Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Футбол: Германия жана Англия күйөрмандардын үмүтүн актабады


Англия менен Алжир өлкөлөрүнүн беттешүүлөрүнөн бир көрүнүш.
Англия менен Алжир өлкөлөрүнүн беттешүүлөрүнөн бир көрүнүш.

Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатын кыргызстандык күйөрмандар кызыгуу менен көрүшүүдө.

Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан футболдон дүйнө чемпионатында 32 өлкөнүн футболдук командалары 8 топко бөлүнүп мөрөй талашууда.

Бул дүйнө чемпионатынын алкагында 18-июнда Германия менен Сербиянын, Слования менен АКШнын жана Англия менен Алжир өлкөлөрүнүн беттешүүлөрүнүн жыйынтыкталды.

“Д” тобундагы Германия менен Сербиянын беттешүүсүндө мелдеш башталганда эки команданын даярдыгы, чеберчилиги бирдей экени байкалды. Биринчи беттешүүдө германиялыктар Австралияны 4:0 эсебинде утуп алышкандыктан бул ирет да ишенимдүү ойной баштаган. Бирок германиялык чабуулчу Мирослав Клозе эрежелерди бузуп, одоно ойногону үчүн калыстар эки ирет эскертүү берип, кызыл кагаз алуу менен футбол талаасынан чыгып калды.

Бул беттешүүдө сербиялык чабуулчу Милан Йованович чеберчилигин көрсөтүп, командасын жеңишке жеткирди. Беттешүү 1:0 эсебинде сербиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти, генерал-лейтенант Өмүрбек Кутуев дүйнө чемпионатындагы 18-июнда болуп өткөн беттешүүлөр тууралуу “Азаттыка” өз пикирин билдирди.

- Дүйнөлүк футболдо "карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү даы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат деген пикирлер көп айтылган эле. Бирок Франция, Германия өлкөлөрү футбол күйөрмандарынын ишеничин, үмүтүн актай алышпай жатат. Былтыртан бери Испания менен Голландиянын да даярдыгы мыкты болчу. Алар деле укмуштай ийгиликтерди жаратат деген ишенич бар эле. Испания - Европанын чемпиону болуп, табында турган учуру эле. Бирок биринчи беттешүүдө жеңилип калып, абдан намыстанып турган учуру. Кырк жылдан ашуун тыныгуудан кийин Түндүк Корея да жолдомо алды. Алжир, Гана, Камерун жана талаа ээлери да жакшы оюн көрсөтүп, күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратуусу ыктымал. Мезгил өткөн сайын дүйнөлүк футболдун таасири артып, чеберчилик да жогорулап баратат. Даярдыгы, күчү бирдей командалар арбын боло баштады.

Словения-Алжир беттешүүсү
18-июнда “С” тобундагы командалардан Словения менен Америка Кошмо Штаттарынын командалары күч сынашты. Мында словениялыктар биринчи таймда эле демилгени колго алышып, 13-мүнөттө словениялык Вальтер Бирша биринчи топту киргизип, эсепти ачты.

Биринчи тайм аяктап жаткан учурда да словениялык чабуулчу Златан Любиянкич эсепти дагы бирге көбөйтүп, биринчи бөлүк 2:0 эсебинде словениялыктардын жеңиши менен аяктады. Экиничи таймда америкалыктар аракет кылышып, беттешүүнүн 48-мүнөтүндө америкалык Лэндон Донован командасын алдыга сүрөп, бир топту атаандаштарынын дарбазасына киргизип, эсепти 2:1ге өзгөрттү.

Беттешүү аяктаарына 8 мүнөт калганда америкалык башкы машыктыруучунун уулу Майкл Брэдли дагы бир топту словениялыктардын дарбазасына таамай тээп киргизүү менен эсеп 2:2 болуп, тең чыгышты.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан “С” тобундагы негизги атаандаштар Англия менен Африка аймагына таанылган Алжир өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында эки команда канчалык аракет кылышканы менен эки таймда тең эсепти ачалбай беттешүү 0:0 болуп теңата оюн болду.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, дүйнө чемпионатында Аргентина, Бразилия жана Испания өлкөлөрүн алдыңкы топко чыгышы ыктымал. Себеби командалардын тагдыры үчүнчү беттешүүлөрдө билинип калат.

19-июнда Голландия менен Жапония, Гана менен Австралия жана Камерун менен Дания өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашат.

18-июнь
Англия - Алжир - 0:0
Словения - АКШ - 2:2
Германия - Сербия - 0:1

17-июнь
Франция - Мексика - 0:2
Греция - Нигерия - 2:1
Аргентина - Түштүк Корея - 4:1

16-июнь
Түштүк Африка республикасы - Уругвай - 0:3
Испания - Швейцария - 0:1
Гондурас - Чили - 0:1

15-июнь
Бразилия - Түндүк Корея - 2:1
Кот-д'Ивуар - Португалия - 0:0
XS
SM
MD
LG