Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Италиянын тагдыры үчүнчү беттешүүдө чечилет


Дүйнө чемпионатында Аргентина, Бразилия жана Голландия учурда 6 упайга ээ болушуп, кийинки беттешүүлөргө жолу ачылды.

Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан футболдон дүйнө чемпионатында 32 өлкөнүн футболдук командалары 8 топко бөлүнүп мөрөй талашууда.

20-июнда Словакия менен Парагвай, дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Бразилия менен Кот-д'Ивуар жана дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италия менен Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашты.

“F” тобундагы Словакия менен Парагвайдын беттешүүсүндө мелдеш башталганда түштүк америкалыктар демилгени колго алышты. Парагвайдын командасынын даярдыгы, чеберчилиги жогору экени байкалды. Биринчи таймдын 27-мүнөтүндө парагвайлык Энрике Вера чеберчилигин көрсөтүп, эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү.

Экинчи тайм аяктоого аз убакыт калганда парагвайлык чабуулчу Кристиан Риверос эсепти дагы бир топко көбөйтүп, словакиялыктарга жеңилүү ызасын алып келди. Беттешүү 2:0 эсебинде парагвайлыктардын жеңиши менен аяктады.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов дүйнө чемпионатындагы 20-июнда болуп өткөн беттешүүлөр тууралуу “Азаттыкка” өз пикирин айтып, таймашууларга тандалган командалар катышканын, Бразилия кийинки беттешүүлөргө жолун ачканын, Италия менен Жаңы Зеландиянын тагдыры үчүнчү беттешүүдө чечилээрин билдирди.

20-июнда “G” тобундагы командалардан Бразилия менен Кот-д'Ивуар футболчулары күч сынашты. Мында бразилиялыктар биринчи таймда эле демилгени колго алышып, 25-мүнөттө атаандаштарын алдап өткөн Луис Фабиано биринчи топту таамай тээп киргизип, эсепти ачып, Бразилия алдыга озду.

Экинчи таймда да бразилиялыктар артыкчылык кылып турушту. Беттешүүнүн 50-мүнөтүндө бразилиялык чабуулчу Луис Фабиано дагы бир топту аттандаштарынын дарбазасынан алып чыгууга аргасыз кылды. Бразилиянын командасынын ийгилигин оюндун 62-мүнөтүндө Элано бекемдеп, Кот-д Ивуардын дарбазасына үчүнчү топту киргизди.

Африкалыктар беттешүүнүн акыркы мүнөттөрүндө аракет кылып, чабуулга өтүп турушту. Натыйжада беттешүүнүн 79- мүнөтүндө котдивуарлык чабуулчу Дидье Дрогба топту башы менен сүзүп киргизүү менен күйөрмандардын көңүлүн бурду. Бул беттешүү 3:1 эсебинде Бразилиянын тандалма командасынын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан “F” тобундагы негизги атаандаштар Италия менен Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында Жаңы Зеландия командасынын чабуулчусу Шэйн Смельц беттешүү башталган 7-мүнөттө эсепти ачып, Италиянын дарбазасына топту таамай тээп киргизди.

Гватемалалык калыс Карлос Батрес италиялык чабуулчу Де Россини чабуул учурунда жаңы зеландиялык Томми Смит кийиминен кармап, тоскоолдук кылганы үчүн 11-метрлик айыпка жыкты. Беттешүүнүн 29-мүнөтүндө Италиянын “Ювентус” командасынын чабуулчусу Винченцо Яквинта 11-метрлик айып тобун таамай тээп киргизүү менен эсепти теңдеди. Бул беттешүүдө Жаңы Зеландиянын командасынын капитаны Райан Нельсен чеберчилиги менен таанылып, борбордук коргонуу чебин бекем сактап турганын футбол адистери айтышууда.

Жаңы Зеландиялыктар менен италиялыктардын беттешүүсү 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Бишкектик футбол күйөрманы Эрик Мамукуловдун пикиринде, дүйнө чемпионатында бул ирет дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия командасы күйөрмандарынын ишенимин актай албады.

-Дүйнөлүк футболдо бир нече жолу дүйнө чемпиону аталган Италия командасы Жаңы Зеландияны оңой эле утуп алган го деп ишенип тургам. Алар да баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат деген элем. Былтыртан бери Италиянын да даярдыгы мыкты болчу. Алар бул дүйнө чемпионатында өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтө албай уят болуп жатышат.

Учурда Италия менен Жаңы Зеландия экиден упай топтоо менен алардын тагдыры кийинки үчүнчү таймашууларда чечилет.

21-июнда «Н» тобундагы Испания менен Гондурас, Чили менен Швейцария жана «G” тобундагы Португалия менен Түндүк Корея өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашат.

Жакынкы күндөрү болуп өткөн беттешүүлөрдүн жыйынтыктары жана боло турган мелдештер:

22- июнь Грекия - Аргентина - “В” тобу
22- июнь Нигерия – Түштүк Корея- “В” тобу
22- июнь Франция – Түштүк Африка республикасы -“А” тобу
22- июнь Мексика - Уругвай- “А” тобу
21- июнь Испания - Гондурас - “ H” тобу
21- июнь Чили - Швейцария- “Н” тобу
21- июнь Португалия – Түндүк Корея - “G” тобу

20- июнь Бразилия - Кот-д'Ивуар - 3:1- “G” тобу
20- июнь Италия - Жаңы Зеландия - 1:1- “F” тобу
20- июнь Словакия - Парагвай - 0:2 - “F” тобу
19- июнь Камерун - Дания - 1:2 - “E” тобу
19- июнь Гана - Австралия - 1:1- “D” тобу
19 -июнь Голландия - Жапония - 1:0- “E” тобу
18 -июнь Англия - Алжир - 0:0- “С” тобу
18- июнь Словения - АКШ - 2:2- “С” тобу
18- июнь Германия - Сербия - 0:1- “D” тобу
XS
SM
MD
LG