Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Amnesty International калабаны иликтөө боюнча сунуш жолдоду


27-июлда Эл аралык мунапыс уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуяларды иликтөө боюнча атайын сунуштарын жарыялады. Буга дейре кыргыз өкмөтү кыргыз, өзбек улутундагы коомчулук өкүлдөрүнөн, белгилүү ишмерлерден турган мамлекеттик комиссия түзгөн.

Ага удаа финляндиялык дипломат Киммо Килйунен жетектеген эл аралык комиссия уюшулган. Эл аралык мунапыс уюму “бул комиссия кылмышта шектелген мамлекеттик кызматкерлерди иштен бошотууга да укуктуу болушу керек” деп эсептейт.

Эл аралык мунапыс уюму Кыргызстанда өткөн айдагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзө турган мекеме, же эч кимден коркпой турган эркин, калыс комиссия иштей аларынан күмөн санайт.

Кыргыз бийликтери Ош, Жалал-Абаддагы кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынганын билдиргени менен, дагы эле ал жактан адамдарды уурдап кетүү, расмий айыптоосу жок эле камакка алуу, туткундардын туугандарынан акча доолаган учурлар катталып жатканын маалымдайт.

Расмий Бишкек мындай айыптоолор дыкат текшерилип жатканын айтып келатат. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева көз карандысыз иликтөөгө кыргыз өкмөтү да кызыкдар экенин, улуттук комиссиянын курамына ишеничтүү адамдар киргенин айткан.

- Бул комиссияга Кыргызстандын белдүү, эл тааныган өзбек жана кыргыз улутунун өкүлдөрү кирди. Башкача айтканда, биздин оюбузча алардын иликтөөсү болушунча бейтарап болот.

Эл аралык мунапыс уюму көз карандысыз иликтөөнүн зарылдыгын белгилеп, аларга “бийлик өкүлдөрү Оштогу окуялар боюнча маалымат топтоп, документтерди чогултуп жүргөн журналисттер менен жарандык коом активисттерин кысымга алып жатышат” деген маалыматтар түшүп жатканына көңүл бурат.

Кыргызстандын улуттук комиссиясынан башка эл аралык комиссия да уюшулган. Анын төрагасы, Европадагы коопсуздук жана кызматтташтык уюмунун Борбор Азиядагы чабарманы Киммо Килйунен өткөн аптада Бишкекке барганында президент Роза Отунбаева жана анын өкмөтү эл аралык иликтөөлөргө ачык экенине басым жасады.

- Мен башында айткандай, биз бул окуяларды иликтөө боюнча Кыргызстандын өзүндө түзүлгөн улуттук комиссия менен кызматташабыз. Кайсы өлкөдө болбосун, өкмөт өзү чакырып, уруксат бермейинче, эл аралык комиссия иликтөө жүргүзө албайт. Бизди Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жана өкмөт чакырды. Биздин комиссия көз карандысыз иликтөө жүргүзөт. Бирок биз улуттук комиссияны урматтап, алар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барабыз.

Аталган уюм өзүнүн билдирүүсүндө иликтөө комиссиясынын ыйгарым укуктары, комиссия топтогон маалыматты коомчулукка жеткирүү, күбөлөрдүн жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу, иликтөө аяктаган соң Кыргызстанга сунушталчу кеңештер тууралуу бир катар демилге көтөрдү.

Мисалы, комиссиянын бирден бир укугу - иликтөөлөргө мамлекеттик эмес тараптарды жана карапайым жарандарды гана эмес, мамлекеттин башында турган кызматкерлерди да тартуу жана алардын окуялар учурундагы иш аракеттерин изилдөө болушу зарыл.

Иликтөөлөр кандуу окуяларда курман болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон адамдардын так санын аныкташы керек. Комиссиянын дагы бир милдети улуттар аралык араздашууга өбөлгө түзгөн адамдарды аныктоо жана алардын ар биринин кылмышын өзүнчө ачып көрсөтүү болмокчу.

Мындай кеңири иш аракеттерди жүргүзүү үчүн комиссияга ар түрдүү булактардан маалымат алып-топтоого мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Ошол себептен Эл аралык мунапыс уюму өзгөчө басым жасаган дагы бир сунуш – комиссиянын маалымат чогултуусуна тоскоолдуктарды жоюу жана бардык тийиштүү аймактарга эркин кирип-чыгышын камсыз кылуу болуп саналат.

“Эгер иликтөөлөр учурунда айрым мамлекеттик кызматкерлер шектүү деп табылса, комиссия аларды кызматтан бошотууга укугу бар болушу керек” деп белгилейт Эл аралык мунапыс уюму.
XS
SM
MD
LG