Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

25-июль: Тарых барактары


Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк I фестивалы 1947-жылдын 25-июль күнү Прага шаарында ачылган.
Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк I фестивалы 1947-жылдын 25-июль күнү Прага шаарында ачылган.

Сибирь корпусунун командиринин Кокон хандыгындагы саясий абал туурасындагы билдирүүсүн, генерал-адъютант Д. А. Милютин падышага 1861-жылдын 25-июлунда кабарланды деген резолюция койгон. Билдирүүдө Кокон ханы Алымбек датканы Узун агач салгылашуусунда согуш талаасынан качкандыгын айыптап, аны өлүм жазасына тарткандыгы кабарланат. Алымбек датка хандын өкүмүнө каршы чыгып, кыргыз туугандарына качкандыгы жана ага кыргыздардын сол канат уруулары менен бирге, сарыбагыштардын манабы Үмөтаалы, Төрөгелди, Адилдер кошулганы айтылат.

Кокон хандыгына каршы 1874-жылдын июль айында Чаткалда башталган кыргыздардын көтөрүлүшү хандыкты сестентпей койгон эмес. Худаяр хан Момун Шамурзаковдун чаткалдык кыргыздарды топтоп кубаттуу күчкө айлангандыгынан кооптонуп, ушул жылдын 25-июлунда Түркстан генерал-губернатордугуна кайрылган. Худаярдын кайрылуусунда чаткалдык кыргыздардын көтөрүлүшү хандык жана аймак бейпилдиги үчүн зыян алып келери айтылып, ал орус бийлигинен кыргыздарга каршы согушта жардам берүүсүн өтүнгөн.

Падышалык бийликтин аскерге чакыруу саясатына каршы козголгон Ош уездине караштуу Үч-Коргон айылынын тургундары 1916-жылдын бул күнү байлардын дүкөндөрүн талап-тоноп, башаламандык орун алган. Коогалаңды басуу үчүн Оштон чакырылган жазалоочу аскер менен кагылышта үч адам курман болуп, 15 киши камакка алынган.

Падышалык бийликтин 1916-жылкы аскерге алуу жардыгы өзгөндүк калктын кескин нааразычылыгын жараткан. Аскердик чакырыкка жаалы келген калк 25-июлда колдоруна кетмен, күрөк алып, бийликтен аскерге чакырылгандардын тизмесин берүүнү талап кылышкан. Коогалаң чыккан жерге келген 15 полицай менен жазалоочу отряд аларга каршы курал колдонуп, ачык каршылашууга даабай, волосттук башчынын кеңсесине бекинүүгө мажбур болгон.

«Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары туурасында» мыйзамы 2002-жылдын бул күнү кабыл алынган.

Португалия графы Альфонс I 1139-жылдын 25-июлунда өзүн падыша деп жар салып, анын натыйжасында Португалия королдукка айланган.

Император Михаил VIII Палеолог 1261-жылдын 25-июлунда каршылыгы жок эле Константинополду басып алган. Ошентип мында грек көзөмөлү орногон.

Каракас шаары 1567-жылдын 25-июлунда негизделген.

Падыша Иван Грозный 1570-жылдын 25-июлунда дээрлик бардык кеңешчилерин эл алдында жазага тарткан.

Жапонияда христиан динине 1587-жылдын 25-июлунда тыюу салынып, иезуиттерге 20 күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берилген.

Генрих Наваррский 1593-жылдын 25-июлунда калк алдында католик ишенимин кабыл алган.

Англис ойлоп табуучусу Жорж Стивенсон 1814-жылдын 25-июлунда биринчи жолу паровозду сынаган.

Беш декабрист: П. И. Пестель, С. И. Муравьёв-Апостол, М. П. Бестужев-Рюмин, К. Ф. Рылеев, П. Г. Каховский 1826-жылдын 25-июлунда жазага тартылган.

Карель эмгек коммунасы 1923-жылдын 25-июлунда РСФСР курамындагы Карелия автономиялык республикасы аталган.

ВКП (б) Борбордук комитети 1930-жылдын 25-июлунда баштапкы билим берүү туурасында токтом чыгарган.

Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк I фестивалы 1947-жылдын 25-июль күнү Прага шаарында ачылган.

АКШ Конгресси 1952-жылдын 25-июлунда Пуэрто-Рикону «өз эрки менен кошулган мамлекет» деп жарыялаган.

Тунисте монархия 1957-жылдын 25-июлунда жоюлган.

1984-жылдын 25-июлунда биринчи жолу аялзат өкүлү ачык космоско чыккан. Светлана Евгеньевна Савицкая «Салют-7» орбиталдык космостук станциядан ачык космосто болуп, анын таасирин сынаган.
XS
SM
MD
LG