Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

19-июль: Тарых барактары


Владимир Путин 2000-жылдын 19-июлунда эки күндүк сапары менен Кореяга барган.
Владимир Путин 2000-жылдын 19-июлунда эки күндүк сапары менен Кореяга барган.

Орусия империясы 1914-жылдын 19-июль күнү 1-дүйнөлүк согушка кирген. Согуш кесепети империянын курамындагы колониалдык ээликтерге да тийип, алардын чарбасы согуш үчүн иштеп, өндүрүлгөн продукция жана салык согушка кетип турган. Анын натыйжасында калктын турмушу оордоп, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанда 1916-жылы боштондук үчүн күрөш оту тутанган.

Кыргызстандагы жаңы сегизинчи шаар 1938-жылдын бул күнү негизделген. Өкмөт чечимине ылайык, мурдагы жумушчулар кыштагы болгон Кызыл-Кыя шаар макамын алып, мында шаар турмушуна шайкеш коомдук-маданий мекемелер курула баштаган.

Москва шаарында 1980-жылдын бул күнү XXII Жайкы олимпиада чоң салтанат менен ачылган. Ошол кездеги кансыз согуш айынан Советтер Союзунда өткөн олимпиадага айрым Батыш өлкөлөрү катышкан эмес. Анткен менен Москва олимпиадасында кыргызстандык спортчулар эбегейсиз ийгиликке жетишкен. Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Мелентьев, Сатымкул Жуманазаров, Александр Блинов, Николай Чернецкий сыяктуу спортчулардын ысымдары Кыргызстандын спорт тарыхында алтын тамга менен жазылып калды.

Кыргызстанда биринчи жолу милициянын жогорку окуу жайы 1991-жылдын 19-июлунда уюшулган. Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык, СССР ИИМ адистешкен орто мектеби Ички иштер министрлигине караштуу Милициянын жогорку мектеби болуп кайра түзүлгөн.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2003-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасына жаңы элчи дайындалганын билдирди. Жаңы элчи философия илимдеринин доктору Стивен Янг экени жана ал ыйгарым укук кызматын август айынан тарта аткара тургандыгы маалым болду. Кыргызстандын кийинки саясий өнүгүүсү көрсөткөндөй С. Янгдын ысмы жана саясий ишмердүүлүгү өлкө тарыхын өзгөрткөн олуттуу роль ойногон.

Омейяд армиясы менен вестготтор ортосундагы чечүүчү кармаш 711-жылдын 19-июлунда Гвадалете кашында өткөн. Салгылашта омейяддар жеңишке жетип, вестготтордун мамлекети кулап, арабдар Пиреней жарым аралын басып алууга жетишкен.

Италиялык мастер Антон Фрязин 1485-жылдын 19-июлунда Москва дарыясындагы Москва Кремлинин эски мунарасы Тайницкийди түптөөгө киришкен.

Карлсбургск келишимине ылайык, 1551-жылдын 19-июлунда Габсбургдардын Венгрия менен Трансильванияны башкаруу укугу бекитилген.

Коомчулукка белгисиз депутат Максимилиан Робеспьер (Француз революциясынын болочок лидери) 1789-жылдын 19-июлунда биринчи революционерлерди колдоп сөз сүйлөгөн.

Айтылуу Розетт ташы 1799-жылдын 19-июлунда табылып, ал табылганын жардамы менен Жан-Франсуа Шампольон байыркы египет жазуусун окуган.

Алясканы өздөштүрүү үчүн Иркутск шаарында 1799-жылдын 19-июлунда орус-америкалык компания курулган.

АКШдагы айтылуу «Дюпон де Немур» химиялык концерни 1802-жылдын 19-июлунда негизделген. Компания Дюпон аттуу жаш француз эмигранты тарабынан ачылып, кийин ал Кошмо Штаттардын экономикасына эле эмес, саясий турмушуна зор таасир тийгизген өнөр жайга айланган.

Англис деңиз саякатчысы Мэттью Флайндерз 1814-жылдын 19-июль күнү Жашыл континентти Австралия деп атаган.

Франк-прусс согушу 1870-жылдын 19-июлунда башталган.

Британия Колумбиясы 1871-жылдын 19-июлунда Канаданын провинциясына айланган.

Париж метросу 1900-жылдын 19-июлунда ачылган. Курулушка Фулгенс Бенвеню жетекчилик жасап, метро станциялары архитектор Гектор Гимардын долбооруна жараша жасалган.

Биринчи советтик Конституция 1918-жылдын 19-июлунда колдонула баштаган.

Советтер Союзундагы сабатсыздыкты жоюу боюнча чукул комиссия 1920-жылдын 19-июлунда уюшулган.

«Красный спорт» (кийин «Советский спорт») аттуу гезиттин биринчи саны 1924-жылдын 19-июлунда жарык көргөн.

Екатеринослав 1926-жылдын 19-июлунда Днепропетровск болуп өзгөртүлгөн.

Кытай мамлекети 1928-жылдын 19-июль күнү европалык өлкөлөр менен мурда түзүлгөн «акыйкатсыз» келишимдерди жокко чыгарган.

Финляндия өкмөтү 1930-жылдын 19-июлунда фин компартия лидерлерин Советтер Союзуна депортациялаган.

СССР Илимдер Академиясынын Хибин тоо станциясынын ачылыш салтанаты 1930-жылдын 19-июлунда өткөн.

Испан коммунисттеринин лидери Долорес Ибаррури 1936-жылдын 19-июлунда радио аркылуу сөз сүйлөп, «Но пасаран!» («Алар барышпайт!») деген чакырык таштаган.

Уинстон Черчилль айсбергдерди сүзүүчү аба база катары колдонуу сунушун 1943-жылдын 19-июлунда айткан.

Лаос 1946-жылдын 19-июлунда Франциядан эгемендик алган.

АКШ президенти Гарри Трумэн 1949-жылдын 19-июль күнү “Советтер Союзу өзүнөн өзү жок болот” деп билдирген.

Москвадагы XXII Жайкы олимпиадалык оюндар 1980-жылдын 19-июлунда башталган.

Орусия президенти Владимир Путин 2000-жылдын 19-июлунда эки күндүк сапары менен Кореяга барган.
XS
SM
MD
LG