Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

16-июль: Тарых барактары


Билл Гейтс
Билл Гейтс

Пишпек областтык элге билим берүү бөлүмүндө орун алган жосунсуз жорук туурасындагы маалымат 1925-жылдын жылдын бул күндөрү жалпы коомчулукка маалым болгон. Областтык элге билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери «улуттук азчылыктын» кызыкчылыгын коргойбуз деген ураанга жамынып, Кыргызстан аймагынан акча каражат топтоого киришкен. Акыры алдамчыл аракет прокуратура жана күч органдарынын билингенден кийин тыйылып, аларга каршы кылмыш иши козголгон.

Кыргызстан КП (б) II съезди 1938-жылдын бул күнү ишин жыйынтыктаган. Съездге Кыргызстандагы 3448 Коммунисттик партия мүчөлөрүнүн 250 делегаты чечүүчү добуш менен 2521 партия мүчөлүгүнө талапкерлерден 87 делегат кеңешчи добуш менен катышкан. Партия жыйынында Кыргызстан Коммунисттик партиясынын отчеттук билдирүүсү угулуп, анын тегерегинде талкуу жүргөн. Кыргызстан компартиясынын тарыхында экинчи съезд он үч күнгө уланган эң узак жыйын катары тарыхта калган.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши 1939-жылдын бул күнү «Красная звезда», т. а. азыркы Панфилов сейил багында Маданият сарайын куруу туурасында чечим чыгарган. Маданият сарайынын долбоору Кыргызстандагы эң ири курулуш катары эсептелинип, анын долбоорун архитектор Г. Сутягин даярдаган. Маданият сарайынын долбоору ар бири 550 жана 200 орундук эки залга бөлүнүп, ал жерде окуу бөлмөсү, гимнастикалык, бий залдары менен кошо бассейн орун алмак. Изги саамалыктын жүзөгө ашырылышына бир жарым ай аралыгында башталган II дүйнөлүк согуш тоскоол болуп, келечеги кең долбоор ишке ашпай калган.

Союздук Конституцияны өзгөртүү демилгеси Н. С. Хрущевдун башкаруу мезгилинде жасалып, кыргызстандык бийлик өкүлдөрү 1964-жылдын 16-июлунда Москва Кремлинде өткөн жыйынга катышкан. Конституциялык жыйынды Н. С. Хрущев өзү жетектеп, анда Баш мыйзамга жалпы референдум өткөрүү жобосу менен союздук республикалардын укугун жогорулатуу маселелери каралган. Бирок Н. С. Хрущевдун бир канча ай өтпөй Коммунисттик партия биринчи катчылык кызматынан алынганына байланыштуу Конституцияны түзөтүү иштери жокко чыгарылган.

Ислам календарынын башталыш датасы катары 622-жылдын 16-июль күнү кабыл алынган.

Голланд деңиз саякатчысы Мартен де Фриздин экспедициясы 1643-жылдын 16-июль күнү Сахалин аралын ачкан.

Европалык биринчи банкноттор 1661-жылдын 16-июль күнү Стокгольм банкы тарабынан басылып чыгарылган.

Екатерина II 1795-жылдын 16-июль күнү Волынь губерниясын ачкан.

Жаш жеткинчек акын Александр Пушкиндин «К другу стихотворцу» аттуу биринчи ыры 1814-жылдын 16-июль күнү жарыяланган.

М. П. Лазарев менен Ф. Ф. Беллинсгаузен жетектеген «Восток» жана «Мирный» кемелери 1819-жылдын 16-июль күнү ааламды айланган саякатка чыгышкан.

“Ауди” компаниясы 1909-жылдын 16-июль күнү түптөлгөн.

Петрограддагы Июль көтөрүлүшү 1917-жылдын 16-июль күнү башталган.

АКШ Конгресси 1918-жылдын 16-июль күнү өлкүнүн телекоммуникациясына өкмөттүк көзөмөл киргизген.

Бенито Муссолини 1923-жылдын 16-июль күнү Италияда кумар оюндарына тыюу салган.

Германия бийлиги 1926-жылдын 16-июль күнү советтик «Броненосец Потёмкин» тасмага тыюу салган.

Карел-Фин ССРи 1956-жылдын 16-июль күнү Карель АССРи болуп өзгөртүлгөн.

Франция менен Италияны байланыштырган Монблан туннели 1965-жылдын 16-июль күнү ачылган.

СССР, Чыгыш Германия, Венгрия, Польша жана Болгария жетекчилери 1968-жылдын 16-июль күнү Чехословакияда жүргүзүлө баштаган реформаны кабыл алуу мүмкүн эместигин билдиришкен.

Кариб деңизинде бороонго кабылган Тур Хейердалдын «Ра» кемесиндеги экспедиция мүчөлөрү 1969-жылдын 16-июль күнү куткарылган.

Саддам Хуссейн 1979-жылдын 16-июль күнү Ирактын президентти болгон.

Азербайжан Элдик Фронту 1989-жылдын 16-июль күнү уюшулган.

Шумейкеров-Леви кометасы 1994-жылдын 16-июль күнү Юпитерге урунган.

Билл Гейтс жетектеген «Майкрософттун» акцияларынын баасы 1999-жылдын 16-июль күнү саат 11ден 41 мүнөт өткөндө 100 миллиард долларга жеткен.
XS
SM
MD
LG