Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Түркстан аскер округунун командачысы К. П. Кауфман 1876-жылдын 26-июлунда орус бийлигине каршы турган алайлык кыргыздарды баш ийдирүү туурасында буйрук чыгарган. Командачынын буйругуна ылайык, генерал-майор М. Д. Скобелевге Турук жана Шаты жергесине бекинген Абдылдабек, Сулайман удайчилердин жактоочуларын талкалоо милдети жүктөлгөн. К. П. Кауфмандын буйругунда Анжыян, Гүлчө, Ош жергесиндеги саясий кырдаал жана кыргыз урууларынын орус бийлигине жасаган мамилеси кабарланат.

Пишпек уездиндеги Сарыбагыш волостунда 1909-жылы өткөн шайлоого байланыштуу чыр түйүнү башталган. Чуулгандуу окуя туурасында ушул жылдын 26-июль күнкү уезддик бийлик тарабынан толтурулган протоколдо кеңири кабарланат. Протокол маалыматына караганда, Сарыбагыш болушун шайлоого 901 түтүн киргизилбей, анын натыйжасында шайлоо жыйынтыгы Шабдан Жантаевдердин пайдасына чечилген. Уезддик бийлик жүргүзгөн иликтөөгө шайлоо жүрүшүндө болгон кемчиликтер, бир тараптын экинчи тарапкан жасаган кыянатчылыктары каттого алынган.

Совет бийлиги үчүн 1919-жылдын жай айы оор мезгил катары тарыхта катталган. Синьцзяндан Пржевальскиге оогон Ак гвардия өкүлдөрү менен казак-орустардын тобуна каршы Кызыл аскерлер чечүүчү аракет көрүп башташкан. Ушул жылдын 26-июлунда Кызыл аскерлер Пржевальскинин чет жакасында козголоңчулардын тобун талкалоого киришкен.

Түп айылында 1919-жылдын 26-июлунда кулактардын козголоңу чыккан. Козголоңчулар Пржевальск шаарын курчоого алышып, жергиликтүү бийликтин ишине коркунуч жаратышкан. Кулактардын козголоңу кызыл аскерлердин күчү менен басылган.

Бедел ашуусундагы кыргыз-кытай чек арасын тактоого жиберилген поручик-картограф Ледомский 1911-жылдын 26-июль күнү Чоң Терек суусунун жогорку агымынан Кытайда жашаган черик уруу өкүлдөрүнүн куралдуу каршылыгына кабылганын жазган.

Сиффин салгылашында мусулман-сунниттер 657-жылдын 26-июлунда шииттерди талкалаган. Сунниттер найзанын учуна Курандын барактарын сайып алышып, чабуулга чыккандыктан шииттер ыйыкка каршы даап каршылык көрсөтө алышкан эмес.

Вырбиш капчыгайында 811-жылдын 26-июль күнү өткөн салгылашта византиялык император Никифор болгар колунан жеңилип, өкүмдар согуш талаасында каза тапкан. Болгар ханы Крум император Никифордун башынан шарап иче турган идиш жасаткан.

Гугеноттор менен өткөн салгылашта француз армиясынын башкы командачысы, маршал Арманд де Бирон 1592-жылдын 26-июлунда каза тапкан.

Якоб Делагарди жетектеген швед аскерлери 1611-жылдын 26-июль күнү Новгороду басып алышкан. Новгороддук боярлар швед королунун уулун орус тагына алып келүүгө макулдугун билдиришип, шведдер менен келишимге кол коюшкан. Мындан тышкары алар Новгороду Орусиядан бөлүп, Швеция тарапта Польшага каршы согушууга убадалашкан.

Полтава согушунда жеңишке жетишкен Пётр I 1709-жылдын 26-июлунда шаан-шөкөт менен Киевге келген.

Орусиянын ханышасы Анна Иоанновна 1730-жылдын 26-июлунда Успенский чоң коңгуроосун куюу туурасында жардыкка кол койгон. Кийин ал «Падыша коңгуроо» («Царь-колокол») деп аталган.

Жаңы Жерге аттанган орус экспедициясын Фёдор Литке жетектеп, «Новая Земля» аталган кеме 1821-жылдын 26-июлунда Архангельскиден чыгып, али белгисиз аралдарды карай сапар тарткан.

