Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

17-июль: Тарых барактары


Ушул үйдүн жер төлөсүндө 1918-жылдын 17-июлдун түнү Орус императору Николай II үй-бүлөсү атылган.
Ушул үйдүн жер төлөсүндө 1918-жылдын 17-июлдун түнү Орус императору Николай II үй-бүлөсү атылган.

Жетисуу областынын аскер губернатору Г. А. Колпаковский 1874-жылдын 17-июлунда Кокон ханы Худаярга жазган катында, хандыктан Токмок уездине качкан кыргыздарды кайрадан Анжыянга көчүрүү туурасында буйрук бергенин билдирген. Мунун алдында анжыяндык кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшүп, Худаяр хандын куугунтугунан качып Токмокко келишкен.

Кыргыз атчандар кавалериясы 1927-жылдын бул күнү экиге бөлүнүп машыгуу ишин башташкан. Биринчи топ Фрунзеден чыгып, Воронцовка айлын көздөй бет алса, экинчи топ Лебединовка айлында топтолушкан. Кыргыз атчандар кавалериясы бир эле убакта аскердик-тактикалык машыгуу менен бирге, Советтер союзунун коргоо мүмкүндүгүн чыңдоо боюнча үгүт иштерди жүргүзгөн. Мындан тышкары бирикме өлкө аймагында күч алган басмачылык кыймылга каршы аскердик даярдыкты арттырууну көздөгөн.

РСФСР Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 17-июлунда Түркстан Советтик мамлекетине жардам көрсөтүлөрүн кабарлаган телеграмма жөнөткөн. Телеграммага В. И. Ленин кол коюп, анда революциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу тамак-аш тартыштыгы чыгып, контрреволюциячыл күчтөр аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгы жана аны жоюу үчүн Совет бийлиги чукул чара көрө тургандыгы кабарланат.

Кыргыз обком ВКП (б)сы 1934-жылдын бул күнү Союздук ВКП (б) Борбордук Комитетинин июнь пленумунда каралган башталгыч жана орто окуу жайлары туурасындагы чечиминин аткарылыш маселесин талкуулаган. Мындан тышкары Кыргызстандагы оруп-жыюу компаниясы, эгин жана мал чарбасын өнүктүрүү сыяктуу көйгөйлүү проблемалардын түйүнү чечилген.

Орусияда 17-июль Этнографтардын күнү катары белгиленет. Бул күн этнограф жана саякатчы Н. Н. Миклухо-Маклайдын туулган күнүнө байланыштуу белгиленет.

Немис королу Генрих III 1048-жылдын 17-июлунда папа Бенедикт IX Римден кууп чыгып, анын ордуна Дамасий II койгон.

Жүз жылдык согуштун акыркы күнү француздар Кастильон үчүн салгылашта 1453-жылдын 17-июлунда англия колун талкалаган.

Иезуиттердин Вилно коллегиясы 1570-жылдын 17-июлунда уюшулуп, кийин ал университет болуп өзгөртүлгөн.

Словак авантюристи Мориц Бенёвский 1785-жылдын 17-июль күнү өзүн Мадагаскардын императорумун деп жар салып, Францияга согуш жарыялаган.

Француз революциясынын лидери Жан Поль Маратты өлтүргөн Шарлотта Корде 1793-жылдын 17-июлунда Парижде жазага тартылган.

«Панч» англис шакаба журналынын биринчи саны 1841-жылдын 17-июлунда жарык көргөн.

Европадагы биринчи темир жол 1854-жылдын 17-июлунда Австрияда ишке киришкен.

Петроград шаарында 1917-жылдын 17-июль күнү жумушчу жана аскерлердин тынч митингине каршы ок атылган.

Плехановдук «Единство» гезитинин 1917-жылдын 17-июль күнкү санына жарыяланган орус журналисти Г. Алексинскийдин макаласында Ленин менен большевиктер немис өкмөтү тарабынан каржылангандыгы кабарланат.

Ипатьевдердин үйүнүн жер төлөсүндө 1918-жылдын 17-июлдун түнү Орус императору Николай II үй-бүлөсү атылган.

Элдик Комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 17-июлунда «Москва шаарына көрүнүктүү адамдардын эстелигин орнотуу туурасында» токтом кабыл алган.

Мексикада президенттик шайлоодо жеңип чыккан саясатчы Альваро Обрегон расмий жөрөлгө маалында 1928-жылдын 17-июль күнү киши колдуу болгон.

1944-жылдын 17-июлунда Москва аркылуу 55 миң немистик аскер туткундары өткөн.

Калифорниядагы биринчи Диснейленд 1955-жылдын 17-июлунда ачылган.

«Ленинский комсомол» аттуу суу астында сүзүүчү атом кемеси 1962-жылдын 17-июлунда Түндүк уюлга жеткен.

Ооганстанда монархия кулатылып, 1973-жылдын 17-июлунда республикалык бийлик орногон.

«Союз» (СССР) жана «Аполлон» (АКШ) космос кемелери 1975-жылдын 17-июлунда космосто биригишкен.

Никарагуа диктатору Анастасио Сомоса 1979-жылдын 17-июлунда АКШга качкан.

Ирак президенти Саддам Хусейн 1979-жылдын 17-июлунда фельдмаршалл наамын алган.

Европа биримдиги 1995-жылдын 17-июль күнү Орусия менен соода келишимин түзгөн.

Кытай археологдору 2002-жылдын 17-июль күнү Ганьсу провинциясынын түндүк-батышында эбегейсиз үңкүр системасын табышкан. Үңкүр 50 километр чамалуу узундуккка созулуп, анын түбүнө 5 кудук казылган.
XS
SM
MD
LG