылы 190 миң 719,8 тонна көмүр казылып алынды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 100,1 пайызды түзөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө көмүр ишканаларынын кампаларында Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр казып алуучу жайларда 242 миң 900 тонна көмүрдүн запасы жүктөөгө даяр турат. Түштүк региону боюнча 218 миң 719 тонна көмүрдүн калдыктары сакталып турат. Бул кышка карата көмүр менен Кыргыз Республикасынын калкын жана бюджеттик мекемелерин, анын ичинен Бишкек электр борборун камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

“Азаттык”: Насыр мырза, көмүрдүн баасы былтыркыдай эле болобу, андан азырак болобу, же андан кымбатырак болобу?

Насыр Алиев: Былтыркыдан кымбатырак болот го. Анткени күйүүчүү майдын баасы былтыркыга караганда быйыл өсүп кетти, ошонун эсебинен. Болбосо, баалар былтыркыдан айырмасы деле жок. Мисалы, Баткенде “Кызыл-Кыя” АОсунда эл жага турган көмүрдүн баасы 2 миң сомго барабар. Анын жол киресин ар ким өзү деле эсептеп отурса керек, ошону менен 3 жарым миңдин тегерегинде болуп кала тургадай болуп турат. Беш-Буркандын көмүрүнүн сапаты жакшырак, 3100 сомдон болуп отурат.
XS
SM
MD
LG