Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Сергей Лавров сириялык, ирандык кесиптештери менен кездешүүдө


Сергей Лавров ирандык кесиптеши Мохаммад Жавад Зариф менен.
Сергей Лавров ирандык кесиптеши Мохаммад Жавад Зариф менен.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада Сирия жана Ирандан келген кесиптештери менен жолугушту. Лавров Сирия тышкы иштер министри Валид Муаллем жана Ирандын башкы дипломаты Жавад Зариф менен сүйлөшүүлөрдү Сирия кризисин жөнгө салуунун "конструктивдүү жолун табуу аракети" катары сыпаттады.

Орусия министри Батыш өлкөлөрүн “БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдеринин маанисин бурмалап” жана “кылмыштарын токтотууну каалабаган экстремисттердин чырагына май тамызып жатышат”, деп айыптады. Валид Муаллем Лавровдон президент Владимир Путинге Башар Асаддын атынан “терроризмге каршы күрөштө натыйжалуу жардам бергендиги” үчүн ыраазылык билдирүүнү өтүндү.

Ал ортодо Алеппо шаарында оппозициялык күчтөр өкмөттүк аскерлердин курчоосунан чыгуу аракетине киришти. Лондондо жайгашкан Сирия обсерваториясы уюму бүгүн маалымдагандай, козголоңчулар бийликтин карамагындагы райондорго аткан ракеталардан 15 киши каза таап, 100дөн ашууну жараланды.

XS
SM
MD
LG