Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Ташкендеги аялдар түрмөсүндө шарт начар


Taшкенде аялдар түрмөсү көчүрүлгөнү жатат. Жергиликтүү укук коргоочулар эски түрмөнүн жашоо шарты өтө начар экендигин айтышууда.

Өзбек баш калаасынын 2200-жылдык маарекесинин алдындагы шаарды көркөмдөө иштеринин чегинде Ташкендин борборундагы түрмөнү 20 чакырым аралыкка чыгарып кетишмекчи.

Мында 1300дөй кыздар менен аялдар турат. Укук коргоочу Мухтабар Тожибоева Азаттыктын өзбек кызматына түрмө көчүрүлсө, абактагылардын урук-туугандарына аларды көрүш кыйын болуп калаарын билдирди:

- Бул түрмөнүн бир жакшы жагы, Өзбекстанда билесиз, абактагылардын урук-туугандары келсе, аларды зарыктырып күттүрүшөт. Мына ошол туугандары мында келгенде, эже-карындаштарына кездешүү кезегинде 3-5 күндөп күтүп калганда, кыйналбастан шаар борборунда үй-жай таап алышат.

Түрмөдөгү аялдардын күнүмдүк жашоосу менен таанышып келген Тожибоева азыркы түрмөнүн шарты өтө начар экендигин айтат:

- 1200-1400 киши сууга түшө турган жерди мончо деп аташат, андан ысык суу 3 гана чоргодон агат. Бир күндө эки топ болуп, сууга түшүшөт. Бир киргенде 200-300 киши жуунат, чайканып эле чыга беришет.

Шаар бийликтери түрмөнүн көчүрүлүп жаткандыгын бышыктаган менен, жаңы түрмөнүн шарттары тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Жаңы деген менен, ал түрмө деле мурда эркектердин колониясы болгон.

Азыркы аялдар түмөсү 1930-жылдары советтик доордо ачылган. Ал орус колонизаторлору мезгилинде аскер турагы үчүн курулган имаратта жайгашкан.

XS
SM
MD
LG