Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

16 мыкты команда иргелди


Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатында сегизден бир финалда ойноого укук алган 16 команда тең аныкталды.

25-июнда Швейцария менен Гондурас, Чили менен Испания, Түндүк Корея менен Кот-д'Ивуар жана Португалия менен Бразилия өлкөлөрүнүн кызыктуу таймашуулары болду.

Швейцария менен Гондурастын беттешүүсүндө эки атаандаш кызыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылышты. Бирок эки команда удаа-удаа чабуулга өткөнү менен эсеп ачылган жок. 0:0 болуп, бирден упайга ээ болушту. Бирок эки команда тең сегизден бир финалга чыкпай калды.

Португалия менен Бразилиянын командалары тең эсепти ачалбай, 94 мүнөттүк беттешүү 0:0 болуп аяктады. Мында дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Бразилия командасына португалиялыктар туруштук берип, 5 упайга ээ болуу менен сегизден бир финалда ойноого жолу ачылды.

Түштүк Америка континентинин намысын коргоп жаткан Чили өлкөсүнүн футболчулары Испания командасына кооптуу жагдайды жаратканы менен 2:1 эсебинде испандыктар жеңишке жетип, эки команда тең 6 упай топтоо менен сегизден бир финалда ойноого укук алышты.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов сегизден бир финалга чыккан Жапон жана Түштүк Кореянын даярдыгына жана аракетине жогору баасын берип, алар Азиянын намысын татыктуу коргоп жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

25-июнда Түндүк Корея менен Кот д'Ивуар өлкөлөрүнүн беттешүүлөрүндө африкалык футболчулар үстөмдүк кылып, 3:0 эсебинде утуп алышты. Мында Кот д'Ивуар командасынын футболчулары жакшы оюн көрсөтүшкөнү менен алар сегизден бир финалга чыкпай калышты.


Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбековдун болжолунда, быйылкы дүйнө чемпионатында Аргентина же Бразилия өлкөсү жеңишке жетүүсү ыктымал.

-Он беш күндөгү алгачкы топтук таймашууларда ар бир оюн сайын мыкты чеберчилигин көрсөткөн Аргентина, Голландия, Бразилия, Уругвай, Испания, Чили командалары айырмалана алышты. Түштүк Америка аймагында футбол абдан өнүккөнүн чемпионаттагы оюндар далилдеп жатат. Бул ирет да Аргентина же Бразилия дүйнө чемпиону болушу толук ыктымал.

Футбол күйөрмандары эми мындан ары сегизден бир финалга чыккан 16 команданын кызыктуу оюндарына күбө болушат.

26-июнда сегизден бир финалга чыккан командалардан Уругвай менен Түштүк Корея жана АКШ менен Гана өлкөлөрүнүн кызыктуу таймашуулары болмокчу.

Бишкектик футбол күйөрманы Мухит Кайбылдаевдиин пикиринде, Гана менен Уругвай өлкөлөрү жеңишке жетүүсү ыктымал.

27-июнда Аргентина менен Мексика жана Германия менен Англия беттешет.

28-июнда Бразилия менен Чили жана Голландия менен Слования сегизден бир финалда күч сынашат.

29-июнда Испания менен Португалия жана Парагвай менен Жапония өлкөлөрүнүн футболдук командалары мөрөй талашат.

Дүйнөлүк атак-даңкка бир нече ирет жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия – дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - ( 1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950)
XS
SM
MD
LG