Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Москвада өз баласын өлтүргөн кыргыз эне соттолду


Москвага поезд менен Борбор Азия өлкөлөрүнөн жүздөгөн кыздар бакыт издеп келип жатышат

Москвага поезд менен Борбор Азия өлкөлөрүнөн жүздөгөн кыздар бакыт издеп келип жатышат

Орусияда өз наристесин таштап, кээ бирлери өлтүрүп кеткен фактылар көп каттала баштады.

Эки эркек эгиз ымыркайларды энеси Москвадагы төрөт үйлөрүнүн бирине таштап кеткен. Энеси кош бойлуу убагында ичин жашырып, таңып жүргөндүктөн наристелер оорукчан болуп төрөлүшөт.

Орусиядагы мигрант аялдарга ар тараптуу жардам берүү максатында түзүлгөн “Аруужан” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованын айтымында, балдарды алып кетүү үчүн эгиздердин өз энесин көндүргөнгө аракет кылышат.

Бирок эне ымыркайлардын зордуктоонун артынан келгендигин айтып, баш тартат. Эгиздерди асырап алуу үчүн төрөт үйүнө эки үй-бүлө келип, бирок алардын оорулуу экенин көрүп баш тартышат. Акыры бактысы ачылып, үч айдан соң ымыркайлар ата-энелүү болушат. Аларды кыргыз үй-бүлө асырап алат.


Айрым маалымат булактары Орусияда эмгектенген мигрант аялдардын балдарын төрөт үйлөрүнө таштап же болбосо өлтүрүп ыргыткан фактыларын жазып келишет. Алардын көбү кыргызстандык кыз-келиндер экени да баса белгиленген. Мисалы, 2007-жылдын декабрында Кыргызстандын жараны жаңы төрөлгөн баласын тумчуктуруп өлтүрүп, өзү белгисиз жоголгон.

2009-жылы Москва шаарында өз наристесин көчөгө таштаган кыргыз келинди милиция кызматкерлери кармаган.

Ал эми жакында эле ушундай окуя боюнча Москвада сот болуп, кыргыз келин камалган. Бактыгүл Сейитбекованын айтымында, акыркы 1-2 жылда кыргыз кыз-келиндердин балдарын таштап кеткен фактылары азайган. Анткен менен баласын өз колу менен өлтүрүп, үрөй учурган окуялар да жок эмес.

- Жакында бир кызыбыз ошентип соттолду. Ал өз баласын ваннада төрөп, алып чыгып балкондон ыргытып жибериптир. Текшерүүдө бул үчүнчү төрөтү экен. Ал балдары да кайда экени белгисиз, - дейт Б.Сейитбекова.

Миграция маселесин иликтеп, изилдеген адистер мигранттар арсынан айрыкча аялдар көбүрөөк кыйналганын белгилеп келишет. Айрымдары зордуктоого тушугуп, боюнан алдырууга өз убагында каражат таппай баласын таштаганга мажбур болуп жатат деген пикирлерин айтып жатышат.

Москвада бойдон алдыруу 4 миң рублдан жогору турат экен. Бул айрымдардын бир айлык маянасынын жарымы да болуп калат.

Москва шаарында гинеколог болуп эмгектенген Пазилат Насипова азыр мурдагыга караганда төрөт үйүнө таштап кеткен кыргыздар азайгандыгын тастыктап, азыр көптөрү Орусиянын жарандыгын алгандыктан көп нерсеге укуктуу экенин айтат. Ошол эле маалда канчалаган жаш кыздардын бойдон алдыруу үчүн кезекте турганын “Азаттыкка” айтып берди.

- Төрөп, таштап кеткен бир гана кыргыз кыз-келиндер эмес. Тажик, өзбек башка улуттагылар деле бар. Көпчүлүк жаш кыздар бойго бүтүп калганын же андан сактануунун жолдорун билбейт, маалыматы жок. Биз аларга болушунча маалымат берүүгө аракет жасап жатабыз. Москва шаарынын Павелецкая метросунда арзан эмканада ачылган, ал жерде бойдон алдыруу үчүн жапжаш кыргыз кыздарынын кезекте турганын көрөм. Болгондо да наркоз менен алдырашат. Бир эмес, үч-төрт жолу алдыргандар бар. Врачтар өздөрү таң калып, коркуп “болду жетишет” деп айдап чыгышат, - дейт П.Насипова.

Чындыгында, Москвадагы балдар үйүндө күн кечирип жаткан кичинекей мекендештерибиз тууралуу кеп көптөн бери эле козголуп келет. Бирок мамлекет тарабынан атайын кадамдар жасала электигин адистер айтып келет.

Социолог Топчүгүл Шайдуллаева кандай гана проблема болбосун анын кесепеттерин жоюудан мурда, маселенин келип чыккан себептерин иликтеп, такташ керектигин айтат. Анын айтымында, мигранттардын эмгегин коргогон укуктук-агартуучулук маалымат бергендей эле репродуктивдик укугун коргогон маалымат да берүү зарыл.

“Бул алардын эскертмесинин бир бөлүгү катары кириш керек”, - дейт Т.Шайдуллаева:

- Сыртка иштегени кеткендердин көбү бойго жеткен, репродуктивдүү курактагы кыз-келиндер кетип жатпайбы. Ошондуктан, аларга керектүү медициналык маалыматты берип, керек болсо курстардан өткөрүп, керек болсо жөнөп жаткан кыздардын курстан өткөн тастыктаган кагазды талап кылышыбыз керек. Экинчиден, булар барганда бир бөлмөлүү батирде 10-20дан ашуун тааныбаган эле эркек, аялдар менен чогуу жашап калып жатышпайбы. Мындай учурда кыз-келиндердин көбү зордуктоого да туш болуп, жыйнтыгында төрөп, баланы жок кылууга мажбур болушууда.

Адистер болсо качан гана аялдардын репродуктивдүү укугу мыйзам чегинде корголмоюнча мындай көйгөйлөр чыга берерин эскертишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG