Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 27-июнда Аргентина менен Мексика жана Германия менен Англия беттешет.

Футбол күйөрмандары сегизден бир финалга чыккан 16 команданын кызыктуу оюндарына күбө болуп жатышат.

26-июнда сегизден бир финалга чыккан командалардан Уругвай менен Түштүк Корея жана АКШ менен Гана өлкөлөрүнүн кызыктуу таймашуулары болду.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын футбол боюнча машыктыруучу Ниязбек Алиевдин пикиринде, Гана менен Уругвай өлкөлөрү жеңишке жетип, чейрек финалда ойноого укук алышты.

26-июнда Уругвай менен Түштүк Кореянын беттешүүсүндө эки атаандаш кызыктуу оюн көрсөтүштү. Бирок Уругвай командасы удаа-удаа чабуулга өтүп, чеберчилигин, жакшы даярдыгын айгинеледи.

Натыйжада 8-мүнөттө эле Луис Суарес эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү. Беттешүүнүн 68-мүнөтүндө гана түштүк кореялык чабуулчу Ли Чхун Ен эсепти теңдөөгө жетишти. Оюндун 80-мүнөтүндө уругвайлык Луис Суарес да айырмаланып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай өлкөсүнө чейрек финалда ойноого жол ачып берди.

26-июнда Африка континентинин намысын коргоп жаткан Гана өлкөсүнүн футболчулары Америка Кошмо Штаттарынын командасынан артыкчылык кылуу менен кооптуу жагдайды жаратып, 2:1 эсебинде америкалыктарды жеңип, алгачкы ирет чейрек финалда ойноого укук алышты.

27-июнда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина менен Мексика жана дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия менен Англия беттешет.

Кыргызстандын майып спортчулар атайын олимпиадалык комитетинин жетекчиси Канат Мамбеталиевдин болжолунда, 27-июнда сегизден бир финалга чыккан Аргентина менен Германия жеңишке жетишип, баш байгеге талапкер болушу ыктымал.

- Аргентина, Бразилия,Чили, Мексика командалары айырмаланып, сегизден бир финалга чыккандыгы Түштүк Америка аймагында футбол абдан өнүккөнүн чемпионаттагы алардын оюндары далилдеп жатат. Бул ирет да Аргентина же Бразилия дүйнө чемпиону болушу толук ыктымал.

“Эркин тоо” гезитинин спорттук баяндамачысы Асан Жунусовдун пикиринде, 27-июндагы беттешүүлөрдө Германия менен Аргентина өлкөлөрү жеңишке жетип, чейрек финалга чыгышат.

28-июнда Бразилия менен Чили жана Голландия менен Слования сегизден бир финалда күч сынашат.

29-июнда Испания менен Португалия жана Парагвай менен Жапония өлкөлөрүнүн футболдук командалары мөрөй талашат.

Германия өлкөсү 1954, 1974, 1990-жылдары дүйнө чемпиондугун үч ирет жеңип алууга жетишкен.

Аргентина өлкөсүнүн футболдук командасы 1978 жана 1986-жылдары дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болгон.

1930-жылы футбол тарыхында алгачкы чемпион болгон Уругвайдын командасы 1950-жылы да алтын байгелүү болгон.
XS
SM
MD
LG