Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Кыргызстандагы окуялар дүйнө назарында


Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы тирешүүгө көңүл кадап турду.
Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы тирешүүгө көңүл кадап турду.

Кыргызстанда Курманбек Бакиев кызматын тапшырып берип, чет өлкөгө чыгып кеткени дүйнөдөгү дээрлик бардык маалымат каражаттарында башкы тема болду. Жума күнкү айрым басылмаларга сереп салсак.

Лондондо чыгуучу “Индепендент” басылмасындагы макала “Дүйнө Кыргызстандагы бейпилдикке кызыкдар” деп аталат. Анда “Кудайга шүгүр, НАТОнун Ооганстандагы операцияларына чоң жардамын тийгизген Манас транзиттик борборуна коркунуч жок мындан ары, өлкө тынчый баштады, анткени президент Бакиев элди дүрбөтпөй чет өлкөгө чыгып кетти”, - деп жазат “Индепендент”.

Мына ушул Кыргызстанды тынчытып, Бакиевди алып чыгып кетүү операциясын биргелешип жүргүзгөн АКШ, Орусия, Казакстан ушуну менен өлкөнү ара жолдо таштап койбой, ал жерде биротоло бейпилдик орнотуп, өнүгүү жолуна түшүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтүшү керек, деп белгилейт Лондондук бул басылма. “Анткени кедей жана кичинекей өлкө болсо да, Кыргызстан Орусия жана Кытай, Батыш жана Ооганстандын ортосунда жайгашып, стратегиялык мааниге ээ, ошондуктан дүйнө коомчулугу аны көңүлдөн чыгарбай көз салып турганы оң.

“Индепендент” жазгандай, ушул азыр Орусия убада кылган 50 млн доллар менен чектелбей, баарылап жардам берип, Кыргызстандын жаңы жетекчилери пландап жаткан демократиялык өнүгүү жолу тезинен түптөлбөсө, эмкиде исламчыл күчтөр көтөрүлүп, өлкөнү өз таасирине бурат. “Андай окуя Орусияга да, Батышка да жакпаары талашсыз”, - деп жыйынтыктайт “Индепендент” басылмасы башмакаласын.

Ал тапта Казакстандык маалымат каражаттары президент Нурсултан Назарбаев мурдагы кыргыз президенти Бакиевди учакка салып, Казакстанга аман-эсен жеткирген учкучтарга мамлекеттик сыйлык ыйгарууга буйрук бергенин кабарлашты. Назарбаев жума күнү маалымат жыйынын өткөрүп, “биз Кыргызстанды жарандык согуштан сактап калдык” деп айткан. Астаналык кабар агенттиктери андан тышкары Курманбек Бакиев 7-апрель күнү Бишкекте башаламандык башталганда дароо эле Алматыга учуп барганын, бирок ал жерде конууга уруксат албай Бурулдайдагы аскердик аэродромго барып токтогонун кабарлашты. Казакстандын бийликтери ал жерде кыргыз президентинин учагындагы кишилерди жерге түшүрүүдөн баш тартып, ошондо гана Бакиев кайра артка учуп, Ошто конууга аргасыз болгонун жазып жатышат. Navi.kz сайты бул маалыматты атын атагысы келбеген дипломатка шилтеме берип жарыялады.

Аңгыча Түркиялык NTV телеканалы Кыргызстандын бозгун экс-лидери Бакиев Түркиядан башпаанек табат экен деген маалыматтарды төгүндөдү. Анкара бирок, ал тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

“Файненшл Таймс” гезити АКШ Конгресси Кыргызстандагы Манас транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо келишимдери экс-президент Бакиевдин үй бүлөсүн гана байыткан деген маалыматты иликтей баштаганын кабарлады. Конгрессмендер Вашингтондук чабарман Роберт Блейк менен жолугушуу маалында кыргыз лидери Роза Отунбаева мындан ары келишимдер ачык-айкын иштеши керек деп айтканына көңүл бурушкан.

Орусиялык Интерфакс агенттиги Курманбек Бакиев учакка аялы жана жаш балдары менен түшүп кеткенин кабарлады. “Эхо Москвы” радиосу ишеничтүү булактарга таянып, Бакиев кызматын тапшырганы тууралуу арызды жазаарда саламаттыгы начарлай түшкөнүн, андан улам жума күнү ал догдурга кайрылууга аргасыз болгонун маалымдады.



  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG