Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

23-июнда футболдон дүйнөлүк чемпионатта Америка Кошмо Штаттары, Германия, Англия жана Австралия өлкөлөрүнүн командалары жеңишке жетишти.

23-июнда Гана менен Германия өлкөлөрүнүн футболчулары күч сынашты. Мында биринчи таймда эки атаандаш кызыктуу оюн көрсөтүштү. Эки команда удаа-удаа чабуулга өткөнү менен эсеп ачылган жок. Экинчи таймда Германия өлкөсүнүн футболчулары демилгени колго алышып, тез-тез чабуулга өтүп турушту. Себеби германиялыктар үчүн сегизден бир финалга чыгуу үчүн ганалыктарды жеңүү өтө маанилүү эле.

Беттешүүнүн 60-мүнөтүндө германиялык Месут Озилдин таамай тепкен тобу ганалыктардын дарбазасынан орун алып, командасынын кийинки беттешүүлөргө жолун ачты. Мелдеш 1:0 эсебинде Германия командасынын жеңиши менен аяктады.

“Учур” гезитинин спорттук баяндамчысы Сурат Жылкычиев ганалыктардын даярдыгына жана аракетине жогору баасын берип, алар бир нече жолу ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жибергенин “Азаттыкка” билдирди.

Футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан Австралия менен Сербия өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында Сербия командасынын футболчулары жакшы оюн көрсөтүшкөнү менен экинчи таймда австралиялыктар артыкчылык кылышты.

Беттешүүнүн 69-мүнөтүндө австралиялык Тим Кэхилл эсепти ачса, оюнга жаңы эле кирген анын өнөгү Бретт Холман дагы бир топту Сериянын дарабазасына таамай багыттады.

2:0 эсебинде утуп жатышкан австралиялыктарга 84-мүнөттө сербиялык Марко Пантелич жооп кылды. 2:1 эсебинде австралиялыктар жеңишке жетишкени менен алар жетиштүү упай топтой алышпай сегизден бир финалга чыкпай калышты.

Словения менен Англиянын беттешүүсүндө мелдеш башталганда англиялыктар демилгени колго алышты. Мында эки команданын даярдыгы, чеберчилиги жогору экени айкын байкалды. Биринчи таймдын 23-мүнөтүндө Англиянын чабуулчусу Дефо Жермейн чеберчилигин көрсөтүп, эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү. Беттешүү 1:0 эсебинде футболдун мекени аталган Англиянын жеңиши менен аяктады.

АКШ менен Алжирдин таймашуусу да курч мүнөздө өттү. Эки таймда тең эсеп ачылбай, убара болушту. Оюн аяктап бараткандагы кошумча мүнөттө гана америкалык Лэндон Донован командасын сегизден бир финалга чыгарып, америкалык футбол күйөрмандарын сүйүнттү.

Учурда Аргентина гана 3 беттешүүнү тең жеңип 9 упайга ээ. Уругвай 7 упайга татыктуу толуп, кийинк турга чыкты. Бразилия, Голландия, Германия жана Чили өлкөлөрү 6 упай топтоо менен кийинки беттешүүлөргө жолун ачып койду.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой” командасынын кызматкери Марат Абитековдун болжолунда 24-июндагы беттешүүлөрдө Парагвай, Италия жана Голландия өлкөлөрү жеңишке жетүүсү ыктымал.

- 24-июнда боло турган мелдеште Дания менен Жапониянын кимиси утаарын айтуу кыйын болуп турат. Себеби жапондор дагы кийинки таймашууларга чыгуу үчүн абдан аракет кылып жатышат. “Топ томолок” дегендей ийгилик кимди жылоолосо ошол команда гана сегизден бир финалга чыгат.

24-июнда Парагвай менен Жаңы Зеландия, Словакия менен Италия жана Камерун менен Голландия өлкөсүнүн жана Дания менен Жапониянын футболдук командалары күч сынашат.
XS
SM
MD
LG