Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

23-июль: Тарых барактары


Немис дарыгери Роберт Кох 1901-жылдын 23-июлунда кара тумоону келемиштер ташыйт деп билдирген.

Немис дарыгери Роберт Кох 1901-жылдын 23-июлунда кара тумоону келемиштер ташыйт деп билдирген.

Сибирь соода-өнөр жайы чыгарган календарь 1899-жылдын бул күндөрү китеп күйөрмандарынын колуна тийген. Томск шаарында жарык көргөн 735 барактык китепте Кыргызстан аймагында орун алган Пишпек, Пржевальск жана Ош шаарлары туурасында маалымат келтирилип, Түркстан чөлкөмүнүн Сибирь менен тарыхый, экономикалык байланышы бар экендиги кабарланат.

СССР Элдик комисарлар кеңешине караштуу байланыш мекемесинин 1937-жылдын бул күнкү чечимине ылайык, Фрунзе-Москва-Фрунзе темир жол түйүнүн тейлөө үчүн бир жумшак вагон бөлүнгөн. Жумшак вагонго билет «жооптуу кызматкерлер» үчүн гана сатылган. Ал эми карапайым калк жөнөкөй вагондорго билет алууга чама-чарпы жеткен эмес.

Буга чейин Советтер Союзунда, анын ичинде Фрунзе шаарында ишке ашырылып келген балдар менен кыздарды бөлүп окутуу ыкмасы 1954-жылдын 23-июлунда токтотулган. И. Сталиндин бийлигинин акыркы жылдары орто мектептерде балдар жана кыздар өз-өзүнчө бөлүп окутулуп, алардын ортосундагы айырмачылык билим деңгээлинде белгилене баштаган. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, жаңылыш усул токтотулгандан кийин, Фрунзе шаарындагы мектептерде балдар жана кыздар үчүн окуу жай деген аталыш жоюлган.

Фрунзе областына караштуу Чоң Кемин өрөөнүндөгү чарбалар 1957-жылдын бул күндөрү апийим жыйнооого киришкен. Күч органдарынын билдирүүсүнө караганда, апийим жыйноонун биринчи күндөрү эле адамдар баңги затты уурдай баштаган.

Фрунзе шаардык Коммунисттик партия комитети менен Кыргызстандын ленинчил Коммунисттик жаштар союзу 1979-жылдын 23-июлунда борбор шаардын Эмен сейил багындагы Ленин эстелигинин алдына 400 мектеп бүтүрүүчүлөрүн чогултушкан. «Өз эркине ылайык күчтөп жыйналган» жаштар бир добуштан куруучу боло тургандыгын билдиришкен. Мектеп бүтүрүүчүлөрү колдоруна «Эффективдүүлүк жана сапат беш жылдыгына жаштардын жигердүү салымы!», «Шаардагы курулушка комсомолдук камкордук!» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп, партия жетекчилигине ынанган эркин билдиришкен.

Киев князы Святослав менен Византия императору Иоанн Цимисхий 971-жылдын 23-июль күнү Доростолдо эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташуу туурасындагы тынчтык келишимге жетишкен.

Биринчи орус элчилиги 1687-жылдын 23-июлунда Парижге келген.

Прут келишимине 1711-жылдын 23-июлунда кол коюлуп, анын жыйынтыгына жараша Орусия Осмон империясына Азовду кайтарып, Таганрог чебин бузууга милдет алган.

Новороссийск университети 1864-жылдын 23-июлунда негизделген.

Орусия империясы 1867-жылдын 23-июлунда Түркестан генерал-губернатордугун курган.

Немис дарыгери Роберт Кох 1901-жылдын 23-июлунда кара тумоону келемиштер ташыйт деп билдирген.

Осетин тилиндеги биринчи «Ирон газет» басылмасы 1906-жылдын 23-июлунда жарык көргөн.

Омск өкмөтү 1918-жылдын 23-июлунда большевиктерге баш ийбеген Сибирдин эгемендигин жар салган.

Москва шаарында 1930-жылдын 23-июлунда Москва авиациялык институту ачылган.

“Союз-37” космос кемеси 1980-жылдын 23-июлунда учурулган. Ошентип Азиядан биринчи жолу вьетнамдык космонавт Фам Туан космос мейкиндигин өздөштүргөн.

«Тополь» ракетасы 1985-жылдын 23-июлунда согуштук күзөткө коюлган.
XS
SM
MD
LG