Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Кыргызстан: Каржы кризисинин каары сезиле баштады


Каржы кризисинин айынан Москвада 400 кыргыз атуулу иштен кол жууду.

Каржы кризисинин айынан Москвада 400 кыргыз атуулу иштен кол жууду.

Адисттердин айтымында, дүйнөлүк каржы каатчылыгынын эпкини айрыкча Кыргызстандын соода жана кызмат көрсөтүү тармагына тийиши ыктымал. Анткени банктардын көпчүлүгү кредиттерин дал ушул тармактарга берип келген.

Эрлан Жуманов Бишкектеги миңдеген студенттердин бири. Аны жашоонун улам барган сайын кыйындап баратканы түйшөлтөт:

- Азык-түлүктүн баасы асман чапчыды. Ал эми кийимдин наркы тууралуу айтпай эле коеюн. Баардык жерде эле кымбатчылык, айылда деле ошол. Малдын баасы болсо аябай арзандады. Мурун бодо мал кымбат, азык-түлүк арзан эле. Азыр болсо тескерисинче. Айылдагы ата-энемден мурдагыдай жардам келбей калды. Себеби кризистин айынан алар да кыйналышууда. Биз болсо иштейли десек иш жок, кээде жолго акча жок, сабакка жөө барып келүүгө туура келет.

Дүйнөлүк каржы каатчылыгы азыр Кыргызстанды эле эмес, ири өнүккөн өлкөлөрдү да мөгдөтүп турат. Бул каатчылык дүйнөлүк ири ишкана, банктарга гана эмес, гольф клуб, камсыздандыруу компаниялардан тарта, кафе- ресторандарга чейин таасир этүүдө. Алардын кээ бири жабылууга дуушар болуп, айрымдарында иш-орундары кыскарууда. Мисалы акыркы алты ай ичинде Францияда үч миң чакты ресторан жабылган. Ноябрь айында эле Американын финансы мекемелеринде эмгектенген жетимиш миң кызматкер иштен бошотулмакчы. Кытайда жетимиш миң ишкана банкрот болгондугун кытай бийлиги маалымдады.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматында, бул кризистин айынан 2009-жылдын аягына чейин жыйырма милион адам жумушсуз калышы мүмкүн. Бул көрсөткүч Орусияда 300 миң чакты адамды түзөт деп белгиленүүдө. Алардын арасында да сөзсүз кыргызстандык мигранттар болоору бышык.

Өткөн жумада эле Москва шаарында эмгектеген 400 кыргыз атуулу иштен бошотулгандыгын Кыргызстандын Оруссиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдирди:

- Кризистин таасири биздин атуулдарга өзгөчө катуу тийүүдө. Бул жакта кыскартуулар абдан көп. Түркиянын “МК” компаниясында эмгектенген эки миңдей кыргызстандыктын төрт жүз чактысы иштен бошотулду. Биз аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп, атуулдарыбызды мүмкүн болушунча узак убакытка иш менен камсыз кылып берүүнү өтүндүк.

18-ноябрда Бишкекте дүйнөлүк каржы кризисинин Кыргызстанга таасири боюнча талкуу өттү. Ага ишкерлер, банк кызматкерлери жана өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Талкууда каатчылык кайсы тармактарга айрыкча таасир этүүдө, кризис экономиканын өсүшүн жарга такап жатабы, каатчылыка каршы кандай чара колдонсо болот, деген суроолордун алкагында баарлашуу болду. Жакынкы аралыка адистерди божомолдору айтылды. Кыргызстан ишкерлер биримдигинин аткаруучу деректири Үсөн Кыдыралиев чукул чаралар көрүлүшү керектигин билдирди:

- Кыргызстан четте турат, ошондуктан бул кризистин таасири бизге көп тийбейт, деген пикирлерге кошула албайм. Мен бүгүн эле Ош шаарындагы ишкер менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал былтыр бизнесин баштаган. Банк ал сураган акчанын жарымын гана берген экен. Эми калган сумманы сураса акча жок деген жоопту айтып жатат, дейт. Биз каалайбызбы каалабайбызбы баары бир кризис таасир этүүдө. Алсак курулуш тармагындагы ишкерлик өткөн жылдагыдан жыйырма-отуз пайызга төмөндөп кеткен.

Бул финансылык каатчылыктын кесепетинен курулуш материалдары кырк пайызга чейин азайган. Кредит берүүнүн пайыздары жогорулап, насыячыларга акча берүү жана депозитке каражат салгандардын саны кыскарганын адистер белгилешүүдө.

Каржы каатчылыгы Кыргызстанга бир нече багыт боюнча таасир этиши мүмкүн, дейт Экономикалык өнүгүү жана соода мнистрлигинин бөлүм башчысы Болот Токсобаев:

- Эмгек мигранттардан которулуп жаткан каражаттардын азайышы, кыргыз продукциясына суроо талаптын төмөндөшү, улуттук валютанын наркы начарлап, инвестиция тартуу жагы дагы артка кетиши мүмкүн. Биздин министрлик тарабынан бул каржы кризисине каршы туруу максатында атайын программа иштелип чыгууда.

Адистердин баамында үйнөлүк каржы каатчылыгына каршы турууда өкмөт биринчи кезекте элге көмөк көрсөтүшү керек. Карапайым калкка жетиштүү дан-азык, ишкерлерге үзгүлтүксүз электр жарыгы менен үстөк пайызы төмөн болгон насыялар берилсе аз да болсо колдоо болмок, дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG