Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Финалда Голландия менен Испания күч сынашат


Испаниянын машыктыруучусу Висенте Дел Боск

Испаниянын машыктыруучусу Висенте Дел Боск

7-июлда экинчи жарым финалда Германия менен Испания беттешти. Испания жеңип алып, баш байгеге талапкер болду.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын оюндарын кызыгуу менен көрүп жатышат.

7-июлда жарым финалда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия менен Испания өлкөлөрүнүн мөрөй талашты. Биринчи таймда эки команда тең канчалык аракет кылышканы менен эсепти ачалышкан жок.

Экинчи таймда же беттешүүнүн 73-мүнөтүндө испаниялык коргоочу Карлес Пуйол бурчтан тебилген топту башы менен сүзүп, эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү. Мөрөй талашуунун акыркы мүнөттөрүндө германиялыктар эсепти өзгөртүүгө абдан аракет кылышты. Ошентип жарым финалда Испания 1:0 эсебинде Германиянын командасын утуп алуу менен баш байгеге талапкердин экинчиси болуп, финалга чыкты.

Кыргызстандык айрым күйөрмандар жарым финалда Германия утат дешсе, айрымдары Испанияга артыкчылык берип турушкан.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, жарым финалда Германияны жеңип алган Испания финалда Голландияны да утушу толук ыктымал.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун божомолунда, Голландия командасы баш байгеге талапкердин бири катары чеберчилигин көрсөтүү менен финалда Испанияны жеңип алышы мүмкүн.

“Ала Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Эркинбек Аманалиев “Учурда Испания табына келип турат, Германияны утуп алууга кудурети жетет” деп “Азаттыкка” билдирген божомолу туура чыкты.

10-июлда дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн Уругвай менен Германия өлкөлөрүнүн футболчулары мөрөй талашууга чыгат. Бул беттешүүнү Кыргызтелерадио корпорациясы түнкү саат он экиден 30 мүнөт өткөндө түз алып көрсөтөт. Эки команданын кайсынысы жеңсе, үчүнчү орундун ээси болушат.

Футбол боюнча дүйнө чемпиону деген наам үчүн 1-июлда Испания менен Голландия өлкөлөрүнүн тандалган командалары күч сынашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG