Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Чейрек финалда ойной турган командалар иргелди


Парагвай менен Жапония беттешүүсүнөн бир көрүнүш.
Парагвай менен Жапония беттешүүсүнөн бир көрүнүш.

Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 29-июнда чейрек финалда күч сынаша турган бардык команда аныкталды.

29-июнда Испания менен Португалия жана Парагвай менен Жапония өлкөлөрүнүн футболдук командалары мөрөй талашты. Бул оюнда Испания менен Португалия өлкөлөрүнүн командалары удаа-удаа чабуулга өтүп, чеберчилигин, жакшы даярдыгын айгинеледи.

Натыйжада 63-мүнөттө испаниялык чабуулчу Давид Вилья эле эсепти ачып, Европа чемпиону Испания командасын алдыга сүрөдү. Экинчи таймда да Португалия командасы курч чабуулдарга өтүп, эсепти теңдөөгө аракет кылышканынан майнап чыкпады. Беттешүүдө Испания 1:0 эсебинде утуп алуу менен чейрек финалда ойноого укук алышты.

Азия континентинен айырмаланып, сегизден бир финалга чыккан Жапон өлкөсүнүн футболчулары деңгээли өсүп, чеберчилиги жогорулап калганын айгинеледи.

29-июнда Парагвай менен Жапон командалары тең ата ойноп, негизги жана кошумча убакыттарда да эсепти ачалбай, 0:0 болуп, акыры оюндун эрежеси боюнча 11-метрден жекеме жеке топ тебишти. Мында парагвайлыктар тепкен беш топ тең жапондордун дарбазасынан орун алды. Бирок жапондук Юити Комано тепкен топ Парагвайдын дарбазасынын үстүнкү мамысына тийип, кирбей калды.

Ошентип, чейрек финалга Азиядан бир да команда чыкпай калды.

Дүйнө чемпионатынын беттешүүлөрү тууралуу бишкектик спорт күйөрманы, белгилүү журналист Султан Жумагулов “Азаттыкка” өз оюн билдирди.

-Испания жакшы оюн көрсөтүп, Европа чемпиону экенин далилдей алды. Азиядан Жапониянын деңгээли өсүп, дүйнөнүн мыкты командаларына кошулуп калды. Бразилия башкаларды теңсинбей ойночу эле. Аргентинанын да чеберчилиги жогору экени айгине болуп, баш байгеге талапкер болуусу ыктымал.

Чейрек финалда 2-июлда Голландия менен Бразилия жана Уругвай менен Гана мөрөй талашканы турат.

3-июлда Аргентина менен Германия жана Парагвай менен Испания өлкөлөрүнүн командалары чейрек финалда күч сынашмакчы.

“Шоро” фирмасынын жетекчиси, футбол күйөрманы Табылды Эгембердиевдин пикиринде, бул дүйнөлүк таймашууда мыкты делген Европа жана Азиянын командалары сүрүлүп калып, үмүттү актай алышпады.

Сегизден бир финалда байгелүү орунга жетип, чейрек финалга чыккан командалардан Бразилия алтынчы ирет чемпион болоорун “Дордой” спорт клубунун жетекчисинин орун басары Шаршен Касенов “Азаттыкка” билдирди.

Футбол тарыхында дүйнө чемпиондугун беш ирет жеңип, лидерликти ээлеген Бразилия 1958, 1962, 1970, 1994, 2002-жылдары дүйнөлүк алтын байгенин ээси болгон.

Германия 1954, 1974, 1990-жылдары дүйнө чемпиондугун үч ирет жеңип алууга жетишкен.

Аргентинанын футболдук командасы 1978 жана 1986-жылдары дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болгон.

1930-жылы футбол тарыхында алгачкы чемпион болгон Уругвайдын командасы 1950-жылы да алтын байгелүү болушкан.
XS
SM
MD
LG