Франция королу Карл X 1830-жылдын 26-июлунда төрт жардыкка кол койгон: биринчи жардыкка жараша сөз эркиндиги чектелип, цензура киргизилген; экинчи жардык боюнча депутаттар палатасы таратылган; үчүнчү жардыкта жаңы шайлоо мыйзамы каралган; төртүнчү жардык 1980-жылдын сентябрь айында шайлоо өткөрүү күнү белгиленген. Королдун жардыктары Июль революциясынын чыгышына түрткү болуп, Бурбон династиясын калыбына келтирүү үчүн жасаган аракетти жокко чыгарган.

Никольсбург шаарында Австрия менен Пруссия мамлекеттери ортосундагы прелиминардык тынчтык келишимге 1866-жылдын 26-июлунда кол коюлган.

Лима шаарында Перунун эки президенти 1872-жылдын 26-июль күнү өлтүрүлгөн. Жаңы мыйзам түрүндө шайланган президент Хосе Бальта менен бийликтен түшүрүлгөн узурпатор Томас Гутиеррес бир күндө көз жумган.

Варшава шаарында 1887-жылдын 26-июль күнү биринчи жолу эл аралык эсперанто тилиндеги окуу китеби жарык көргөн.

АКШ президенти Ховард Тафт 1911-жылдын 26-июлунда Канада менен мамиле куруу келишимине кол койгон.

Австрия өкмөтү 1913-жылдын 26-июлунда Богемия Конституциясын жокко чыгарган.

Англис полициясы 1914-жылдын 26-июлунда Дублиндеги ирланддык улутчулдардын демонстрациясына ок ачкан.

РСДРП (б) VI съезди 1917-жылдын 26-июлунда ишин баштаган.

Чили президенти Карлос Ибаньес 1931-жылдын 26-июлунда кызматынан кеткен.

НКВД жетекчиси Николай Ежов 1938-жылдын 26-июль күнү Кызыл Армия жана аскердик Деңиз Флотунун 138 командирин атуу туурасындагы рапортту И. В. Сталинге жолдогон. Сталин менен Молотов буга макулдугун беришкен.

Улуу Британиядагы 1945-жылдын 26-июлунда өткөн парламенттик шайлоодо Лейбористтик партия чечүүчү жеңишке жетишкен.

Айтылуу Новгороддук кайың жазуусу биринчи жолу 1951-жылдын 26-июль күнү Новгород шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казуу маалында табылган.

Фидель Кастро баштаган 165 кубалык революционерлер 1953-жылдын 26-июлунда Ориенте провинциясындагы Сантьяго-де-Куба шаарында орун алган Монкада аскер казармасына кол салышкан. Ыңкылапчылардын планы боюнча уктап жаткан казарманы басып алып, тартылып алынган курал-жаракты генерал Батистага каршы багыттоо болгон. Бирок чабуул ийгиликсиз аяктап, 27 жаштагы Фидель Кастро жана башка ыңкылапчылар колго түшкөн.

Египет президенти Гамал Абдел Насер 1956-жылдын 26-июлунда Суэц каналын улутташтыра тургандыгын билдирген.

Америкалык вице-президенттин Советтер Союзуна жасаган сапары маалында эки өлкөнүн жетекчилери 1959-жылдын 26-июль күнү Москва суусун бойлой баскан. Никита Хрущёв бейкапар эс алып жаткан адамдарга маашырканып, Ричард Никсонго «кандай дейсиң, ушул адамдар коммунизмдин кулдарына окшойбу?» деп улам-улам суроо салып турган экен.

Кытай Элдик Республикасында 1966-жылдын 26-июлунда бардык мектептер менен жогорку окуу жайлар жарым жылга жабылып, окуучулар менен студенттер «маданий революцияны» ишке ашырууга мобилизацияланган.

Куба мамлекети 1972-жылдын 26-июлунда СЭВге кошулган.

Израиль премьер-министри М. Бегин арабдар менен чатакты басуу үчүн АКШ президенти Ж. Картер сунуш кылган планды 1977-жылдын 26-июлунда кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттарында СПИДге чалдыккандарды кодулоого тыюу салган мыйзам 1990-жылдын 26-июлунда кабыл алынган.

Азербайжан манаты 1993-жылдын 26-июлунда өлкөнүн улуттук валютасына айланган.

Европа биримдигине кирген 15 өлкө өкүлдөрү кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында Европол уюмун куруу туурасындагы Конвенцияга 1995-жылдын 26-июлунда кол коюшкан.
XS
SM
MD
LG